KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Он бешке толдум

Түн жарымда, сыртка кокус чыгайынбы?
Ай уялып кетсин көрүп чырайымды.
Жылдыздарды мас кылып ушул түнү.
Сулуулугум шарап кылып куяйынбы?

Ай сыяктуу он бешке толуп турам.
Айдан дагы супсулуу болуп турам.
Ааламда айга окшоп жалгыз калбай.
Ашыгымды бат эле жолуктурам!

Чырайымдан ай кыжаалат болуп калсын.
Жүзүндөгү тактарыны эске алсын.
Бир кылымда, бир даана кезикти деп.
Мени көрүп жылдыздар эстен тансын!

Автор: (10жыл мурда жазгам)

Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы

23:38
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...