Селкинчек
Дале турат ал селкинчек үзүлбөй.
Сени күтүп үзүлбөгөн үмүтүмдөй.
Тура берсин элестерди эстетип.
Маани берип жашоома бүтүндөй.
Бала чакта биз ойногон селкинчек.
Унутулуп такыр эстен кетелек.
Жалгыз тал шагына жиптен салып.
Алып барып олтургузган жетелеп.
Далай жылдар өткөн сайын арадан.
Түркүн тагдыр көрөт экен ар адам.
Кеткенине жүргөн элем өкүнүп.
Эт жүрөгүм айыгалбай жарадан.
Жылдар өтүп бүгүн сага кезиктим.
Сөз табалбай эмне мынча эзилдим?
Биз ойночуу селкинчек турабы деп?
Өткөн күндү сагынгандай сезилдиң!
Сагынычтар көрүнүүдө көздөрүңдөн.
Сүрдөнүүлөр байкалат сөздөрүңдөн!
Кийикова Расагул 07.06.15 Москва шаары
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы