KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Бактым

Канча муң, канча азап чалыштады,
Караңгы кууп арттан калышпады.
Капыстан чырак болуп жол көрсөт деп,
Кудайым сени мага табыштады….

Өзөктөн өрттү кечип жүргөнүмдө,
Убакыт жол бербеген күлгөнүмө.
Убайым тартуу арты бактылуу күн,
Келгендей кезиктирди сүйгөнүмө….

Күтүүдөн үмүт өчүп баратканда,
Кайгылуу муңдуу ырлар жаратканда.
Капылет сени экөөбүз бул ааламда,
Жоолуктук миң ырахмат Жаратканга…

Суроолор татаалдашып берилгени,
Сүйүү деп анча жүрөк эзилгени.
Сүйүүмдү таппай жүрүп эми таптым,
Суктантып жашай турган кезим эми…..

Бактылуу жашай турган кезим келди…

Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району

07:58
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...