Москвада бир жигит бар
Азыр декабрь, жердин бети аппак кар.
Мен Оштомун, Москвада бир жигит бар.
Бүгүн барып, бооруна баш коё албаймын.
Оо тагдыр ай, неге мынча жүрөгүң тар?
Баргым келет, бирок кантем жол алыс.
Сүйөм десем, жоголбостур ар-намыс.
Кантем эми, кандай кылам айла жок?
Тагдыр сенин мандайыңда болдум алсыз!
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы