Адаштым
Сени сүйдүм, нээ кылайын адаштым.
Сени көп ашыгыңдан талаштым.
Сени мага буюрбаган тагдыр менен.
Уруштум, таарындым, кээде жараштым.
Жамгыр болуп төгүлүүдө көз жашым.
Сени сүйүп, убал болду эссиз башым.
Таарынам буйругу жок бул тагдырга.
Сүйүлдүң, сүйбөдүңго боору ташым!
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы