Калсак экен?
Көздөр турат кусалыктан тынбай жашып.
Канча жылдар өттү өмүрдөн ашуу ашып.
Көрүшпөй кетсек дагы бу жалгандан.
Калсак экен, акыретте кол кармашып?
Көздөр турат жолуңузга көп тигилип.
Калса болмок жолдорубуз биригип?
Кезикпей кетсек дагы бу жалгандан.
Калсак экен акыретте бир тирилип?!
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы