KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Айсулуу Тыныбековага арналат!

АЛТЫНДАН МЕДАЛЬ ТАГЫЛАТ

Чындыкты айтсам алыстан,
Калпыстык болду калыстан.
Бутуңду тоссоң балбанга,
Чыгасың өзүң жарыштан.

Айсулуу-кыргыз балбаны,
Анык ко жеңип алганы.
Таңдантып турат дүйнөнү
Жеңишке гана барганы.

Чындыкты танса көргөнү,
Ошондо спорт өлгөнү.
Калысың турса мылжыңдап,
Болжойсуң кантип төлгөнү,.

Балбанды кантип чаласың,
Намысты кантип аласың?
Чындыгың турса маңдайда,
Алтынды кантип тагасың?

Баркталып балбан тарыхта,
Алтындан аты жазылат.
Унутта калбай түбөлүк,
Алтындан медаль тагылат.

Автору: Калмамат Турдубаев, Мырза Аке айылы

08:08
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...