Адаштымбы?
Сизди сүйүп адаштымбы сезимден?
Он сегизге чыга элек кезимден.
Жыл артынан жылдар өтүп жатса да.
Чыгаралбай койдум сизди эсимден.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Күн кызарып тоо артынан батса да.
Көңүл кушу канаттарын какса да.
Жүрөгүмдүн тынчын алып турасыз.
Жыл артынан жылдар суудай акса да.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Көп күттүм көз ирмебей жолуңузду.
Тагдырлар кошпой турат жолубузду.
Кеткениңиз кетпей турат эсимден.
«Кош бол»-деп мага сунуп колуңузду.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Көздө жашым далай жолу төгүлдү.
Иренжитип кеттиңиз го көңүлдү!
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кийикова Расагул 10.06.15 Москва шаары
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы