KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Чечим

Кадам сайын ачылып жаңы барак,
Сени мени бактылуу жазып жатат.
Бул өмүрдүн гүл отун чогуу кечип,
Бул күндөрдүн сынынан жаңылбасак….

Күткөн, бүткөн бул күнгө жетебиз деп,
Жүрсөк керек тээ башта кетенчиктеп.
Жолугушсак болмок аттиң балалыктан,
Чыкмак анда сен жөнүндө эчен китеп…

Жүрөгүмдү багынткан сендей пери,
Жүз кылым да жашасам келбейт эми.
Канча кыздар жүрөктү багынталбай,
Сындан өтүп өзүңө тең келбеди….

Күткөн күндөр жакындап келет улам,
Жаратканым жакшы күн бере турган.
Жазылбаган тагдырга чөгүп кетпей,
Сен экөөбүз бүт баарын жеңе турган….

Кадам сайын ачылып жаңы барак,
Сени мени бактылуу жазып жатат.
Бул өмүрдүн гүл отун чогуу кечип,
Бул күндөрдүн сынынан жаңылбасак….

Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району

07:58
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...