KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Кыргыз тилим

Кыргыз тилим тоодой бийик урагыс,
Эч ким аны атып дагы буза алгыс.
Он сегизмиң ааламдан алды турат,
Башка тилдер такыр оозуп аша алгыс.

Кыргыз тилим тарыхы бар тилдерден,
Кыргыз жоктур тил тарыхын билбеген.
Канча доорду каарытсада кордобой,
Ата – бабам ыйык тутуп сактап келген.

Кыргыз тилим сыймыктанам, мактанам,
Көккө чыгып, ай – ааламга жар салам.
Ээй, адамдар, уккулачы баарыңар,
Эне тилдин ыйыктыгын жер аалам.

Кыргыз тилим – кылымдарды каарыткан,
Кыргыз тилим – бийик турат баарынан.
Керек болсо аянбаймын жанымды,
Кыргыз тилим – артык өздүк жанымдан.

“Кыргыз тил” – деп, согот менин кан-тамырым,
Ушул тилден жаралды жазган ырым.
Жер кыдырып канча тилди билсем да,
Энекемдей артык турат кадырың.

Автору: Исанов Медетбек, Өзгөн району, Доңуз-Тоо айылы

07:46
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...