KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Ункурго катылган алтын - 4

Азатка чалсам дароо алды:
— Да?
— Азат каердесин?
— Уйдо.
— Жанында эч ким жокпу?
— Жок суйлой бер.
— Беш мин берет элем мага жардамын керек болуп жатат.
— Эмне болтат Дастан, жана Акимыч баратат дедин эле милиция келип сени издеп, аябай согунушуп кетишти?
— Келгенинде айтып берем, жардам бере аласынбы?
— Эмне кылыш керек?
— Мага бир бутылка коньяк керек болтат.
— Коньяк?!
— Ооба, Кыргызстандын коньягынан алып келип берсен жакшы болот эле. Беш мин толоп берет элем.
Азат унчукпай калды, тан калып жатат да. Милиция издеп журсо коньяк апкелип бер деп жатсам.
— Качан алып барыш керек?
— Канчалык тез болсо ошончолук жакшы.
— Макул алып барып берем, каердесин?
-Пляждын устундогу тоонун башындамын. Азыр эч нерсе сураба, келгенинде тушундуром. Анан эч ким корбосун келгенинди.
— Ээ макул ойлонбо, мен да бир убакта уч кун «побег кармап» ар досумдун уйундо бекинип жургом. Макул тушундум кыскасы, бир саатта, ашып кетсе бир жарым саатта ошол тоонун чокусунда болом, чон жалгыз таш бар ортодо, ошол жерден жолугушабыз- деп коюп койду.
Андай таш бар, тоонун устундо, так ортосунда жатат.
Телефонду дароо очурдум, телефон аркылуу да каерде жургонуну билип алса болот дейт, тынчырак турайын.
Эми кутуш керек. Тоонун башына чыгып ордума барып жаттым. Бул жер коюу караган, беш метр арыдан откон адам байкабайт эле. Эми ооруум кармабай турсун да. Эгер Азат келгенде кармап калса, ага белги бералбай жатсам, кутуп кутуп кетип калса. Же милицияга чалып айтып койсо, айтор ар нерсени ойлоно берип башым ооруп чыкты.
Кой озуму алаксытайын деп рюкзакты ачып алтын тыйындарды суктанып карап отурдум. Колуму рюкзактын тубуно чейин салып, алтындарды кармалап, шилеп алып чыгып, кайра колуму салып. Гули экообуздун ысык жактардагы аралдарда яхтада жургондорубузду, пальманын тубундо жаткандарымы, акваланг кийип алып суунун тубундогу ар туркун балыктарды карап жургонубузду элестетип жибердим.
Ээх атанын кулагы...
Азат келгенче ичим эки жолу кармап кое берди.
Алтындарды которуп алып баскан сайын шыгырап даана эле угулуп аткан. Баарын тогуп, ото эле коп экен, ар бирин жалбыракка ороп, рюкзактын тубуно терип чыктым. Эми анчалык катуу шагырабаса керек.
Бир сааттан кийин рюкзакты бекитип, уступ чоптор менен жаап, Азат келе турган жак коруно турган жерге барып карап жаттым.
Алар арт жактан келишкен окшойт, ойго батып ылдыйды карап отуруп укпай калыпмын. Бироо ышкырганда гана карасам, Азат эки бала менен мени карап турушат. Спортсмен балдар экени корунуп турат, бироосунун колунда рация.
Аатаны...
Булар бандиттер эле окшойт корунушуно караганда. Экоосунун тен белинде тапанча, бекитпей- этпей эле турушат.
Кармалыпмын да.
Булардан коро милиция кармаса жакшы беле. Эмне болсо да мыйзам менен иш кылышат да. Азатка эмнеге ишендим эле, бир коргон адам болсо озу, тапкан экем мен да ишенер адамды.
Учоосу мени жон эле «ким корду» кылат да. Айлам жок жата бердим ичими кармап, тигилер жаныма келип эле учурашышып, Азат:
— Эмне бир жерин ооруп атабы?- дейт.
— Аа конул бурба эски оору кармап кичине кыйнады, коньяк апкелдинби?
Рация кармаган бала арырак барып, рация менен биоого:
— Макс таптык Дастанды- дейт. Дароо оюма Гули келди. Менин эмне кылып жургонуму билди бекен. Макска ошол эле айтат да. Демек мени алдап эле жургон экен да, Макс экоосу суйлошуп алышып, айтор мени эн ынгайлуу жерден, алтынды алып чыкканымда кармашыптыр да.
Ичимен согунуп, айлам кетип кулуп да алдым.
Рациядан Макстын суйлогону угулуп турду мага, эми эмне кылышар экен деп тыншап турсам, ошо, Гулинин эле Максы да:
— Тез алып тушкуло, Санчолор катер даярдап коюшту, силерди кутуп жатышат, алып отуп озун Жалал абадка жеткизип кел. Мен кеттим, бир нерсе болсо Санчого айта бер, Гулини алып кетейин менттер кармай электе — деп коюп койду.
Дароо Азатты карадым, бейкапар турат, берки балдар деле озулорунун ойлору менен. Булар мага жардам бергени келген окшойт.
Атаны… ой жаман да.
Гули мени менттер издеп жургонун угары менен Азат менен суйлошуп эле тушунгон болсо, мага жардам берсин деп Макска чалган окшойт, антпесе бул атам тааныбаган Макс мага эмнеге жардам бермек эле.
Ууфф дедим ичимден, алтындан умутуму уздум эле, бул жашоо менен да кош айтышып койгон болчум, булар жаман ой менен келбеген окшойт.
Гули жонундо жаман ойлогонума озумо озум жиним келип кетти.
Азат мени тойлоп жатат дегенби бир коньяк, беш сникерс, колбаса, нан алып келиптир.
Конулум ушунчалык ачылды, оорум да басылгансып калды. Гулини жакшы коруп кеттим.
— Балдар азыр беш мунот, ашказаным ооруйт, коньяк ичсем басылып калат- деп коньякты бутылкасы менен эле которуп ичип жибердим. Тигилер оозу ачылып калыптыр, баары мени карашып турушат. Ичим ооруганы тып басылды.
Бироосу карап:
— Ой козун бакырайып чон эле турбайбы- деп кулот, ооруганга тырышып, коздорум да кичирейип калган окшойт да.
Ушунчалык женилдедим, Азат шашып:
— Дастан баса аласынбы, тезирээк кетиш керек, Райым таз жакын арадагы бут менттерди чакырыптыр. Бир жерде катер кутуп турат, менттер келгиче катер менен кетип калыш керек.
— Ооба кеттик, кеттик, эми оорубайт — деп туруп рюкзакты асынайын деп жатсам бироосу «мага эле бер» деп колун сунат.
— Женил эле, озум эле котором- деп болбой койдум. Алтын экенин билишпейт окшойт. Мага эч кимиси суйлошкон жок, рюкзактагы эмне деп да сураган жок.
Бир тоолорду айланып, айтор бир сааттай журдук окшойт, мал сарай бар экен тоонун арасында, жанында, колокодо ак «Ниссан-Паджеро» турат, баарыбыз отуруп он беш мунотко жетпей Колго жеттик. Катер туруптур, эки бала отурат. Бизди короору менен бироосу ыргып тушуп бизге келип:
— Эмне мынча кечиктинер, менттер жакындап калышыптыр, он мунотто бияка да жетишет болгула келгиче корунбой кетели- деп шаштырып, Азат менен коштошконго аран жетиштим.
Балдардын айтканына караганда Райым таз колду айлантып солдаттарды, милицияларды коюп келатыптыр. Ысык Кол областын чычкан ото алгыс кылып тосот имиш.
Колду кесип оттук, аркы жээгинде машине кутуп турган экен тоонун арасындагы бир жолдор менен аябай эле коп журдук. Жол да тамтыгы чыгыптыр аябай эле. Ар кандай айылдар. Тундоп Жалал Абадка жетип бир мейманканадан озулорунун паспорту менен номер алып, акчасын толошуп, болмомо киргизип коюп кетишти.
Кетээрде Баха деген бала эле мени менен келгени, Макска чалып, баарын айтып, бир аз суйлошуп телефонун мага берди.
— Ме Макс суйлошом деп жатат сени менен.
Алсам ошо рациядагы ун:
— Алло Дастан.
— Да угуп жатам.
— Созуму болбой угуп тур, Гули суранган учун озуму тобокелге салып, сени чон балээден сактап калдым эгер тушунсон, омуруну сактап калдым. Эми Гулиге чалба, унут аны. Эгер дагы Гулиге чалганыны уксам мага капа болбо, дайынсыз жок болосун. Билем алтындарды таап алыпсын. Райым таз чачын бирден жулуп жиндеп жатат. Эгер кармалсан аябайт сени, Акимычтар да дайынсыз, сени эле бир нерсе кылган деп жатышат. Макул эми тушуном, шарт ошого алып баргандыр.
Сенин кеминде бир кун убактын бар дагы. Анан баары бир Колдон чыгып кеткенин билинип калат. Мен жардам бергеним баары бир билинет, мага да проблема болот. Ошого карабай Гули учун сени куткардым. Алтыныны да алып чыгып бердим, ошого ыраазы болуп кет эми. Экинчи сен жонундо Гули да, мен да укпайын. Гулини, аял кишини эмнеге аралаштырдын тушунбодум. Эми аны да милиция «таап бересин» деп кыйнашса керек. Бироосунун да колун тийгизбейм Гулиге, жанымы берип болсо да коргоп алам.
Мени туура тушундун деп ойлойм. Азыр койбой тур Гули менен суйлошуп конулун тынчтандырып кой да ошол менен экинчи сен жонундо укпайын — деп, суйлойун десем созуму укпай, сыртта жургонбу, эшиктин ачылып жабылганы угулуп, Макстын, телефонду Гулиге берип жатат окшойт, «Дастан» деп суйлогону угулду.
— Алло Дастан.
— Да Гули угуп жатам.
— Кандайсын Дастан, Макс сени Жалал Абадка жетип алды, тынч-аман дейт чынбы?
— Ооба азыр Жалал Абаддамын, баары жакшы Гули, Макстын балдары мени сактап калышты. Чон рахмат деп койчу Макска.
— Ишеничтуу жерге барып алдынбы, сага эч ким эч нерсе кыла албайбы?- деп тимеле уну буулугуп чыгат. Мени ойлоп жатканына аябай жакшы коруп, сагынып кеттим. Унумон байкап калбасын деп:
— Ойлонбо Гули бул жак менин жерим да, ким эмне кыла алмак эле, болду эч коркунуч жок.
Гулинин дагы деле конулу тынчыбай жатты окшойт, анчага чейин суйлобой калды. Же Макстын козунчо суйлой албадыбы, Макс да тушунду окшойт, «азыр келем» деген уну угулуп, эшикке чыгып кетти.
— Дастан эми ушул бойдон корушпойбуз, бирок сага жолукканыма — деп уну буулугуп токтоп калды.
— Гули мен жакында барып алып кетем сени — деп дагы суйлойун деп жатсам Гули созуму болуп:
— Токтосон Дастан, созуму уксан, эми жолукпайбыз эч качан. Келбе бул жакка, мен да номерими алмаштырам — деп унчукпай калды да тээ анчадан кийин:
— Макул Дастан мен да кетишим керек, каерде журсон да Кудайым колдоп журсун, макул коштошконду жаман кором — деп коюп койду.
Ошондо башыма жетти, ошондо тушундум, эми эч качан Гулиге жолуга албашымы, экинчи эч качан корбошуму, экинчи эч качан суйлошуп отурбашымы. Гулимен ажыраганымы, менин Гулимен. Ошондо тушундум Гулини жакшы корорумду, эми сагынарымы, омур бою ойлоп, арманда журуп оторумду.
Мен коркунучка кабылганда Гули мени кутулуп кетсин деп, суйбосо да Макска турмушка чыгууга макулдугун берди да. Макс болсо Гули учун эч нерседен коркподу, жанын да бергенге даяр турду.
Мен болсо алтын деп, байлык деп Гулини да кыйнап коюшуму ойлобой, жанталашып журдум.
А Макс болсо Гули учун баарына кайыл болуп, башын тобокелге салып журот. Ким билет Райым таз алтын учун эми аларды эмне кунго салат.
Куса болуп, тамагыма бир нерсе туруп калгансып жаман болдум. Озуму бир акча учун жанын берген ачкоз, ото эле пас, бир намысы жок, айтор озуму озум жек коруп, жаман сезип кеттим. Башым ооруп чыкты.
Рюкзакта Азат алып келген коньяк бар экен, эмне болсо ошол болсун деп баарын ичип алдым. Мас болуп калдым окшойт, ичим эзилип, бугума чыдай албай козумон жаш чыгып кетти, Гулини сагынып, козумон жаш тынбай агып жатты.
Гули экообуз мейманкананын жанындагы сорудо олтурганыбызда кобунчо атактуу Тина Тернер менен Эрос Рамазоттинин дуэт болуп аткарышкан ырын уга берчубуз. Мага да Гулиге да жакчу. Ошол ыр телефонумда бар эле, унун акырын чыгарып кайра кайра кайталап угуп жатып уктап калыпмын.
Эртеси банк ачылары менен акчамын баарын алып Ошко кетип калдым.
Азатка берем деген беш мин сом да журот чонтогумдо, шашылышта бериш эсимен чыгып кетиптир.
Интернеттен издеп журуп Бишкектик Александр Кармышев деген нумизмат, археолог адам тапкам. Археология жонундо уч-торт китеби чыгыптыр. Европада, Америкада, Россияда ар кандай археологиялык уюмдарга мучо экен. Тааныштары бар, ошол сатып ала алат эле.
Телефонун таап суйлошуп биринчи беш даана алтын тыйын алып бардым. Бишкекте, Жаш Гвардия бульварында, биринчи кабатта, эски кымбат баалуу тыйын, айтор ушундай сыяктууларды саткан чакан дукону бар экен. Суйлошуп корсом ишеничтуу адам экен, ошого рюкзактагы алтындардын баарын саттым. Ал деле эч ким билбешине кызыктар да. Аябай коп, тушумо да кирбеген акча болду.
Мени эч ким таппайт, себеби Россияда иштеп журуп бир жолу депортация болгом. Келип Кыргызстандан башка ат, фамилия менен паспорт алып кайра баргам. Кийин акча кобойгондо шеригим Сашанын жардамы менен Россиянын паспортун алгам. Мени эки дуйнодо да таппайт эч ким. Акимыч, Муслим жок, Райым таз мени бир аз убакыт издесе керек, анан ал деле мени Россияга кетип калды деп ойлоп калат. Коргон кундо деле тааныбайт, чет олкого чыгып пластикалык операция жасатып, озгоруп кеткем, ошол суротум менен Кыргызстандын паспортун алгам. Кыскасы ушундай.
Азырынча калган алтындарга барбайм, кийин деле барбасам керек деп ойлойм. Ушул жагы жетет мага, ушул жагын деле «аш кылып алайын».
Эгер Гулиге жолукпаганда, минтип кайра ажырабаганымда мумкун ачкоздонуп, алтындын баарын алып келип бир балээге жолугат белем, бир нерсе деп айтыш кыйын.
Азыр, айтпай эле коёюн так дарегими, тоонун арасынан, аябай кооз жерден беш гектар жер алып, ферма кургам. Ортосуна чон, уч кабат кылып там салгам. Короолоп бак тигип, уч бассейн куруп форель деген балык остуром. Торт миндей тоок, беш жуздон ашык ундук, жыйырмадан ашык бука семиртип багам.
Уч адам бала чакасы менен ошол фермада жашайт, жакшы адамдар.
Байысам дуйном тугол болот деп ойлочумун, «бири кем дуйно» деген ушулбу, озуму бактылуу сезбейм.
Гули жанымда болгондо баары башкача болмок.
Гулини сагынам.
Гулинин коздорун сагынам, суйлогонун, унун, кулгонун, кээде алдап, оюман токуп жалган нерсе айтсам, алдаганымы билип калса унчукпай башын жерге салып калганын сагынам.
Бир башкача коз карашы бар, соз менен жеткизип, тушундуруп айта албайм, кээде ошентип карап калчу негедир. Эмнени ойлонот билбейм. Ошол коз карашын сагынам.
Хвостик кылып байлап алган чачын сагынам, чачынан да сылап албаган экенмин.
Кээде эч нерсеге карабай барып алып келе бергим келет, бирок Гули макул болбойт, Максты алдай албайт. Ал андай кыз эмес.
Андай кыз жолуктурбайм эми бул жашоодо.
Канча кыз менен суйлоштум, бироосу да Гулиге караандабайт.
Бир жолу Москвада бирге иштеген Эрнис деген бала менен суйлошуп отурганымда, кыздар жонундо суйлошуп калып:
— Деги бир жакшы кыз таба албадым десем,
— Сен кызыксын, кыздарга корс суйлосон жагасын. Сага окшоп аяп, назик мамиле кылсан болбойт. Биринчи куну обушун керек, экинчи куну соссуз жатышын керек, кыздарга ошондо жагасын, кыздар ошону каалайт деген эле.
Сыртыман макул дегеним менен ичимен «жок, ыймандуу кыздар бар, дароо эле жатууну ойлобогон кыздар бар али» деп ойлонгом.
Гулини опмок тургай колунан кармаганга даай албачумун. Бир жолу кечинде суйлошуп отуруп акырын кучактасам мени бир башкача, «сен андай бала эмессин го» дегендей тан калып караганда экинчи антпес болгом. Бар али Гулидей кыздар, мумкун бир куну жолугуп калармын, ким билет.
Гули башка кыздардай эмес, ал башкача. Гулинин жанында отурсан, билбейм кандай тушундурушту, таза болгун келет, куу эмес, эч кимге жамандык каалабаган, жаман иш кылбаган, жада калса жаман ойлобогон адам болгун келет.
Эгер Гулиге жолукпаганымда мындай тунук, таза сезим болор экенин билбей, бироону сагынып куса болбой бул жашоодон отуп кете берет белем.
Эрнистей балдарды ойлоном кээде, алар эмне, ар кыз менен журот, биринчи куну обот, экинчи куну жатат, ошентип журуп озуно окшогон, ар ким менен жатып жургон кыздардын бироосуно уйлонот да омуру эч нерсени билбей, тунук сезим бар экенин сезбей, бир аз корбой калса сагынып куса болуп оорубай бул жашоодон отуп кете берет.
Макс Гулини ошон учун жакшы корот да, андай кыз таба албашын билген учун баарына кайыл болуп, Гулиден айрылып калбайын деп мага жардам берди да.
Билем Гули менен Макс бактылуу уй було болушат, Макс да Гули мени эстебеши учун баарын кылат.
Канча жыл отту арадан, деги эле унута албайм. Кээде машина айдап кетатып, жанымда эч ким жок болсо Тина Тернер менен Эрос Рамазоттинин ырын катуу чыгарып коюп, озум да унуму катуу чыгарып кошулуп ырдап алам. Анча женилдеп калам. Коздорум азыр деле жашылданып, буулугуп кетем.
Кайда журсон да бактылуу бол Гули, менин " хвостик" чач Гулим.
Аягы.

Автору Субан Джуманалиев
e-mail:suban78@mail.ru
Булак: Стихи.ру

18:31
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...