Сен кимсиң
Сен кимсиң, сезимге ойлор салган,
Ичине тоодой болгон сырды каткан.
Ак сүйүүнүн бакчасына мени жаным,
Чечилгис бир өзүңө байлап. алган.
Сен кимсиң, жашоомо себеп болгон,
Аба, суу, ширин жандай керек болгон.
Түшүнбөйм, кандай жансың ардагым,
Жөлөп турчуу сүйүүдө жөлөк болгон.
Сезимимдин ээси сенсиң, жалгыз өзүң,
Мага жаккан уялыңкы кара көзүң.
Жашоомо жашоо улаган дем берип,
“Мен сизди сүйөм” – деген ширин сөзүң.
Автору: Исанов Медетбек, Өзгөн району, Доңуз-Тоо айылы