KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

“ЖЫТ”

1-бет.

Асыл классташтарымдын жана досторумдун 60 жылдык юбилейине арнаймын!

ЖЫТ

Повесть

Болгон окуялар

Башы

Унутулган жыт

…. чочуп кеттим. Тээ илгерки бала кездеги мен билген жыт, мурдумдун каңылжырын жарып, мени айласыздан селт эттирди.

Эки жагымды чочулай карадым.

Тооба, аны көрдүм. Бул ошол. Дал өзү. Мындан элүү жыл өтсө да эч өзгөрүлбөптүр. Жаш бойдон. Мына, ошол мезгилдеги тестиер балдар карып кеттик. Элүүдөн нечак аштык. А анын жаштыгы ошол бойдон сакталыптыр. Өзгөн базарында жай, каалгып жерге түшүп келе жаткан жалбырак сымал, басып бара жатат. Мына сага дагы бир сыр…. Деги бул сырлар качан ачылат. Мен бир гана, тээ бала кезде бир өзүмө гана таандык болгон, эч бир жан билбеген, балалык доордун көз карашы менен аңдаган окуяга, өзүмдүн жомок дүйнөмө сүңгүдүм.Ооба, бул менин ажайып дүйнөм…

Ал ошол эле

…… кыялга азгырылып, тээ илгерки окуяга сүңгүп кирип, аны жоготуп алдым. Жума күн болгондуктан, Өзгөндүн базарында эл быкпырдай кайнайт. Аны издей баштадым. Жок. Эч жерде көрүнбөйт.

Дагы жанагы жыт. Дагы бүт денемди коркуу сезими бийледи. Бул жыт келген сайын корко баштаймын. Коркпой анан. Ким болсо да коркот да. Мындай жыт бир гана ошондо бар. Жыт азайа баштады. Аны таптым, тээ алыста жай, күзгү сапырылган, сары жалбырак сымал, жерге каалгып түшүп келе жаткандай, басып бара жатат. Басышы укмуш, адам арбалат, адам баласынын тую сезими да арбалат. Бу, көрүнүштү сөз менен сүрөттөш өтө кыйын. Ал ошол эле.

Э Ж Е К Е

…. анда беш алты жаштамын. Тестиер курагым. Айлана чөйрөгө балалык аруу сезим-туйгу менен аңдап жаткан мезгилим эле.

Айылга, мектепке жаңы эжеке келди. Жап жаш. Ай чырайы келишкен. Элдин баары эле ал эжеке жөнүндө сөз кылышып жатышты. Чакан айылда бир жаңылык, бир канча мезгил айтылат эмеспи.

Абиттер болуп Бектемирге жөнөдүк. Бектемир керемет тоо. Анда бардык нерсе бар. Уларлар сайрашат. Туркүн куштар безеленип ырдашат. Ышкын жана кымыздыктар укмуш көп. Бах, чиркин тим эле солкулдашат! Алма, алчалардын туркүн түсү жер жайнайт. Балдар жөнөдүк кымыздыкка. Бака Ташка жетип эс алдык. Чоң бакага окшош таш. Аянтына 20-бала сыят.

Айыл да артта калды. Биз ойноп отурдук. Күлүп. Ар ким ар нерсени сүйлөйт. – Карагылачы,-деп калды Абит.

– Кана? Эмне? Ал ким?

– Тынч. Чурулдабагыла,-деди Абит каадалуу кишиче.

Биз тынчый түштүк.

Жай, жерге түшуп келе жаткан, сары жалбырак сымал, каалгып басып келе жатат. Ай чырайы келишкен, сулуу кыз. Отун сүдүрөп алыптыр. Биз бул кыз ким экенин дароо эле билдик. Бар мүчөсү келишкен. Дүйнөдө мындан өткөн сулуу кыз жок болсо керек.-Саламатсызбы эжеке,- дедик бир добуштан.

А эжеке бизди көрбөй калган сымал, алик албай, алмак турсун бизди да көрбөй калгандай басып кете берди. Басышы бир калыпта, керемет басыш. Ак марал куду ушинтип басат экен.- Саламатсызбы эжеке!,-деп биз дагы сүйлөшкөндөй жапырт кыйкырдык. Эжеке токтоп, баарыбызды бир сыйра карап, анан акырын башын ийкеп, бир калыпта дыгы карап турду. Анын ушул көрүнүшү, өтө сымбаттуу да, чырайлуу да, өтө

сүйкүмдүү да эле. Апакай көйнөгү, апакай жолугу ай чырайына төп келишкен. Баарыбыз эсибиз ооп, таң калып, аба жетпей калган сымал, болгон ынтаа менен карап отурдук. Ушул кичине убакыт, ченемсиз мезгилге айлангандай эле. Эжеке кантип кокусунан келсе, ошондой эле кокусунан билинбей кетти. Биз эсибизге келгенде эжеке бизден бир топ узап кеткен эле.

Жыт

…саарлап туруп эчкилерди Бектемирге айдап жөнөдүм. Келин Таштан өткөрүп койдум. Келин Таш- чоң келинге окшош таш. Эки аттай көлөмдөгүдөй чоң. Келинге окшош. Келин Таш дейбиз. Эчкилер кетти өздөрү оттошуп. Мен Келин Ташка минип алып ойноп жаттым. Атты минип алсаң, учат дейсиң атың, канатын жайып. Арагөлдү бир айланып учуп, анан үйүңө коносуң да. Анда да ач курсакты кампайтып алыш үчүн. Бу кыялымды жыт бузду. Бир таң калыштуу жыт, мурдумдун каңылжырын жарып, ойноп аткан оюнумду токтотту. Карасам жерде эжеке турат. Эжекени көрүп сүйүнүп кеттим. Дагы тааныш көрүнүш. Укмуштуудай сулуу эат мени тигиле карап турат. Көздөрү карагаттай жоодурайт. Бирок, тигилиши сүрдүү да, шаңдүү да, мээримдүү да, ажарлуу да. Жанагы жыт өтө буркурай баштады. Жыт эжекеден келип жаткан эле. Эжекенин көзү да таң калыштуу эле. Мен, кандайдыр арбоо абалында калдым. Салам айтайын десем, сөз оозуман чыкпай койду. Шыбырап айттым:- Саламатсызбы эжеке!

Жанымда эч ким жок эле. Балдар кой эчкилерин айдашып бара жатышат. Мага кыйкырышып коюп. А эжеке болсо, тээ алыста басып бара жатат, жерге каалгып, жай түшүп келе жаткан, сапырылган сары жалбырак сымал.

-Ооба, дал ошондой абалда эжеке жай басып бара жаткан эле.

Мен тикке туруп уктаганда

Бектемирден отун алып үйгө жөнөдүм. Табылгыны көөлөп алып, отунга үйгө алып кетебиз. Тандырга, очоко жакшы таптуу отун. Боргулдар тердеп отунду сүдүрөп жонөдүм Тээ боорчук ташка, өйдөгө сүдүрөп чыксам, эптеп-септеп анан тик ылдый кулатам. Отун өөнгө, өзү үйгө эле кирип барат куланган бойдон. А үйүбүз төштүн нак түбүндө. Отунду жакшылап, кулана турган кылып, томолок абалга алып келип таңасың. Ичине ташты да жайгаштырасың. Анан коё берсең кулайт дейсиң. Дүңк, дүңк, дүңкүлдөп. Жолдо отоп жүргөн кой- эчки, тоок жана үндүтөр качышат дейсиң. Бооруң эзилип күлөсүң. А элге бул жакпайт. Баары мени урушушат. А мен качып кетем. Мага жетип болушуптур. Жылаң аяк жүрө бергендиктен таманыбыз да чор болуп, катуу болуп калган. Тикенек балесине киреби. Бутуң таш сыңар чорлоп кетсе.

Бу сапар да отунду кулаттым. Отунум кой- эчкиге бүлүк салып кулап бара жатат. Тээ өөндө аялдар кыйкырышып жатышат. Мен балеесине угамбы. Уксаң-укпасаң да эмне деп жатышканын билем да:- Эй, Калмамат малды үркүтпө,-дешип жатышат.

А мен өлө үркүтөм. Мага кызык да.

Мен тике туруп уктаганда

…А мен өлө үркүтөм да. Мага кызык да. Өөндө аялдар ызы-чууга түшүп жатышат. Отунуңду кулатпагын дешип. Табылгы отунду тамыры менен көөлөп, таңып, ортосуна таш салып, дөңгөлөк сымалдатып анан чыңк ылдый коё берсең… Болду кызыгын көрө берсең болот: Дүңк, дүңкө-дүңк,- деп дүңкүлдөп жөнөйт дейсиң.Анан байкуш козу- улактарга, тоок жана үндүктөргө эле кыйын болот да. Кулак түрүп кооптонуп, алдын ала бир нерсени сезген байкуштар качып жөнөйт. Кээ мезгилде “дүңкүлдөк” тебелеп да кетет. Алар эт болот. Аялдарды мени тилдегенинен да, быяктагы кызыгы миң эсе өйдө да. Алар мунун балесин билишмек беле. Мен алардан качып кетемин. Өөнгө түшүп келе жаттым. Алдымда жер жайнаган көңуздар. Булар менин душмандарым. Алгач буларды көргөндө аябай корккомун дейсиң. Булардан эми итим да коркпойт. Ошол күндү эстедим.

Ооба, десең. Ал мындайча болгон эле.

… Саарлап туруп, алгачкы жолу эчкилерди, уйду айдап жөнөдүм тээ Ак Терекке, Бекетемир Тоо тараптагы. Өлө сонун жайыт. Апам да сүйүнүп алкап жиберди: – Оо! Менин уулум чоң жигит болуп калган турбайбы! А ананайын, козучам! Айдай кой! Эчки менен уйларды айдап жөнөдүм!

-Ош! Ош,-дейм!

-Ча! Чаа,-дейм!

Көңүлүм кунак. Кымыздык жана ышкындардын жыты тим эле буруксуйт. Түркүн гүлдөрдүн жытынан жыргап ырахатка да бөлөнүп анан ырдайсың да индия ырын “Мен бара атам Бомбейгени” :

Мен баратам Бомбейге.

Табылар бекен мендейге.

Табылбаса кантейин,

Бомбей шаарына жетейин.

Аа! аа! ааа!

Аа! аа! ааа!

Бомбей шаарым татына,

Мен баратам батына.

Бомбей шаарга барамын,

Конфет сатып аламын.

Аа! аа! ааа!

Аа! аа! ааа!

Деп ырдап, эчкилерди да табылгы менен чыпылдатып айдап коюп бара жаттым. Тим эле Раджы Гапур тагам сымал, жыргап, Индиядан келе жаткансып, төрт эчкини, уйу менен айдап, шанаңдап, бийлеп. Анан тып эле токтодум: “Бөкөчөлөр го!”

Абжем айткан бөкөчөлөр тим эле жер жайнайт. Мага эле келе жатышат, быжылдашып, ач калган бөрү сымал. Абжем мени шоктонгон мезгилде, ана “бөкөчөлөр” келе жатышат. Буттары көп, өздөрү капкара,-деп коркутат эле. Бир аз тынчый түшөм. “Бөкөчөлөр” өтүп кетсин,-деп. Ошол “Бөкөчөлөр” көрсө ушулар экен да. Коркконумдан демим чыкпай, титиреп, сүйлөй да, ыйлай да албай калдым. Анан: “Бөкөчөлөр” ,-деп зорго шыбырадым. Сөзүм балесине чыксынбы… Тим эле буларың жер жайнайт. Мени бир паста эле жеп ийишкендей түрү бар да.

Анан бар күчүмдү жыйнап туруп бир кыйкырдым дейсиң, бу бөкөчөлөр да коркуштубу, ким билет. Көзүмдү жуумуп качып жөңөдүм. Апакем да менин ачуу чаңырыгымы угуп, мага утурлап чуркап келе жатыптыр…

Мына, ушулар көз алдыман кино лентасындай тизилип өттү.Ий силерди,-деп ошондон кийин бу иттердин, коңуздардын сазайын такай берип келемин.Дагы ырдап келе жатам “Мен баратам Бомбейгени” .

Жыргап ырдап бара жатамын. Берилип…

Аңгыча жанагы жыт дагы мурдумдун каңылжырын жарды. Жалт карасам Эжеке турат. Апакай көйнөк анан ак жолукчан экен. Бир керемет жан. Өтө сулуу көрүнүп калыптыр. Эсим ооп карап калдым Эжекени. Эжеке мага сүйлөп жатат. Кулагыма бир сөзү кирбеди: – Сен ал жакка барбагын! Ал жак сен үчүн эмес. Мага жардам бергин! Жардам бер! Мына баары сеники болот! Алгын,-деди.Бир нерсе сунду. Мен уйкуга кеттим! Ооба, терең уйкуга кеттим…

Кеч кирип келе жатыптыр. Тер денемден суудай агып жатыптыр. Мен ошондо уктап калганымы билдим. Кумурскалар денеме жайылып кеткен экен. Апам мени аялдардан качып кетти,-деп ойлогон эле. Буттарым зорго ошондо жазылып, анан шилтемге жараган эле.Мен ал кезде балалык баё сезим туюмум менен муну эч кимге айтпагамын. Жана бул сезим бир канча жылдан соң мага чоң ачылыш берерин билбеген элем ал убакта.

Үр падышанын кызы Таң Сулууну узатуу

… Кеч күз. Баба Дыйкан мееримин төгүп жана ак төөнүн карды жарылып жаткан маал эле.Мен мектепте окуп калган мезгил. Бизди агайлар жаңгак тергенге тээ Чаар Ташка алып барышат. Чаар Таш ажайып жер….

Мамбетакун-Македонский

…Чаар Таш ажайып жер. Өзүнчө бир кокту. Алма, алча, өрүк баары бар. Жер -жемиштер жайнаган мезгил.

Биз жаңгак терип Токойчуларга тапшырабыз. Бизге акыбызды акчалай нак беришет. Машина менен алып барып алып келишет. Пулга капчыгым кампайып калды да. Токой аралап жаңгак терип жүрөбүз. Ар бир окуучу өзү ээлеген жерден жаңак терет. Иш кызыган маал. Аңгыча бет алдыман Мамбетакун – Македонский чыкты. Аны ким антип атаган мен билбеймин. Элдин баары ошентип чакырышат.Аны көрүп, бир аз буйдала түштүм. Баштары өзүнчө бир башкача кыймылдайт. Бирок бир калыпта. Ааламдан кабар алып тургандай да сезилип кетет. Сөз баштаганда эле 18 000 ааламда,-деп баштайт. Ааламда, 18 000 аалам бар экенин да ошондон уктум эле.

А, балли Калмамат сен билесиңби, Бу 18 000 ааламда Үр падыша жашаган жердечи, Таң Сулуу деген айдай сулуу, көргөңдүн ээсин тандырган бир перизаты бар экенин… Ал Үр падышанын эң кенже кызы,-деди.- Таң Сулуу учуп кеткенби?- Ооба, аны билесиң да.

Чын эле билет элем. Тооба, баары эсинде экен го. Эч сөздөрү баш аламан чыкпайт. Ким менен качан сүйлөшсө да, ага байланышкан сөздү ойлонбой так, даана айтып кете берет.

Тээ бир канча жыл мурунку окуя эсиме түштү.

Анда жаз мезгили. Жаадыраган жаз. Гүлдөр кулпуруп өскөн мезгил. Туш тарап жашыл килемге бөлөнгөн. Ажайып кооздук. Мамбетакун – Македонский магазинден чыгып келе жатыптыр. Колунда ташы бар экен. Ээ жезде бу ташты албадың, бу билесиң Александр Македонскийдин “ташы” да.Ал, төрт тукум берсең болот да,-деди. Адатынча баштарын кыйшаңдатып, көздөрүн алаңдатып. Авазбек авам магазинден аны урушуп кууп чыкты. Ташыңын мага кереги жок,-деп. Анан мени карап, а азамат десе, бу ташты ал. Төрт тукум бересиң. Бу, “Македонскийдин ташы” ,-деди. А мен бу ташын, мага кереги тийсе уурдап да алмакмын да. Эмне кылам, таштардын уругу түгөнүп калса да. Бекер берсе да албаймын. А өзүнө балесине айтамбы, Корком да. Бир эле мен эмес элдин баары коркушат. Сүрдуү да, шаңдуу да, сырдуу да, айтор ажайып адам.

Артынан эрчип алдым. Мага кызыктуу бу кишини эрчиш.

Анан арыка келди да печеньесин сууга малып жеди. Анан сууну узукка тиктеп отурду өзүнчө, кобуранып кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп жатты. Мен жанына бардым ким менен сүйлөшүп жатканын билиш үчүн. Карасам эки кумурска турат. Бирөө экинчичине жардам берип жатат. А анысы “ыктытып” жатат. А Мамбетакун – Македонский аны: – Эй, ыктытпа,-дейт. А кумурска “ыкылдап” жатат. Таң калдым. А жакшы кеттик “Тектирге”.

– Каяка,-дейсиң?- Тектирге.

– Эмнеге барасың?

– Таң Сулууга!

-Ал ким?

-Ал Үр падышанын кызы да.

-А Үр падыша ким?

-Ал 18 000 ааламдын, бир ааламынын падышасы. Ээ, – деп колун шилтегилеп, көзүн алаңдатып коюп кетти “Тектирге”. Мен ээрчип алдым. Бу, киши баардык нерсени билет. Бул, Мамбетакун – Македонский өтө таң калыштуу адам. Кыймыл аракети да таң калыштуу адаттан тыш көрүнүш. Ал кээде мен түшүнбөгөн тилде да сүйлөп жатты. Уйпаланган гүлдөрдүн, уйпаланганын жазганда, гүлдөр ага баш ийишип ыраазылыгын билдирип жатышкандай туюлду. Бизди түркүн куштардын кубулжуган сайроосу да коштоп бара жаткандай туюлду. Биз жалгыз эмес экенибизди туюп жаттым. Бирок эч нерсе көрбөдүм. А мына хан килемдери. Пай-пай,-деп Мамбетакун – Македонский суктанып жатты. Чын эле сыя гүлдөр төшөлүп, жол килемге окшоп калган. Карасаң, бул жерден күндө канча жолу өтөм, ушу килем жолду байкабаганымы карачы.


Таң Сулууну узатуу

… Карасаң, бул жерден бир күндө канча жолу өтөм, ушу гүл килем жолду байкабаганымы карачы. Биз Мамбетакун-Македонский экөөбүз акырын көтөрүлүп, “Тектирге” келдик. Отуз кыргыз үй бата турган аянтча. Бул жерде түркүн түстөгү гүлдөр жайнайт. Дайым сыдырым жел чыгыш жактан согуп турат. Долоно, алича, чие жана алма, жаңгактын мекени. Чүкүрү, кымыздыктар да бул жерде мол болот. Айтор ажайып жер. Кооз жер. Көрүп көзүң тойбойт. Анан, Мамбетакун-Македонский ушул жердин кереметин байкаганын карачы. Бу кишиден бөлөк ким билмек мындай жердин баркын. Оюму Мамбетакун-Македонскийдин үңү бузду. Үнү буулугуп, ачуулана чыкты.

– Эй, бала, бу сен акмаксыңбы ыя?

– Эмнеге.- Дагы эмнеге деп коёт. Карачы?-Эмнени?- Көрсүңбү?

-Ким айтты көр,-деп?

-Мен айтып жатамын…

Карасам, чын эле көр окшоймун. Сыя гүлдөрдү тебелеп алган элем. А Мамбетакун-Македонский аларды тургузуп, белдерин түзөп, оңдоп атат. Ыйлап да алган.

– А перилерим, мени кечиргиле, бу жубармектин мени ээрчип келгенин аңдабай калыпмын да. А сиздин колуңуз сындыбы? Азыр шакшактап берем. Ай ий сиз да жабыркадыңызбы? Ыйлап атат, сүйлөп атат. Мына сизди да капаладыбы? Сизге да жардам берем. Мен Мамбетакун- Македонскийден коркуп, чиенин түбүнө бекиндим. Дагы тааныш жыт. Коркуп кеттим. Жат. көрүп коёт,-деди.Ким сүйлөп жатат көрбөдүм. Менде кыймыл аракет токтоду. Бир нерсе ышылдап атат. Колум муздак нерсеге тийди. Селт этип кеттим. Карай албадым. Тиякта Мамбетакун-Македонский, бул жакта белгисиз нерсе. Ким экенин жытынан сезип жатамын. А бирок, муздак денеси гана мени кыжаалат кылууда. Аңгыча дагы ышылдаган үн угулду. Бу үн кимден чыгат болду экен? Акыл туюмум өчө баштады. Ышылдаган нерсе кимден чыгат эле? Эстей албай жатам. Коркунуч каптап келе жатат. Жанымдагы нерсе акырын сойлоду… Бу, ким а? Сойлоп жатабы? Эмнеге сойлойт. Кыймылдабайт а? Коркуум күч алды. Жанымдагы нерседен таң калыштуу үн чыгып жатты. Онтолоо да акырын угулуп жатат. Бир мезгилде жарык болгондой туюлду. Анан караңгылык каптагандай сезилди. А көзүм жумулуу да,-деп коём. Байкасам көзүм деле ачык. А эмнеге караңгылык сезилип жатат? А жарык эле го!

-Ооба, жарык эле…

-Эмне?

-Тынч жат,-деймин деген аялдын үнүн уктум. Тооба, мен ойлогон нерсени кабыл алып сүйлөшүп жатканын кара.

-Тынч жат, сүйлөнбөй.

-Анан ким болмок эле.Бу менин ойлогон нерсеми да билип жатат ко… Бу ким болду экен?

– Менмин го,- деди тааныш үн…

А, эми билдим. Бу.эжеке го,-деп ойлодум.

-А, эми тааныдың…

А, азыр учат Таң Сулуу.-Ким дейсиз, эжеке?-Таң Сулуу.

Тооба, аны каяктан билди экен? Эч ким билбейт эле да. Биз Мамбетакун-Македонский экөөбүз эле билет элек да… Бир маалда шамал жүрө баштады. Шамал катуулап бара жатты.Биздин чиенин тушунда жети сыя гүл турат. Ал гүлдөр башка гүлдөрдөн айрымаланып турушат. Желге ыргалып, жыргап атышканы сезилип жатты. Алардын тегерегинде топ – топ болуп төрт жерди кызгалдактар кулпурушат. Жыпар жыты буркурап, эжекенин жытын да басып өтүштү. Эжекенин адамды арбоочу жыты басаңдай баштады. А Мамбетакун – Македонский Жети сыя гүлдөргө чөгөлөп жатты. Ал гүлдөргө төрт топ кызгалдактар да чөгөлөп, шамал аларды Сыя гүлдөр жакка ийилтти. А Жети сыя гүл болсо шамалды да тоотпой желге ыргалгандай абалда ыргалышып, өз кадыр барктарын сактап жаткан Хан кызы сымал турушат. Жети гүлдүн ортосунда бир гүл өтө кооз экен. Бир калыпта желге ыргалгандай болуп ыргалууда. А шамал дагы катуулады. Кызгалдактар Сыя гүлгө ийилишкенин көрдүм. Мамбетакун-Македонский, эжеке да ийилишип таазим кылышты.Мени да тур, жүгүн Хан кызына дешти. А мен эсим ооп эмне кылаарды билбей, түшүмбү же өңүмбү билбей турдум. Дендороо болуп калдым. Эч нерсени аңдабай да жаттым. Бу. түшүм го? Балким түштүр.Шамал басылды. Тээтигинде Мамбетакун-Македонский кетип бара жатат. Баштарын кыйшаңдатып. Бүт денеси кыймылдап жатат. Артында чоң жылан ышылдап, соймолоп кетип баратат… Чиенин жанында бир да жанагы мен көргөн гүлдөр жок. Таң калыштуу. Жерге житип кеткендей жок. Же бул түшпү ыя?

– Таң Сулуу учуп кетти,-деп кыйкырып жибердим.

А гүлдөрдүн эч бирөө жок. Таң Сулуу чын эле учуп кеткен го деген ой менде күтүүзүздөн пайда болду. Бир паста коркуу сезим, балалык бай кыял дүйнөсү бийлеген сүйүнүү сезимине алмашты.

-Таң Сулуу учуп кетти!,-деп кыйкырдым күчүмүн баарынча…

Аңгыча шамал да токтолду. Мен жаткан жерде алиги жыт дале кетпептир…

…Ушул окуялар көз алдымдан кино лентасындай өтүп жааты. Ошол “Чоң Тектирдеги” окуяны эстеп, Мамбетакун-Македонскийдин менин суроомо так жооп бергенине таң калдым.

– Таң Сулуу учуп кеткенби?

-Ооба, аны сен деле билесиң да ,-деди…

Уландысы бар.

Калмамат Турдубаев

08:06
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...