Түшүнбөймүн
Билбеймин биз кандай күнгө калдык?
Аял калып эркектер болду тантык!
Үй бүлө, бала үчүн күйбөйт такыр.
Андан көрө нан тапкан аял артык.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Туругу жок сөздөрдү айта берет.
Айтып анан, уялбай кайта берет.
Эгерде эркек деген ушул болсо.
Аял үчүн канчалык пайда берет?
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Тыйын таппай кечке жатат чалкалап.
Бир аялдын тагдырын бүт талкалап.
Ээ койгула, эр жигит ушул болсо…
Эмне кылам, турмуш куруп баш калкалап?
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кашаң эркек, кайгы капа муң берет.
Андай эркек аял үчүн, нээ керек?
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кийикова Расагул 23.06.15 Москва шаары
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы