Тагдыр сага таарындым
Толуп-ташып кээде өксүп ыйладым.
Аёосу жок жанымды көп кыйнадым.
Ичке жутуп арманымды жашырып.
Таш боор тагдыр сени абдан сыйладым.
Оттон алып сууга салдың тагдыр мени.
Чыдамым бүтүп барат бүгүн эми.
Ташка айланган жүрөгүңдүн түбүндө.
Бар беле мен байкушта алаар кеги?
Таап берчи санаалаш бир шеригим?
Жан дүнүйөм шамдай күйүп ээридим.
Тагдырым таалайы жок боору таш деп.
Жылдар бою бир өзүңдөн кейидим.
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы