KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Ункурго катылган алтын - 3

— Ээй акмак бери кел, даана кок мээ турбайсынбы- деп жыргап кулот. Унчукпай жанына бардым, торт беш кадам калганда:
— Токто, отур, отур ошол жерге — деп колу менен жерди корсотту. Жерге отурдум.
— Камчыке токто, суйлошолу. Мен алтындарды таптым, экообузго тен жетет. Шашпасан суйлошолу- десем,
— Жок ал алтындар Акимычтыкы- дейт, оозум ачылып калды, мен ойлогон элем озуно алам деп атат ко деп.
— Ой Камчыке Акимычты эмне кыласын, аныкы ансыз деле жетиштуу, ашыгы менен керек болсо. Эмне сага акча керек эмеспи, бала чакан барго.
— Жок, Акимыч алса алтындарды мага да берет.
Оозум ачылып калды, эмне ушунчалык эле Акимычты кудайындай коруп калганбы. Озу деле алып кетсе болот ко алтындарды, Акимычка бербей. Тан калдым
— Ой, акыры экообуз болуп алсак сага коп тийет ко, омурунун акырына чейин жетип, бала чакан эмес, небере чоборолоруно да жетет ко. Акимыч сага канча бермек эле.
— Жок сен мени башымы айлантпа, Акимыч алыш керек -дейт кайра эле.
Кок мээлигине жиним келип кетти, «Акимыч эле Акимыч» деп, биротоло кул болуп калган окшойт ко Акимычына, же коркокпу ушунчалык. Ордуман шашпай туруп, жанына басып баратсам тан калып карап калды да, тапанчаны мага такап курокту баскылайт кайра кайра. Акыры тушунду окшойт коздору коркконунан чанагынан чыгып кете жаздады, катып калыптыр ордунда, каршылык да кылганга жарабады. Кок мээлигине жиним келип эки желкесинен кармап булкуп:
— Эй акмак, озунун башын жокпу, эркек дейт ко сени. Кичине эркектей болчу — деп козуно карасам, негедир коздорунун нуру очуп, бир кызыктай болуп денеси бошоп эле жерге жыгылып калды. Дагы анткорлонуп жатабы деп журогун тыншасам сокпой калыптыр. Уйку артериясына соомойуму коюп корсом эч нерсе жок. Арык, кичинекей адам эле, эки желкесинен кармап булкканымда катуураак булкуп койгон окшойм. Жулуну узулуп кеткен окшойт. Дал болуп эле отуруп калдым.
Эми эмне кылдым. Ээ кыскасы канча отурганымы билбейм, ар нерсени ойлоно берген менен эч нерсе чечилбейт. Болору болду, чонтокторун карап бир пачка тапанчанын огун таап алдым. Сегиз огу алынып, дагы кырк эки огу калган экен. Тапанчаны колтугунун тубуно илип ала турган ремени да бар экен, чечип алдым. Атын жетелеп келип, Камчыкени алдыма оноруп минип алып шаркыратманын мандайында бийик аска бар эле, ошол жакка алып чыктым, усту тегиз чоп коп оскон жер экен, ат келе ала турган, шагылдуу жерин тандап, ошол жерден ылдыйга таштап жибердим. Коюу караган экен, арасына кирип корунбой калды. Табылышы да кыйын эле, табылган кундо да озу шагылдан тайып тушуп кетти деп ойлошот эле коргондор. Аттын да изи таштарга тушуп калды. Атты кое бердим.
Колго тушуп байланып турган жиптерими чечип, берцамы, джинсымын чонтогундогу алтын тенгелерди алып шортымын чонтогуно салып, джинсыны, Камчыкенин тапанчасын алып октоп, калган окторду суу отпой турган кылып куртканын ичине ороп, курткамы, баарын рюкзакка салып, шаркыратмадан беш жуз метрдей алысыраак барып, чагылган тушуп куйгон арча бар экен, ичи кенен экен, ичине бекитип, устунон жалбырак бутактарды таштап салдым.
Кучумун барынча чуркап пляжга жеттим. Тоону ашып тушуп, бир аз эки жакты карап бекинип жаттым, тынч эледей, ботон адам корунбойт. Азат туристтерди санаган адам болуп, пляжда жаткан жаш келин кыздарды карап, суктанып коюп журот. Телефон чалдым, дароо алды да «мен келдим» десем «аа азыр барып калам» деп адамдар кийинип чечинчу кабинанын мага жакынырагына кирип кетти да, бир аздан кийин плавкичен болуп колуна пакет кармап чыгып кетти. Артынан эле мен кирип, тиги таштап кеткен формамы кийип, автобустун колокосуно жатып алдым. Азатты карасам бир катердин ээси менен суйлошуп турат, ошо менен кетет эми.
Эми эмне кылам, кайтып келгеним туура болдубу, же ошондон ары качып кетиш керек беле. Качып кетсем Камчыке дайынсыз жоголсо, ошол эле куну мен дайынсыз жоголсом милиция деле, Акимыч деле менден эле кормок да артыман милиция тушмок. Милиция жердин жети катар тубуно кирип кетсен да таап чыгат, качып кете албайсын. Эми болору болду, же камалам же алтынды алып качып кетип бир жакка барып бай болуп жашайм. Кечке чейин ар нерсени ойлонуп акыры озуму озум актадым. Камчыке озу куноолуу да, атайын кылбадым. Мандайына жазылганын корду да. Ээ кечке чейин ойлоно берип башым каттуу ооруп чыкты.
Эми эн негизгиси кандай жол менен болсо да женип чыгыш керек, а женуучуну эч ким соттобойт.
Тамактанып жатканда катуу ойлонуп калганмынбы, мага бироосу суроо берген экен, укпай калыпмын, баары мени карашып калышыптыр. Гули турткондо гана айланамы карап калсам баары кулуп жиберишти. Гули «эмне эле болуп жатасын» дейт.
Кой озуму колго алайын дедим, минтип журсом булар го мейли эч нерсени билишпейт, Акимыч жакында угат Камчыкенин жоголгонун, мени андыганы жоноткон, биринчи эле менден шекшийт да. Тоодон озу тушуп кетти дегенге ишенбесе керек.
Уйго келип светти очуруп, жуурканымы чумконуп алып телефондун жарыгында борт журналды окуп жаттым. Каякка учканы, самолетто кандай кемчиликтер болгону, айтор кызыктуу эч нерсе жок экен. Эн акыркы барагында гана самолет Кара Колдогу аэродромдон 1935-жылы, 14- апрелде танкы саат жети отузда учуп чыкканы, барар жери Тибет, Лхаса шаары деп, рейстин номери жазылыптыр. Самолетто эки советтик учкучтан башка дагы Германиянын «СС» тин сегиз офицери деп, фамилия, аттары, аскердик чиндери жазылыптыр. Ошону менен жазуу токтоптур.
Демек кандайдыр бир тапшырма менен немистер биз аркылуу Тибетке алтын тенгелерди алып кетип жатышып, ошондо оюма келди, шаркыратманын жанында агарып калган жерге самолет урунган да. Бироосу куу менен барып ункурдун ичине кирип кеткен окшойт да. Тируу калган болсо алтынды биздин бийликке ишенбей, же озуно алам дегенби ункурго бекитип кеткен. Автоматты да ошол эле койгон да.
Гитлер бизге кол салганга чейин Германияга дуйно жузу каршы болуп, бир гана СССР менен мамилеси тузук болгон да, Гитлер менен Сталин дос катары болушуп, немистердин учкучтарын, танкисттерин, айтор согуштук кадрларын СССРдин аймагында, Ростовдо жана башка шаарларда биздин аскердик мугалимдер окутушуп, машыктырышып, даярдап берип турушкан. Гитлер дээрлик европанын жарымы менен кырылышып жатканда Германиянын заводдоруна курал чыгарганга темир атпайларды, аскерлерге тамак аш ж.б. нерселерди жонотуп турушкан. Ушундай мамиледе болушкандан кийин биз аркылуу отпогондо кайсыл жак менен барат эле. Тибетке Индия аркылуу ото албайт эле, ал убакта Индия Англиянын колониясы болгондуктан англичандар жол бербейт эле. Кытай АКШнын айтканын кылып турган, америкалыктар деги эле жол бербейт эле.
Бир гана жол уйгурлардын Синьцзяны аркылуу болгон. Синьцзян ал убакта озунчо мамлекет болгон. Ошол маалда Ош менен Нарында «кыргыз бригадасы» деген жашыруун ат менен тузулгон советтик Армиянын жети мин аскери Синьцзяндын жетекчилигинин суранычы боюнча жашыруун Синьцзянга кирип, жергиликтуу адамдардай кийинишип, которулушчулорду басып, дээрлик ошол жерди башкарып турган да. Тибетке эн ынгайлуу, коопсуз жол болгон.
Бир жыл мурун олгон эки немис ошол тируу калган офицердин неберелери окшойт да. Офицер озу жалгыз эле тируу калса, эрте жаз болсо, бул жерге адам коп деле келе бербеген болсо. Алтынды бекиткенге убактысы кенен эле болгон да. Кийин чондоруна куйуп кетти, чогуп кетти деп, озуно алгысы келген да, мен деле ошентмекмин. Алтынды бекитип, картасын чийип алган, кийин согуш башталып кетсе келе албаган, андан кийин СССР жабык мамлекет болгон, анда деги эле келе албаган. СССР урагандан кийин гана, эми келген окшойт да неберелери. Ункурдогу скелет да дайынсыз жоголгон немис эле да, башка ким болмок эле. Байкеси кундуз жип менен тушкон болсо, келемиштер жайып койгон алтынды коруп тере баштаганда келемиштер коп болуп келип кол салса коркконунан аскадан боюн таштап жиберген, ташка урунган болсо больницага жетпей олду да. Иниси жогоруда жипти кармап турган болсо, келемиштерди корбогон, байкесин кокусунан тайып кетип олду деп ойлоп калган. Байкесинин колунан же чонтогунон алтын тенгелерди коргон болушу керек. Алтын ушул жерде экенине толук козу жеткен. Эл шекшип калды, эртерээк алып кетейин деп, ошол эле куну тундоп келип, келемиштер бир нерсе болуп тигинин тушконун билишпей калган. Немис шаркыратманын ичиндеги ункурго киргенде келемиштер кол салса, коркконунан тросс зымга урунуп автомат атылып олгон.
Чонтогумдогу алтын тенгелерди карап суктанып жата бердим. 1933-жылы чыккан окшойт. Арт жагында Германиянын герби окшойт, буркутко окшогон бир сурот. Алды жагында 5, 20 деген цифра, бир тушунуксуз жазма тамгалар. Бироосу канча турар экен, кеминде он мин сомдон болсо да.
Бекитиш керек эми эч ким таппагыдай кылып, бул жерге бекитсем соссуз таап алышат. Ойлонуп отуруп акыры озум менен эле алып журмок болдум, ремендин тигилишин согуп, тенгелерди ичине тизип салып кайра тигип, шортыма тагып, футболка кийсем эч нерсе билинбей калат.
Эми озумун колумда эле тагдырым, же бар болом же жок болом. Алтындарды алып кете алсам, акча менен кимиси болбосун оозун жаба алам, алып чыгып кете албасам Акимыч эле жок кылат. Азырынча тийбейт мага, мен керекмин, алтындарды алгандан кийин мен буларга коркунучтуу болуп калам.
Тез арада келемиштерди кууган аппарат табышым керек.
Эми эмне кылам, шаарга чыктым дегиче Акимыч менден шекшийт.
Гулинин инисин суранайын десем, ал деле макоо эмес да, кундо эле ар шылтоону айтып кете берсем шекшип калат.
Дагы досума чалсам жок дебейт ко бирок кайра кайра сурана берсем ал деле кандай ойлоп калат.
Гулинин озун суранып коройун деп чечтим, аппараттын сырты бут эле кытайча жазылган, тушунбосо деле керек эмне экенин.
Тундоп интернет магазиндин сайтына кирип аппараттын кымбатын, бир комплект кымбат, кучтуу батарейка заказ кылып койдум.
Эртеси тамактанып буткондо Гулини сыртка чакырдым:
— Гули эртен Бишкекке барып келе албайсынбы, мен Акимычтын тоого чыкканда керек боло турган аппаратын сындырып алдым. Эми эч кимге билдирбей ордуна коюшум керек. Бишкекте бир фирмада бар экен, келип алып кет дейт. Анан бир телефон, бекер симка да ала келчи.
Гули ойлонуп турду да:
— Эки уч кундон кийин барса болбойбу? Азыр коруп атасын го адамдар жетишпей жатат.
— Анда кеч болот да, туристтер эртен чыгабыз деп калышса, мен аппаратым жок деп турсам. Тушуносун да Акимыч мени " жеп" коет — деп ар нерсени айтып жатып аран кондурдум. Жол кире деп коп эле акча бердим.
Эртеси эрте кеткен окшойт, тушку тамакка келип калды. Эч кимге айтпа, корсотпо деген элем, эч кимге корсотпой алып келип жашаган болмосуно бекитип коюптур. Тундо алып чыгып берди.
Гули кеткенден кийин, тунку саат экилерде баары уктаганда мейманканадан уч чакырымдай алыс барып жаны телефонго жаны симканы салып милицияга «Камчыкени Акимыч менен тоого чыгып кеткенин коргом, сурак кылып коргуло. Ошол эле билет» деп СМС жазып, жонотуп жибердим да телефонду, симканы майда кылып талкалап, асканын боорунда жарака бар экен ошол жараканын ичине таштап салдым.
Эртеси эле, эртен менен мейманканага милиция келип Акимычты алып кетишти. Мен дароо базага кетип калдым, чынында корктум. Кетип калып туура эмес кылдым окшойт, бирок мейманканада журсом бир нерсе кылып билдирип коюшум мумкун эле. Кечке тамактанып отурганда бут кабарды уктум.
Акимыч ошол кеткен бойдон али келбептир мейманканага. Милиция келип мейманканада иштегендердин баарынан Камчыкенин суротун корсотуп, «акыркы жолу качан каерде коргонун сураптыр». Мени баарынан сураган экен, баары эле эч жакка барбаган, ушул эле жерде жургон дешиптир. Ишенишкен окшойт чакырышпаптыр. Райым таз келбептир, келсе биринчи эле мени баса калмак. Камчыкени табышпаган окшойт да али, онойлук менен табыша да албайт эле, карагандардын арасынан корунбойт онойлук менен.
Эми эртен бутуруш керек, журо бергенге болбойт эле. Гулинин инисине, Азатка дагы чалдым, келмек болду.
Кечинде эртерээк уктайын деп канама кирип жатсам саат ондордо Гули чалып калды, беш муноттон кийин барам соз бар" дейт. Тан калып койдум, кирмек тугул жакын жолобочу эле го.
Кирип келип унчукпай эле отургучка отуруп мени карап калды. Мен тан калып эле керебетиме отуруп, эмне дээр экен деп карап калсам:
— Дастан эмне кылганы жатасын? — дейт.
Оозум ачылып калды. Сезип калган окшойт бир нерсени. Бир нерседен корккон коз караш.
— Жок, эмне кылмак элем, эмнеге?
— Кечеги алып келген нерсе чычкан-келемиштерди кууй турган нерсе экен. Эмне кыласын аны. Азатты ордуна коюп коюп каякка эле барып келатасын.
Мындайды кутпогондуктон соз таппай эле отуруп калдым.
— Аралдагы мазарга барып атасынбы. Ал жерде алтын бар деген бекер соз, ишенбе, этият бол, ал жердин ээси бар- деп мени бир жалооруган «этият болчу» дегендей коз караш менен карап калды.
Аябай жакшы коруп кеттим, кучактап ооп ооп алгым келди. Эмне кылсам, айта берсемби ачыгын деген да ой келип кетти.
Акыркы убактарда кечинде жатканда коз алдыма, алтындарды алып кетип сатып, коп акча кылып, жакшы там сатып алып, кымбат машина алып, минип келип Гулини алып кеткеними элестетип, кыялдана берчумун.
Унчукпай эле отуруп калсам Гули тушунду окшойт:
— Дастан этият бол, Акимыч коркунучтуу адам, алыс эле журчу андан. Эч нерсесине аралашпа- дейт.
Эмне деп жооп беришти чынында билбей калдым, эптеп ар нерсени окшоштуруп айтып конулун жайгарып койдум.
Гули баары бир ишенбеди, кетерде гана:
— Байлыкты эмне кыласын Дастан, тынч эле бактылуу болуп жашаган жакшы эмеспи- деп дагы бир нерселерди айтайын деп мени карап турду да, козумон баары бир оюман кайтпашымы окудубу билбейм, айласы калбагандай карап коюп чыгып кетти.
Бай болсон, каалаган нерсени сатып ала алсан, каалаган убакта ысык жактардагы аралдарга барып эс алып келе алсан, ошондо гана бактылуу болосун да. Минтип Россияда кыйналып иштеп качанга чейин журом. Бир жакшы фирма ачып койсом, анан Гулин алып ар жактарга барып эс алып журсом ошо бакыт да.
Эртеси саат тогуздарда керектуу гана документтерими алып, пляжга жонодум. Эми кайтпайт элем бул жакка, алтындарды которушумчо алып, калганын бир жерге бекитсем кийин бир жылбы, эки жылбы убакыттан кийин, баары басты басты болгондо келип алып кете берем. Саат ондордо Азатка пляжды тапшырып коюп, аппаратты, кучтуу фонарик алып тоонун арасы менен куйгон арчага барып, айлананы карап он муноттой бекинип жаттым эч ким корунбойт. Арчанын ичинен рюкзакты алып чыгып кийинип, тапанчаны толук октоп, суу кирбегидей кылып кленкага салып, ременди тагып тапанчаны салдым. Дурбуну мойнума илип алдым. Узундугу он метр жип кыркып ичиме ороп сыртынан куртканы кийип алдым, жип суунун тубундогу туннелден каптарды алып чыкканга керек болот. Аппаратты, жиптерими которунуп алып шаркыратмага келип, эки жакты карасам эч ким корунбойт. Жиптерими даракка байлап, тушойун деп асканын кырына эми отурсам артыман шыбырт угулуп калды. Дароо пистолетими кармадым, бирок кленкага ороп алгам, алып чыгып кленкасын чечкиче мени эки жуз жыйырма жолу атып салышат эле. Бурулуп карасам токойдо бекинип жатышкан окшойт Муслим менен Акимыч чыгып келишти, экоосунун тен колдорунда ун чыкпас тапанча, мага такап калышты. Жиптерими кармаган бойдон туруп калдым. Эми булардан каякка качам. Ушул жерде каламбы эми, немистин жанында скелетим жатканын элестетип жибердим.
Муслим жакынырак келип:
— Колуну- деп тапанчасы менен жансап «котор» дегендей белги кылды.
Колуму котордум, Муслим ичтерими текшерип тапанчаны таап, Акимычка берди, Акимыч тапанчаны номерин карап эле тушунду окшойт, согунуп келип ичиме кучунун барынча бир тепти эле талып эле жатып калдым.
Башыма, мойнума козуму эле ачык калтырып мейманканадан алган узун чачыкты ороп алган элем, чачтарымы чачыкка кошо тартып козумо карап:
— Сенин эле кылган ишин деп ойлодум эле, Камчыкени менден коруп жатышат. Эми соз мындай, айтканыбызды аткарып, фокус корсотпосон тируу калышына кепилдик берем. Алтын да аласын, эгер кичине эле кыйшандасан атып салам, уктунбу- дейт.
— Озунуз ишенет белениз менин ордумда болгонунузда, кантип эле мени тируу калтырасынар- деп дагы суйлойун деп жатсам Муслим бет талаштыра бир тепти эле, мурдуман кан атып кетти. Мурдуму кармап отуруп калсам, Акимыч кучунун барынча эле тээп, тээп алды. Аба жетишпей дем ала албай, оозуму чон ачып дем алышка аракет кылып жатып калдым. Билишет экен каерге тебишти. Курткам калын болуп, аз да болсо сактады окшойт. Эки жагымда тапанчаларын такап турушат экоосу. Башымдагы чачыкты чечип бети башымы тазаладым, кан толуп калыптыр. Муслим дагы тебейин деп шымаланып калды эле, бир колуму которуп, «болду, болду тушундум» дегендей кылдым. Антпесем уруп- тепкилей берише турган. Ичтерими кармалап корсом сынган жерим жок, балекеттер жакшы эле билишет окшойт каерге тебиш керек экенин. Эч жерим сынбаптыр, али керекмин да буларга, менсиз алып чыгыша албайт да алтындарды.
— Макул, макул жендинер, эмне кылабыз?- дедим айлам кетип.
— Созду башында эле ушундан башташ керек эле- деп Акимыч алдыма отуруп, чачыман тартып кармап башымы которуп:
— Биз билебиз ушул жерде алтын бар экенин, сага да беребиз коркпо. Азыр Муслим экоон тушуп алтындарды салып чыгып жипке байлап мага бересинер, мен тартып алгандан кийин сен бизге ишенишин учун экинчи сен чыгасын, сенден кийин гана Муслим чыгат. Сен озунун улушуну алып каалаган жагына кете бересин.
'Хе" дедим ичимен, жаш баланы алдагандай алдашат да:
— Баары бир кепилдик жок экен да менин тируу калышыма. Ким кепил боло алат артыман атпашынарга?
— Созубузго ишенбегенден башка жолун да жок сенин. Эгер макул болбосон ушул жерде атып салабыз. Сенден башка альпинист жок деп ойлойсунбу.
Туура айтат да, менден башка адам таппай калышмак беле, бир ой келди, макул болдум. Менин дароо макул болгонума Акимыч тан калып, бир нерседен шекшип козумо карап турду да:
— Эй бала, козунду чон ач, бир нерсе кылсан дароо атып салам уктунбу- деп, ишенсин дедиби, дагы ичиме бир тээп алды. Дагы талып жатып калдым.
Бир аздан кийин озумо келип:
— Эмнеге салып чыгабыз? — десем, Акимыч:
— Рюкзагына саласынар- дейт.
-Ал жерде алтын коп, чон ящикте толтура алтын бар, рюкзакка батпайт, уч мешок керек.
— Ошондой коппу? — деп экоосунун коздору жайнап кетти.
— Анчалык коп эмес, бирок уч мешокко, рюкзакка болуп салыш керек, алтын оор болот. Коп салсак алып чыга албайбыз, которуш кыйын болуп калат.
Акимыч Муслимди карап:
— Мен айттым эле го сага- деп, анан мени карап «макул мешок бар» — деп Муслимге «журсон» дегенсип ээрчишип менден алысыраак барышып кенешишти окшойт, Муслим тээ ылдыйга тушуп барып эки жаны мешок алып келди. Аттары бар болсо керек да, кантип байкабадым экен, токой коюу болсо бекитишкен окшойт.
Акимыч «учообуз тушобуз» дейт. Алтын коп болсо Муслим мени менен озу жалгыз тушкондон коркту окшойт, бир нерсени баштабасын деп.
Учообуз тушмокчу болдук.
«Тушундур» дешет кайсы жипти кармап, кантип тушорубузду.
Биринчи болуп мен туштум, артыман эле Муслим тушту. Тапанчасын мени ата койгонго ынгайлуу кылып колуна байлап алган. Эки козу менде, мен тектирге эки уч метр жетпей таштарды кулатып, аппаратты жактым. Келемиштер бир заматта пайда болушту да уч-торт муноттон кийин бирден экиден болуп жатышып баары кайра шаркыратманын ичине кирип жоголушту. Акырын тектирчеге туштум, артыман эле Муслим анан Акимыч тушту, экоосунун колунда пистолет, мага такап алышкан. Аппаратты алдыма алып акырын басып шаркыратманын ичине кирдим, артыман экоосу да киришти. Экоосу да фонарик алып алышкан экен, жагып ункурдун ичине кирдик. Экоосуно жерде жаткан скелетти корсоттум, «этият болгула» дегенсип. Суйлогон менен суунун шарынан эч нерсе угулбайт эле. Скелетти корушуп экоо тен коркуп кетишип дубалга суйонуп калышты. Менин коркпогонум дем болду окшойт, бир аз турушту да, дубалга жармашып айланып отушуп ункурдун ичин кызыгып карай башташты. Мен «болгула» дегенсип экоон ээрчитип алтын тогулгон жерге алып бардым, алтындарды жарык кылсам ооздору ачылып, озулорун жоготуп туруп калышты. Биринчи болуп Муслим озуно келди да дароо мага тапанчасын такады. Коркуп кетти окшойт да мени бир нерсе кылып жиберет деп. Мен дароо колдоруму эки жакка жайып эч нерсе кылбайм дегендей башымы чайкадым. Куралы жок колунан эмне келет дедиби, кайра алтындарды карап, экоосу суйунгонунон бир нерселерди суйлоп жиберишти, тушунгон жокмун суунун шарында. Отуруп алып колдоруна кочуштап алышып, Акимыч алтындарды бетине сыйпап, жыттап жыттап алды. Мен «болгула» дегенсип колумдагы саатты корсоткондой белги кылып мешоктун бироосун алып оозун ача баштадым. Мешоктору да берзенттен тигилген, аябай бышык экен. Алар да экоолоп бир мешокко сала башташты. Жерге тогулгон алтындар тугонгондо Муслим ящиктин ичиндегилерди колу менен шилеп тушуруп эки мешокту жарымдан азырак кылып салдык. Которуп корсок аябай эле оор болуп калыптыр, мен рюкзагымы артыма илип алган элем чечип, эки мешоктон алып учооно тендеп салып, ооздорун байладык. Которсо боло турган эле болуптур, кичине эле алтын ушундай оор болобу. Мен рюкзакты ункурдун ортосундагы колдун чекесине, тешиктин кырына тушор тушпос кылып коюп, дагы бир мешокту которуп келип жанына койдум. Акимыч да бир мешокту которуп келаткан экен, жардам берген адам болуп колунан алсам, ал да бутун суу кылгысы келбеди окшойт, мага берди, рюкзактын экинчи жагына койдум. Ойлору алтында болуп эч нерсени сезишкен жок.
Ящиктеги алтындардын жарымын салган окшойбуз. Мен тешикке келип ящиктин кармагычын тартсам, ичиндеги алтындар чачылып, ар жактарга тоголонуп кетти эле отура калып фонариктин жарыгында чогулта баштасам тиги экоосу да эки жакка кетишти фонаригин кармап алтын терип. Алтындарды издеген адам болуп тигилерге байкатпай келемиштерди кууган аппаратты очуруп салдым. Экоосу алтындарга алаксып эч нерсени байкашкан жок. Эми даяр туруш керек. Сууга жакынырак жерлерден алтын издеп аткан адам болуп турсам, келемиштер коп куттургон жок. Эки мунот да отподу окшойт. Биринчи болуп ункурдун чекесинде турган Акимыч бакырды, ага удаа эле Муслимдин бакырган уну угулду. Бакырбагандан башка эмне кылышат эле, мышыктай болгон келемиштер кеминде он беши бир жармашса. Кийимдери да жука эле. Фонаригими дароо очурдум, ункурдун ичин карангы болуп калды. Экоосу тен тапанчалары менен туш келди аткылап, баеырып жатышты.
Мен дароо турган жеримен секирип эки капты, рюкзакты денем менен, салмагым менен сузуп, суруп сууга тушуп кеттим. Суу дароо эле тартып кетти. Таштарга урунсам аз болсо да сактайт деп каптын бироосун алдыма алып бекем кучактап алдым.
Урунуп беринип атып колго туштум, мурункуда байкабаган экем, ункурдун тешигинен тушкон суунун орду уч торт метрдей оюк болуп калыптыр. Каптар ошол чункурга тушуп кетиптир, аран алып чыктым. Суунун тубундо анча эле женил болуп калат экен. Эми сыртка алып чыгыш керек.
Ичиме байлаган он метр жипти ункурдун ичине, орчук болуп чыгып калган ташка бекем байлап, экинчи учун белиме байлап каптын бироосун алып туннель менен агып сыртка, колго алып чыктым. Суунун агымы туннелдин ичинде аябай эле кучтуу болот экен, жип байлабасам кайра кире албай калмакмын. Дагы эки жолу кирип алтындарды алып чыгып суунун тубу менен сузуп, асканын тубу менен, шаркыратманын артынан, суу тийбеген жагы менен, суйроп келип ункурго учоон тен ташып келдим. Бир каптын оозун ачып рюкзактагы алтындардын жарымын салып оозун бууп, эки капты ошол жерге суунун тубуно бекитип, чон чон таштар менен устун бастырып салдым. Эки дуйнодо да эч ким таба албайт эми. Рюкзакты алганга оной кылып, ункурдон алып чыгып, асканын тубуно сууго чоктуруп, агып кетпесин деп жиптеринен тамырларга байлап салдым.
Суу тоонун суусу да, ото эле муздак эле, коп журуп койдум, ашказаным ооручу эле мындай суукта коп журуп калсам. Бир жагынан ункурдун ичи ото эле сыз экен. Эми оорубай турса экен ушундай маалда.
Пляждан кеткениме бир жарым сааттан ашып калыптыр. Сырткы кийимдерими чечип, шорты, футболкачан болуп сыртка сузуп чыгып асканын тубуно бекинип он муноттой эки жакты карап жаттым, тынч, эч кимдин шеги билинбейт. Ким келмек эле, Акимыч эле болсо эч кимге айтпайт да.
Эми планым озгорду, кайра пляжга барып бир жумадай журуп турат окшойм, Акимыч, Муслим жоголсо, ошол эле куну мен дайынсыз жоголсом милиция дароо эле тушунот, издей башташат. А милиция издегенди билет, оной эле таап алат.
Тез пляжга жетиш керек.
Баары басты басты болгондо, бир жумадан кийин кете берсем, артыман эч ким издебесе, эртен качан милиция келип кармап кетет деп коркпой уркпой жашасам.
Мени ким корду, ким эмне деп куноо кое алат эле.
Рюкзактагы алтынды алып Бишкекке жетип алсам, калганын коро жатарбыз.
Ошко кетем, ал жакта жакшы, Бишкектегидей, жанталашмай, бири бирин тоноп кетмей жок, эли бейгам жашайт. Оштой берекелуу жер жок болуш керек. Бир жерди билем, беш гектардай бар, тоонун арасында. Сатып алып короолоп, бак тигем, суу алып келип балык остуром.
Гулини алып кетем.
Кой кыялданып отура берсем бироо мага даярдап бермек беле. «Кудай деле аракет кылсан берем» дейт экенгу.
Рюкзакты алып тоого чыктым, биринчи женил эле сезилген рюкзак чокуга чыкканча аябай эле оор болуп кетти. Кырк килодон ашат ко дейм. Кырк кило салмакты аябай жакшы билем. Бир убактарда Екатеринбургга барып жумуш таппай айла жок картошка сорттоп кышында уч ай иштегем. Ачык талаада кытайлар картошка эгишет экен. Картошкасын аябай чон жер толодо сакташып, кардар келгенде биз сорттоп, кырк килолук сетка мушокторго салып, фураларга жуктоп берчубуз. Кырк кило канча болорун ошондо которо берип жакшы билип калгам.
Эптеп чокуга чыгып, усту тегиз, жайык жер эле, коюу карагандын арасына бекинип жатып калдым эч нерсеге алым келбей.
Эми кичине бассам дурбудон пляж даана эле корунот, тоодон жарымына чейин тушсом телефон да тартып калат, Азатка чалып жонотуп жиберишим керек, менин айыман ал да бир нерсеге илешип калбасын.
Жарым сааттай жаттым дем алып, эми жонош керек, Азатты эртерек жонотуп жибербесем болбойт. Анан калганын ойлоном эмне кылышты.
Ордуман туруп эле кайра бироо которуп чапкандай болуп жерге кулап туштум, ашказанымын оорусу дагы кармаптыр да. Ашказаным муздап, туйулуп калат, эч нерсе кыла албай уч буктолуп жатып калам мындайда ичими басып, отура да албай калам мындайда. Тике тура албайсын, ичегилерин байланып калгансыйт, дароо же арак же коньяк ичиш керек же ыссык нерсе бассам да басылып калат.
Ээ бул ооруну да Россиядан арттырып келгем. Екатеринбургда, ошол кытайлардын картошкасын сорттоп иштеген жердин ичи суук эле. Картошканын чиригендери болот, алып чекеге ыргытышын керек, ошолорду кармай берип колдорун суу, чыла болуп, тонуп калат таш болуп. Картошка алып кеткени жыйырма беш тонналык фуралар келгенде мешокторду жуктоп беребиз. Акчасы кобуроок толонот жуктогонго, машинаны коп кармабай тезирээк жуктоп бериш керек. Ошого дем алганга убакыт болбойт, коп болсо алты бала жуктойбуз, жыйырма беш тонна картошка ото эле коп болот экен. Жуктоп жатканда тердеп кийимин кол шал суу болот, ошол бойдон дагы отуруп алып суук жерде картошка сорттойсун. Терден суу болгон кийимдерин отурганында муздап, кечке чейин ушуп, тонуп, кыймылдай албай каласын. Кечинде денене арак сыйпап, кичине ичип жатып алсан анча эле сезилбей калат. Ар куну шаарга барып келе берсен жол кире кетет деп ошол жерде бир канасына эле жатып алчумун, душ жок, ызылдаган суук болсо да арга жок, муздак сууга эле, далда жерге жуунуп аласын. Ошол жерде уч ай жатып иштеп ашказаным ооруп калган. Азыр да суукта кобуроок журуп койсом ооруп калат. Убагында акча болбой дарылана да албай калган элем. Кечинде жатаарда жарым саат машыгып жургонум учун гана анча сактап калдым окшойт ден соолугуму.
Ошол ооруум кармаптыр да дагы. Бир жылдан бери оорубай, эстен чыгып кеткен экен. Ичими кармап эле жатып калдым, чыдатпай ооруп жатты. Кобуроок журуп койдум окшойт да тоонун муздак суусунда.
Ээх атаны, кичине арак болгондо, дароо басмак. Жата берсем бироо жарым коруп калса эмне болот. Туйулуп ооруганына чыдап, ичиме массаж жасай баштадым, акырындан катуулай бердим, анчадан кийин бир аз кое бергендей болду. Эптеп комкоромо оодарылып эки колум менен белимин терисин бекем чымчып кучумун барынча тарттым. Белге жел туруп калат окшойт да, ичим анча эле кое берди, туйулгону анча эле басылып калды. Рюкзакты которо албай турганмын, ошол жерге бекитип коюп пляж коруно турган жерге чейин акырын жормолоп бардым.
Пляжда туристтер эле журот, Азат корунбойт, бир дарактын тубундо жатса керек да колоколоп. Азатка чалыш учун кеминде жыйырма метр ылдыйга тушуш керек. Пансионат корунбойт бул жактан, пляжга келген жол эле жарымына чейин корунбосо.
Алтындарды алып келип, коруно турган жерге бекитип коюп ылдыйрак тушуп Азатка чалып коюп кайра чыгып кечке чейин бекинип жатам эми. Андан кийин эмне кылам бир Кудай билет.
Бир ой кетет алтынды ушул жерге бекитип озум эптеп Колдон чыгып кетсем. Ремендеги алтындарды сатып корсом, рюкзакты анан деле алып кетем да.
Бирок ушунча алтынды кантип таштайм, бироолор кокусунан келип коруп калса, ээ кыскасы кай жерге бекитсем да бироолор таап ала тургансый берди.
Ушундай маалда оорумун да кармап калганын, Бишкекке жетип алганда кармаса да мейли эле. Эми копко чейин оорута берет, маал маал кучоп ооруп, кайра кое берип.

Кайра жормолоп жогору чыгайын деп жатып пляжга келген жолду карасам милициянын машинеси келатат. Беш мунотто жетишет пляжга. Журогум болк деди, демек Акимычты издеп журушот, мени издеп келатышат да. Эмесе пляжга эмнеге келишмек эле. Жанталашып жормолоп ылдыйга жонодум, Азатты тез жонотушум керек пляждан. Бир эки жерден томолоп, шагылдуу жерлеринен агып эле кеттим. Телефон колумда, маал маал карап коем антенна пайда болбодубу деп. Акыры антеннанын эки сызыгы пайда болгон жерде Азатка чалдым, колоколоп жатып алып телефон чукулап жаткан окшойт, дароо эле алды:
— Алло- уну бейкапар.
— Азат Акимыч келатат, тез эч кимге байкатпай кетип кал, сени менин формамы кийип жургонуну корсо мага соз тийет.
— Аа ок, тушундум. Корбойт коркпо, кийимдерини баягы жерге коюп коем — деп коюп койду.
Дурбу менен карап жатсам кийин — чечинчу кабинадан плавкичен чыгып, катерлердин жанында турган туристтерге аралашып кетти.
Эки милиция келген экен, мени аябай эле издешти, Азаттан да сурашты окшойт, бир нерселерди суйлошуп жатышты. Азат эртерек кетип калганда жакшы болмок эле. Ал деле ойлонуп калса керек, мен Акимыч баратат десем, анан милиция келип мени сураса. Эмне деп жооп берди экен. Ээ эмне болсо ошо болсун, баары бир эми булар менен экинчи жолукпагандан кийин. Телефонум шынгырап калдым, карасам Гули, эми Гулиге эмне дейм:
— Да Гули.
— Дастан милиция келип баарыбызды залга камап отурушат. Сага кетишти, Акимыч качып кетиптир, ошону издеп журушуптур.
— Ооба кордум машинасы келатат.
— Дастан этият болчу, Райым таз келип эле сени сурады, кармап, колун байлап алып келгиле деп жонотту адамдарын.
— Жаны келгенде урушуп кеткен элем, ошого очошуп жатса керек. Гули менин номерими очуруп салчы телефонунан, сага да асылбасын.
— Эмнеге очуром, мага эмне дейт эле?
-Очуруп сала берчи, сураса урушуп кеткенбиз деп кой. Мен корунбой эле коеюн Райым тазга. Мен озум сага чалам кийин.
— Тушунбодум, сен эмне качып кеткени жатасынбы?
— Ооба, тынчырак кетип калайын бул жерден.
Гули копко чейин суйлобой калды, дем алганы угулуп турду да, милиция келип калды окшойт, шашып:
— Макул очуруп салам номерини, урушуп кеткенбиз деп коем, ушул номерде болом чала бер — деп коюп койду.
Пляждагы эки милициянын бироосу бир жакка чалып суйлошуп, кайра кетишти машинесин минип.
Телефонуму очуруп салдым, мени издеп чалышат да эми.
Ээх атаны, жетишпей калдым, милиция келгинче пляжда болуп калганымда аябай жакшы болмок. Канча проблема жок болот эле. Рюкзакты колго эле бекитип турсам болмок экен, мумкун оорум кармабай турат беле, кийин деле алып кете берет элем. Макул эми болушунча болду, эми биягын ойлонуш керек.
Азыр бир аздан кийин дагы ичим туйулот, дагы ооруйт чыдатпай. Акчаны аябай дарыланып кое бербеген экенмин. Текшерилген да эмесмин, эмне оору экенин да билбейм. Арак же коньяк ичсем же набат кант кошулган ыссык чай ичсем басылып калчу.
Турсам ичим дароо кармайт, дагы кармай электе деп жормолоп тоого чыгып, рюкзак жаткан карагандардын арасына кирип жатып калдым.
Саат деле бир болуп калган окшойт, кун ыссык ото эле, ичими кунго кактап жаттым жардам болобу деп. Болбоду дагы кармады, дагы чыдатпай ооруп туйулуп, тээ анчадан кийин кое берди. Минтип жата берсем олуп калыш деле кеп эмес, арак же коньяк табыш керек. Ойлонуп жатып акыры Азатка чалмак болдум, акчам бар тузук эле, акча берем десем алып келип берсе керек. Бир нерсени шылтоо кылам да, оорум басылып калса бул жерден алыс кетсем таба алышпас дароо эле. Андан ары шартка карап коро жатарбыз. Россияга кетип калсам ким табат эле.
Кайра телефон тарткан жерге тушуп телефонду жактым. Ондон ашык белгисиз номерден, эки жолу Гулиден, бир жолу Розадан чалуу болуптур. Эки смс келиптир. Ачып окусам экоосу тен Розадан экен. «Дастан телефонуну очуруп койгонун жакшы болуптур, сени аябай издеп жатышат, кайра кайра ар телефондон чалып, этият бол. Райым таз баарыбызды кууруп тапкыла деп жатат», «Дастан сенин болмонон бир журнал табышыптыр, бот журнал дейби тушунбодум, самолеттун журналы экен. Райым таз сени кармагыла деп Боомдогу постко чалды. Милициялар пансионатты тытып жатышат, дагы бир жактардан милицияларды, солдаттарды чакырды. Колдон чыгарбай кармайлы деп жатышат, этият болчу». Гули эле жазган окшойт Розанын телефонунан.
Борт журнал такыр эсимден чыгып кетиптир. Потолок пластиктен эле, бироосун чыгарып устуно коюп жаап койгон элем. Райым таз окуп эле тушунду да, ким болсо деле тушунмок да, баары эле уккан да алтын бар экенин.
Кайтып барбаганым жакшы болгон экен, Райым таз мени жеп коймок.

Автору Субан Джуманалиев
e-mail:suban78@mail.ru
Булак: Стихи.ру

18:21
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...