KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Кара – Шоро

Кара – шоро кыргызымдын бермети,
Сыймыктанар калкыбыздын кооз жери.
Кенен жайлоо, курчап турган арчалар,
Суктандырат нечен – нечен элдерди.

Бийик тоосун кийип турат ак-мөңгү,
Көргөнүңдө унуттасың көйгөйдү.
Конок болуп келип кеткин сен дагы,
Кучак жайып тозуп алат гүлдөрү.

Кара – шоро эң бир сонун жергебиз,
Сыймыктанып жерим менен келебиз.
Чыккан баатыр Жаныбектей аттактуу,
Кээси билип, кээбиз такыр билбейбиз.

Айта берсең сөз түгөнбөйт жергеме,
Жаратканга шүгүр кылам мертебе.
Мындай сулуу бейиштей кооз жергемди,
Миң издебе, жокко эсе эч жерде.

Мындай сулуу кең талааны ааламдан,
Миң издебе, жокко эсе эч жерде.

Автору: Исанов Медетбек, Өзгөн району, Доңуз-Тоо айылы

07:46
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...