Картайып баратамын
Жылдар өтүп жатат мына өмүрдөн.
Ак аралап чачтарымды өрүлгөн.
Карап көрсөм маани берип жүзүмө.
Тырыштары мурункудан көбөйгөн.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Соолуп барам шагым сынып шалдайып.
Бурганактуу кеч күз сымал саргайып.
Закымдаган мезгилдерге жеңилип.
Баратамын күндөн-күнгө картайып.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Мезгилдерге убакытты коротуп.
Баратамын өмүрүмдү жоготуп.
Жылмайыңкы сүрөтүмө бир карап.
Кээде коём мен өзүмдү сооротуп!
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Жалбырактай өмүр турат күбүлүп.
Жаным кейип, капа болом түңүлүп!
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кийикова Расагул 30.06.15 Москва шаары.
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы