Жамгырлуу кеч
Жамгырлуу биз кезиккен ошол кечтен.
Бир тамчы сүйүү калды чыкпай эстен.
Нөшөрлөп төгүп турган ошол жамгыр.
Эркелетип өөп турду бизди беттен.
Суу кылып бизди абдан шалдыраткан.
Сүрдөнтүп жүрөктөрдү калтыраткан.
Жамгырлуу ошол кечти эңсесем да.
Чаара таппай жүрөгүмдө калды арман.
Нээ бир укмуш ошол кечим артта калган.
Сезимдерге жалыны күч чокту салган.
Нечен ирет жамгырлуу түндөр өттү.
Аа бирок, сен жоксун да ошол арман.
Өтүп жатам өзүңсүз бул өмүрдөн.
Жалгыз менби жоготууга өкүнгөн.
Сен эми чындап эле унуттуңбу.
Суу болгон чачтарымды өрүлгөн.
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы