Акым барбы?
Сүйүүгө бек болот дейт акындарды.
Сөз менен уурдап алып акылдарды.
Сен үчүн ашык болгон акын болуп.
Сени сүйүп калууга мен акым барбы?
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
«Көз жашымды»
Жастыгыма далай көз жаш тамызып.
Жалгыз сага барак толо ыр жазып.
Жанымды жеп бүтөбү сагыныч?
Жарааты күч жүрөктөн кан агызып!
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
«Дедиңиз»
Олуттуу суроо бердиңиз.
Ойлонтту ушул кебиңиз.
Оттузга чыга электе.
Өмүрлөш болчу дедиңиз!
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кийикова Расагул 08.06.15 Москва шаары
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы