KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Байыркы кыргыз жеринде

Ынтымак болсо элимде,
Бейпилдик болот жеримде.
Ынтымак менен ырыс да,
Адамдын болот дээринде

Бөлүнбө кыргыз бир боорум,
Бөлүнсөң ооруйт оң колум.
Бөлүнүп жүрүп бытырап,
Азапты тартты сол колум.

Ынтымак барда баатырбыз,
Ынтымак качса каапырбыз.
Ынтымакта жашасак.
Ачылат дайым жарпыбыз.

Түндүк менен Түштүктүн,
Айрымасы жок экен.
Түндүк болсо сол колум,
Түштүк болот оң колум.

Бишкек шаары борборум,
Ошум болсо оң колум.
Чүйүм болсо жүрөгүм,
Ысык-Көлүм түнөгүм.

Бириккин элим, садагам,
Душмандар чыкпайт арадан.
Ынтымак качып чыр болсо,
Душманың келет талаадан.

Ынтымак болсо элимде.
Кут даарыйт асыл жеримде.
Бейпилдик элде кут болсун,
Байыркы кыргыз жеринде.

Калмамат Турдубаев

Өзгөн району,
Арагөл айылы,
2016жыл 9апрель
Ишемби, саат 15-44

Автору: Калмамат Турдубаев

08:45
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...