Балалыгым
Балалыктын желегин желбиретип,
Оюн менен жан дүйнөмдү сергитип.
Көөдөй түнгө Күн бергендей кубангам,
Ошол мезгил кетпөөчүдөй сезилип.
Бүт баарыбыз топ артынан чубалып,
Күч бирдикте оюн менен таймашып.
Көөдөнүмдө арман деги жок эле,
Ал жылдарым кайда кетти кыр ашып?!
Минип алып чырпык атты ойногон,
Балалыгым оюнга эч тойбогон.
Ар бир жанга бир келүүчү кез экен,
Маани берип терең-терең ойлосом.
Жаркыраган жаз мезгилдей таптаза,
Балалыгым бул курактан башкача.
Кумарланып ал кезекте жүрмөкмүн,
Шашкалактап ак боз атын чаппаса.
Кумарланып балалыкта жүрмөкмүн,
Өмүр чиркин, ак боз атын чаппаса!
Автору: Исанов Медетбек, Өзгөн району, Доңуз-Тоо айылы