KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Менин ырларым

Топтолушкан ырларым

“Сын пикир сулуулуктун жолун ачат”

Сын пикир тээ алыска качып кетти,
Мактоолор өз наркынан ашып кетти,
Акындык дараметиң чексиз болсо,
Сынга да ойлонбостон койгун чекти.

Сын пикир шашылбастан ордун табат,
Адашкан жазмалардын жолун жабат.
Сын деген чындык жакка жол көрсөтүп,
Жалгандын чындык сымал жолун жабат.

Сын пикир сулуулуктун жолун ачат,
Чындыктын чачыласын тегиз чачат.
Адашып башка жолго түшүп кетсең.
Акырын өз жолуңду сага табат…

Калмамат Турдубаев.

Өзгөн району,
Арагөл айылы,
2014-жыл 15-октябрь,
Шаршемби, саат 19-54.

* * *

” Саргайган дептериме кайткым келет…”

Кээ күндөрү, тээ алыска баргым келет,
Куш сымал канат күүлөп алгым келет.
Кайдадыр житип кеткен ой- чабытты,
Кайтарып өз колума алгым келет.

Аттиң,-деп канат күүлөп алгым келет,
Аргасыз мейкиндикти чалгым келет.
Агарып муз каптаган алп тоолорго,
Арзуумду жашырбастан айткым келет.

Самаган арзууларга баргым келет,
Саргайган дептериме кайткым келет.
Сонуркап уктап жаткан ырларымы,
Сезимде таптап алып жазгым келет…

Шашылып сапар жолго чыгып алдым,
Шашмамын, чабыт ойду бузуп алдым.
Шамалдай шашып келген ыр саптарды,
Шашылып жаза албастан ырсыз калдым…

Аттиң ай, бузуп алдым, жазбай калдым,
Адашып ой-туткунун үзүп алдым.
Алыстан жамгырланып шашып келген,
Арзуумдун ыр саптарын таппай калдым…

Калмамат Турдубаев
Өзгөн району,
Арагөл айылы,
2014-жыл,15-октябрь,
Шаршемби, Саат15-55.

* * *

Жарышка түштүк камданып…

“Кыз жигит” Айтышынан…

Жарыштын шаңы шаңданып,
Жарышка түштүк камданып.
Жакшылык айтып акындар,
Жарышкан маара жакындар.
Жылмаюуу менен жазылган.
Жарышып келер жаз ырдан.
Жакшылып келсе илхамың,
Жакшылап ойло эл камын.
Жардангандар сүйүнсүн.
Жалпы баары үйүлсүн.
Жагымдуу ырлар төгүлсө,
Жалпыга акын көрүнсө,
Жагымдуу жагдай көрүнүп,
Жакшылап көнүл бөлүнсө.

Жарышып ырлар айтылыт,
Жамгыр сымал чачылат.
Жагымсыз жагдай жоголуп,
Жарыша маанай ачылат.
Жарыша ырлар агылсын,
Жакшылыкка жарышсын.
Жакшы жагдай түзүлүп,
Жаным,- деп бозой жалынсын.
Жалынбаса селкижан,
Жигитине таарынсын.

Калмамат Турдубаев
Өзгөн району,
Арагөл айылы,
2014-жыл 7-октябрь,
Шейшемби, саат 08-45

* * *

Чилде өтүп жатат…

А мен”Шоокумсуз толкундарды” окуп отурам. Кеч кар кыламык жаады. Кыш жеңил өтүп жатат. Жакында каңтар оойт. Суук болуп жатат. Буга да шүгүрлүк. Печкада көмүр күйүп жатат. Үй жылуу. Айжаркындын ырларын окуп отурамын. Китептин аты да керемет,-деп коём Айжаркын угуп жаткансып. Чын эле керемет ат ” Шоокумсуз толкундар”. Жакшы ырлар. Маанай көтөрөт. Жылуу үйдө балдарың менен ыр окуу ырахат эмей. Ырлар адамдын чарчоосун калыбына келтирет. Дем алдырат. Баарынан алаксыйсың. Ыр-бул тагдыр…УШУНДАЙ ЫРЛАР КӨП ЖАЗЫЛСА ЭКЕН. Айжаркын керемет акын. Керемет акын керемет ырларды жазат…Ырлар адамдын ички дүйнөсүн тазалайт. Рухун көтөрөт. Ырсыз жашоо болбойт ко! Ыр адамга өмүр тартуулайт. Кар жаап жатат. Себелеп. Кыламык кар жаады. Ушул карлар аппакай, керемет карлар. Жашоо өзү да керемет ко! Караңгылык каптап келе жатат. А айлана баары бир аппак. Жарык берип турат бул карлар. Телеканалдар А. Мадумаровду “боктоп” жатышат. Оштогу абалды берип жатышат. Мелисти да “боктоп” жатышат…. Мен ырга жан дилим менен берилип кеттим. Адилет менен Саламат бизге да окуп бериң дешет. Аларга да көркөм окуп бердим. Тегеле ырды мен жазгансып. Айжаркындын ырларын көп окуймун. Мен үчүн гана жазгансып окуй берем… -Калмамат ага, сиз үчүн жазгамын окуң,-деп айткандай элестелет, сүрөтү мени карап. -А, садагасы окуп жатам,-деп коём. – Сүрөтү күлүп, дагы окуңуз,-дегенсийт. Бу, акын кыз да керемет адам. Ана, портерет күйүп жатат. Атамбаевдин портерети го. ӨРТТӨП АТЫШАТ. Сыртта суук. Кар борошолоп жаап келди. Ажонун сүрөтү күйүп да бүттү. А печкада көмүр бир калыпта күйүп жатат. Телеканалдар ушакты эзип атышат. Бирин бири көөлөмөй. Алагды болдум. Атайы жыргап китеп окуп атсам, адамды да жинди кылышат. Бирөө А. Мадумаров эки жүздүү десе, бироөсү ажонунун портеретин өрттөп жатса, а бирөөсү мактанып атса. Ана, эл мэрия жакка жөнөштү. Мэрия нечак эле бош калыптыр. Баары качып кетиптир. Диктор безеленип сүйлөп жатат. Шайлоо ушундай болсо, атаң гөрү! Баткенде ок атылып, кыргыз менен тажик эли атышып жатса, Ошто чоңдор минтип атса…. Анан эмне демексиң а? Деги элди ким коргойт? Элди ким угат? Ош шаарынын мэриясын шайлоо үчүн сан жеткис күч түзүмдөр жайнап турса, эмне бул шайлообу же согушка даярдыкпы а? Баары Баткенге барабы а? Таң каласың өз элине ушунча күч түзүмдү каршы коюп жатса. Бу, эмне деген шайлоо ыя? Көпчүлүк коалициянын депутаттары окшош кара көйнөк кийип, жакаларына видеокамера орнотуп алып шайлоого кирсе, анан шайлоо болсо, бу эмне деген мамлекетпиз ыя? “Шоокумсуз толкундар” жакшы китеп…Бу, китеп да окута коюшпайт. Өздөрү да окушпайт, өзгөнү да окутушпайт. Ушак, жеп ичмей, камоо, алдоо, зордоо… Бу, биз каяка бара атабыз. Телени өчүрдүм. Жыргай эле түштүм го! Тынч. А кар жаап жатат. Кыламык жаады. Үй жылуу. Эми “Шоокумсуз толкундарды” окуйун… Түн тээ бир окум болуп калыптыр…А мен китеп окуп жатамын. Тынч гана. Жыргап. Ана, келе жатат ыр саптар, катарлашып, ашыгышып, мени көздөй шашылышып: Капалансан, китеп оку! Капаларың жазылат. Кабактарың ачылат, Жаман ойду качырат. Оку китеп, окуй берчи, Көңүл бурба баарына. Капаланба, таарына, Баргын китеп жанына. Китеп досуң, аны оку! Окуй бергин, окучу. Сен да ырды токучу, Таң аткыча окучу! Китеп дилди тазартат, Бар дүйнөңдү жашартат. Кирдеп калган дилиңди, Тазалайт да агартат. Китеп менен достоштум, Эми өзүмө окшоштум. Окуп турам күнүгө, Үндү кошуп үнүмө.

Автору: Калмамат Турдубаев

Мырза Аке айылы,
2014-жыл 15-январь,
Шаршемби, Саат 23-50,
16-январь, түнкү саат 2.00.

00:10
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...