Алга кадам
Бүттүм дебе, түттүм дегин өмүргө,
Туюк жашоо, куюн күнгө чыдаган.
Канча өмүр, канча күнүң күйүт, суз,
Тардык кылса, кеңдик кылбас бул аалам.
Кечтим дебе, кетттим дебе, тажаба,
Сен дүйнөдө, чоң сыноодо жашайсың.
Сендик жашоо, сендик өмүр бүткөндө,
Бакыт балким, өксүт кылып тажайсың…
Аз өмүрдө, саз жашашты үйрөнүп,
Акыл менен ойлоруңду жыйнап жүр.
Адам кылды, адамдардай күн көрүп,
Аз да болсо ата энеңди сыйлап жүр…
Баалай билгин, бактылуу деп дүйнөңдү,
Бул жашоого экинчи ирээт келбейсиң.
Барктабаган, даңктабаган күндөр көп,
Билип туруп, туюп туруп сезбейсиң…..
Бороон болот, чапкын болот сыноо күн,
Боройлобо, чапкындаба, жарышпа.
Башка бизде эртең күтөт улуу күн,
Бактылуулук, кадам сайын арышта…
Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району