KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Табышмак

Бир жол көрдүм,
Чыкпайт башың бакыттан.
Бүт пенделер,
Жетүү үчүн ашыккан.
Аттиң дешке,
Акылуумун, акым бар,
Теңсиз дүйнө,
Адамдар аз дасыккан.

Бир нур көрдүм,
Күн жаркырап төбөңөн,
Жыгылганда,
Өлөк болот жөлөгөн.
Чаңкап турат,
Суудай керек адамга,
Табышмак ал,
Тапсаң бакыт бөлөгөн….

Бир жол көрдүм,
Бүтпөс түпсүз арзуулар,
Жооп берет,
Күнөө үйгөн жандуулар.
Өксүп, өксүп,
Кала берем ушу тап,
Сейрек байкайм,
Сапатсыздан сандуулар…

Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району

09:11
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...