Сүйүүнүн күчү
Ай сездим, жылдыз сездим бийиктеги,
Өзүмөн артык көрүп сүйүп сени.
Жүрөксүз жашаганда балким азыр,
Жек көрүп келбес эле күйүт деми….
⭐⭐⭐⭐⭐
Төбөгө так түшкөндөй тарып заман,
Өзүң жок бүгүн жалгыз арып басам.
Өзгөрүп өткөнүмү унутам деп,
Өкүнбөй койдум мына жаңы кадам….
⭐⭐⭐⭐⭐
Сүйүүмүн сырдуу күчү өзүм менен,
Башканы сүйүп эртең көнүп кетем.
Багыма бак тикпеген алсыздарга,
Коротпойм сүйүүмдү ал көңүл экен.
⭐⭐⭐⭐⭐
Жүрөктөн сүйүп, күйүп келдим далай,
Бербесең берекелүү бакыт таалай.
Өзүмү өзүм сүйүп бийик жашайм,
Өзүндөй жактырганды жүрөм баалай….
⭐⭐⭐⭐⭐
Өзүмү өзүм сүйүп күлүп жашайм,
Өзүндөй жактырганды күтөм талбай…..
Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району