Арстаным
Сен менин айбаттуу арстаным.
Сенден мен тээ тиги алыстамын.
Сен үчүн жалындуу жүрөк менен.
Сүйүү деген байгеде жарыштамын.
Мүмкүн эмес сүйбөй койуу өзүңдү.
Мен үчүн нурун төккөн көзүңдү.
Мен кантип түшүндүрүп берейин?
Мен сени сүйөм деген сөзүмдү.
Аманат бул беш күндүк дүйнөдө.
Алоолоп жан дүнүйөм күйүүдө.
Айт өзүң акымдын бар экенин?
Арстаным мен өзүңдү сүйүүгө.
Ашыкмын да мен сага арстаным.
Аттиң ай, азыр сенден алыстамын!
Кийикова Расагул 13.08.15 Москва шаары
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы