KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Сагындым сени, Ала-Тоом

Аска-зоолор аппак карды жамынып,
Суулар агат таштан-ташка кагылып.
Ах, чиркин ай, атыр жытың жыттабай,
Араң жүрөм кусаларга жанчылып.

Сабалап бир Ала-Тоомдо уча албай,
Айылымдын чаң көчөсүн баса албай.
Сагынычтан араң жүрөм жабыркап,
Көр тирилик зардалынан чыга албай.

Мөлтүр таза сууларыңдан иче албай,
Ата-энемдин мээримине бата албай.
Сагынычтан жүдөп бүттүм, Ала-Тоом,
Көр тирилик тушоосунан кете албай.

Уксаң мени, сагындым сени Ала-Тоом,
Жүрөгүм бүт сени менен, Аска-зоом.
Бир өзүңсүз үшүп жүрөм чет жерде,
Санааркап, сагындым сени Ала-Тоом.

Жүрөгүм бүт сени менен, Аска-зоом,
Санааркап, сагындым сени Ала-Тоом.

Автору: Исанов Медетбек, Өзгөн району, Доңуз-Тоо айылы

07:47
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...