KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Ункурго катылган алтын - 2

Улуу ата мекендик согуш башталардан торт беш жыл мурун, ушул тоого, дал шаркыратмага согуштук учак урулуп кум жам болгон экен. Ошондон кийин ошол мазардын айлан тегерегине ото коп жыландар пайда болуп, адамдар, малдар бара албай калган экен. Кийин жыландар менен кор келемиштер ошол жерди талашышканбы, айтор ото коп жыландардын, келемиштердин олуктору сууга толуп агып, акыры жыландар женилген окшойт, тобу менен башка жакка кочуп кетишиптир. Ошондон кийин кор келемиштер ээлеп жашап калышыптыр. Адамдарга тийишпегенден кийин ал жерди ыйык дешип, ар жылы эрте жазда адамдар барып сыйынышып, мазарга айланып кеткен экен. Ошол урулган учактын ичинде алтын болгон. Бирок кийин канча аскерлер келип колдун тубун канча издешип эч нерсе таба алышпаган. Согуштук чакан самолётто каяктан алтын болмок эле, бекерчилердин созу да дейт.
— Былтыр ошол шаркыратма тушкон тоого чыгам деп Германиядан келген эки бир туугандар олушкон. Бироосу жиби узулуп, тоодон тушуп кетип больницага жетпей жолдо олгон, экинчиси ошол куну тундо дайынсыз жоголгон. Бир кундо эле экоо тынчыган да. Дайынсыз жоголгону алиге чейин табылбады. Милиция бир ай издеген. Германиядан туугандары келип, тапкан адамга он мин доллар деп, уч айылдын адамдары чыгып издегенбиз. Табылбай кетти ошол бойдон. Акимычты милиция сурака ала берип, акча берип атып аран кутулду окшойт — дейт. Ичим кым дей тушту, учугу чыга баштады.
— Акимычты эмнеге сурака алат, ошондон коруштубу.
— Жок эй, алар Акимычтыкына келгендер да, Акимыч келген туристтерди карап, коопсуздугуна жооп берем дейт экен да. А тигилер кундо эле тоого чыгып кетише беришсе, кундо эле карап журо бере албайт да. Алар озулору да эч кимге айтпай эле эрте туруп кетишчу экен.
Ойлонуп отуруп калдым. Кой эми ушунчасы болор азырынча, ушул жагын деле «аш кылып» алайын деп созду башкага бурдум. Айтып болбойт эле, Акимыч мындан мени менен эмне жонундо суйлошконубузду сурап калса, кыскасы этият боло берейин. Бул адамды деле тааныбагандан кийин, ичинде эмнеси бар ким билет.
Кечке уйго барып жатып алып ойлондум, демек кыркынчы жылдарга чейин ал жер мазар болбогон болсо. Анан кокусунан эле жыландар пайда болсо, артынан кор келемиштер келсе. Бири бири менен кырылышса. Алтынды талашып кырылышканы тушунуктуу эле да. Жанагы олгон эки туристтин ошол жерде олгону да тан калыштуу. Айтор дагы сураштырыш керек, ал жерде коп алтын бар демек. Мен коргон алтындарды кор келемиштер кунго жайганы алып чыгышкан болугу да.
Анан дагы ал жерде алтын бар деген имишти баары билет экен.
Керим менен эле суйлошпосом, дээрлик эч ким менен деле мамиле кылбайм. Озумун ишими кылып коюп, колго тушом же уктайм же телефондо, интернетте ар нерсени коруп жата берем. Мени менен суйлошконго деле эч кимдин убактысы жок, жумуш танкы саат алтыда башталып, кечки он бир, он экиде бутот. Дем алыш кун жок. Акимыч акчасын жакшы тологондуктон, сезондо иштеп алалы дешеби баары эле тынышпайт. Мейман тынбайт, туристтерден башка озубуздукулор да келишет экен.
Акимычка болсо кобунчо кеч киргенде, ар кандай адамдар келип кетишет, кобунчосу спортсмен, кайпи суук, менин оюмча ууру-кескилер эле деп койдум, айтор кобунчо ошолор келет. Офисине киришип алышып эмнени суйлошушот тушунбойсун, копко чейин отуруп кетишет. Муслим да кээде пайда болуп калат.
Аманды ошо келгенде коргон бойдон коро элекмин, анда санда гана телефондон суйлошпосок, байланыш деле жок.
Кээде ойлоном озум эч ким жокто тоого чыгып корсомбу деп, ал жакка эч ким деле барбайт окшойт. Ар ой келет, эгер Акимыч артыман андып жургон болсочу, бир нерсесин билген учун мени чакырган да. Дароо эле оюнан кайтпайт эле мындай адамдар. Акимычка окшогон адамдар кутконду билет, керек убакка чейин кынк этпей куто алышат мындай адамдар. Мен да ынгайлуу учурду кутойун деп чечтим.
Гули дагы деле «душманым», бирок негедир мага бара бара жага баштады. Кээде сагынганда ал байкабай тургандай кылып атайын жинине тийип коюп, кыйкырганын угуп алам. Озу да менин козумон байкадыбы билбейм мамилеси озгоро баштады. Бир куну кухнядагы таштанды салган темир чака оор эле, жарымына чейин толгон экен. Арабага салып алып чыкчумун, аз эле экен которуп чыгып тогуп келейин деп жатып кухнянын полу кафель эле тайып кетип тогуп алгам. Ошондо ушул Гули келип жардамдашып, полдорду жууп жардам берип калыптыр, тан калып койгом. Андан кийин да кулуп учурашып, жакшы мамиле кылып калды негедир. Жакшы эле кыз окшойт.
Чынында сулуу деп айта турган кыз эле, апасы уйгур, атасы кыргыз экен. Ошогобу сулуу, бою узун, ак саргыл, коздору кореянкалардыкына окшогон, ар дайым озуно жарашыктуу, тыкан, таза кийинип журчу. Чачын ар дайым «хвостик» кылып байлап алат.
Мага жакканы, эч жасалмасы, жагалданмайы жок, оюндагысын эркектердей тарс тарс айтып, жургону эле.
Гулини болосу бар Роза деген, экоосу тен кур, бир жаш эле айырма. Роза экообуз дос болуп калганбыз, аябай кулкучу, шайыр кыз. Гули экоосу менден уч уй арыдагы уйдо жашашат.
Бир жолу тундо уйдун ичи ысып кеткендиктен, матрацымы которуп сыртка чыгып бактын тубундо жатып уктап кетипмин. Бироодун суйлогонунон ойгонуп кеттим, карасам Гули, озу жалгыз Роза корунбойт, колунда телефон, телефонун карап алып ыйлап отурат.
Бир аз жаттым эмне кылышты билбей. Оюма ар нерсе келип кетти, акыры билейин деп чыдабай жанына бардым. Конулун которуп койгум келди. Гули мени коруп эле шашып бушуп телефонун очуруп, наушнигин алып калды. Эч нерсени сезбеген адам болуп жанына отурдум:
— Кандай Гули, эмне, уйкун келбейтабы, уктабайсынбы?
— Хюремдин бугунку сериясын коро албай калдым эле, кызык жерине келген эле. Коруп алып уктайын деп отургам. Озун эмне уктабай?
— Билбейм уйкум келбейтат.
Корбогон экенмин ал кинону, деги эле кино корбойм. Сыр бербей «аа» деп койдум.
Гули ичиндегисин бироо менее болушо албай эле отурганбы:
— Ибрагим олду — дейт. Тан калып калдым, Ибрагими ким эле. Билдирбейин деп:
— Ээ жаман болуптур — деп койсом, мени уккан да жок:
— Сулайман алдап хансарайда алып калып, тундо торт дулой жасоол келип, аябай кыйнап, бакыртып олтурушту — деп, элестетип жибердиби, нары карап жашын эле аарчыды окшойт, мени байкабасын деди окшойт башын жерге салып отуруп калды. Коккууй дедим, кинодогу бироо олгон болсо ошого ыйлап аткан окшойт бул. Бир аздан кийин озун кармай албай калдыбы, унун акырын чыгарып ыйлап кирди. Эмне кылышты билбей эле жанында отура бердим. Эми эмне дейм «Ибрагимдин жаткан жери жайлуу болсун, кайрат кыл» дейминби. Унчукпай отура бердим, мейли эми ыйлап ала берсин, женилдеп калса керек. Аябай кулкум келип Гули байкап калбасын деп башымы жерге салып ичимен кулуп жаттым, маал-маал карап коем байкап калбадыбы деп. Бир маалда башымы которуп карасам Гули мени карап турган экен тушунду окшойт кулуп жатканымы, жини келип, унчукпай туруп кетип калды.
Мен да уйго кирип интернеттен кмнону таап Ибрагимин корсом сакалдары сапсайып жудомуш, коздору тостойгон кызга окшогон бироо экен, тан калып койдум бунун эмнесине ыйлайт деп.
Эртеси мага капа болуп калдыбы десем андай деле корунбойт. Мени коруп жарк деп кулуп, учурашып отуп кетти. Ошондон кийин мен да Гули менен жакшы суйлошуп калдым. Азыр кээ кээде учообуз кечинде, алар иштен эртерээк бошогондо суйлошуп отуруп калабыз. Мен пиво ичем, алар жанымда отурушат ар нерсени суйлоп. Тамактанганы барганда Гули мага жанынан орун алып коет эч кимди отургузбай. Мария апага дайындап койгонбу, менин тамагыма элден кобуроок кылып эттерди салып берет, уялып да кетем кээде. Баары эле мени карап шыбырашып калышат, тушунуктуу да эмне деп суйлошкону.
Бирок Гулинин жигити бар эле, чын атын билбейт экем, Макс деп коюшат. Колдогу мен деген бизнесмен бала экен. Угушума караганда наркотик менен да иш кылат дейт, эми ким билет. Бизде байыган адамды эле же ууру, же наркобарон кылып коюшат ко. Жумасына эки уч жолу келип турат. Коруп калам кээде, бою узун, москоол, спортсмен экени корунуп эле турат. Машинасы коп окшойт, ар келгенде ар башка кымбат машинеде келет. Мейманкананын артында сору бар, ошол жерде суйлошуп олтурушат копко чейин.
Бир куну Роза менен суйлошуп отуруп калсам айтат:
— Гулини байкадынбы, мурункудай болбой жоошуп калды, сен жонундо эле суйлой берет. Ар кимди кагып силкип, урушуп эле журчу, азыр антпей калды. Качан карасан эле ой басып журот.
-Анын жигити бар го. Болгондо да Колдун мен дегендеринин бири го.
— Эми жон эле айттым да, Макс уйлоном деп журот, уч жылдан бери суйлошот экоосу. Бирок Гули Максты суйбосо керек, кайдыгер да.
Кантип эле сезбейин, билем мага кайдыгер эмес экенине. Ойлосом мурункудай болбой калыптыр, козумо карай албайт, ар дайым козун алып кача берет.
Ошондон коп отпой бир куну кечинде адатыбызча учообуз сорудо, мен пиво ичип, алар ар нерсени суйлоп отурганбыз, Гулинин телефону шынгырап калды. Гули телефонун карап, бизге «азыр келем» деп коюп кетип калды эле Роза мени туртуп:
— Азыр «развод по французски» болот журсон — дейт, экообуз мейманкананын бурчунан, карангы жерден карасак Макс келген экен, экоосу бир нерселерди суйлошуп жатышат. Прожектордун жарыгы тийип тургандыктан бизге даана корунуп турган, Макс Гулиге бир нерселерди айтып сурангансып, Гули башын жерге салып, же башка жакты карап «жок» дегенсип турат. Айтор экоосу копко чейин суйлошушту да, акыры Гули «кеч болду эс алышым керек» деди окшойт коштошуп бери басты. Макс Гулинин артынан бир нерселерди суйлоп жатты, бирок Гули артын карабай «жок» дегенсип башын чайкап келе берди. Макс бир аз Гулинин артынан карап турду да, умуту узулдубу ал да башын жерге салган бойдон солдуроп машинасына барып, айдап кетип калды.
Гули биз менен коштошуп, эч нерсе суйлобой кирип кетти. Роза да артынан кетти.
Ошондон кийин Макс келбей калды.
Кундо эртерек кеч кирсе экен, Гули келсе, суйлошуп отурсак деп кеч киришин куто турган болуп калдым. Базада журсом да Гули коруно тургансып мейманкана жакты карай берем.
Кундор ото берди, ар кимден ар нерсе угуп журуп Акимыч жонундо коп эле нерсе билдим. Акимыч студент кезинде Бишкекте окуп жургондо эки уч шериги менен таксисттерди тоноп, бироосун олтуруп коюшуп сегиз жыл турмого отуруп чыккан экен. Кийин чыкканда дагы бангизат менен кармалып аран кутулуптур. Азыр деле милиция бир нерсе болсо эле Акимычты келип текшеришип, суракка алып турушат экен.
Этият боло бериш керек окшойт бул адамдан, азыр деле жон журбосо керек.
Бир ай дегенде айлыгым тийди, жыйырма мин, Керимге айтып коюп Чолпон Атага бардым, акчаларымы банкка счет ачып коюп, ошол жакка сактачумун. Айлыгымы да ошол счетко салып, конулун которуп коеюн деп базардан Гулиге жумшак оюнчук «кучук» сатып алдым. Бош элем, эрте барганда эмне деп, шаарды кыдырып жургом. Милициянын машинеси жаныман отуп кетип, токтоп кайра артка айдап келип жаныма токтоп, ичинен мен биринчи келгенде таанышкан Райым тушту. Дагы деле гражданский формада.
— Ээ кандайсын альпинист?
— Жакшы.
Козумон бир нерселерди билгиси келди окшойт, кылмыш иш кылып жатса коркуп билдирип коет озу эле дедиби, козумон козун албайт. Мен да менттерди жаман коргон адамдай болуп тура бердим соз чыгабы деп. Бир аз карап турду да:
— Акимыч кандай, журобу шуудундап- дейт.
— Журсо жургондур, мен корбойм деле аны. Менин озумун ишим бар, акчасын толосо болду да.
— Туура, туура айтасын акчасын толосо болду да, макул нарушение кылбай жур- деп, дагы бир нерселерди суйлойун деп, кайра айныдыбы ал оюнан, кол шилтеп коюп машинесин айдап кетип калды.
Ошол куну эле кечке тамактанып отурсак Акимыч кирип калды, баарыбызды бир сыйра карап алып, мага:
— Дастан тамактанып буткондон кийин мага кирчи — деп чыгып кетти.
Гули негедир акырын эч кимге байкатпай:
— Коп эле Акимычка сырыны ача бербе — деп койду.
Кирсем озу эле экен, бир кагаздарын карап отурган экен:
— Кел олтур- деп диванды корсотуп, айлыгыны алдынбы?- дейт.
— Ооба алдым рахмат.
— Кыйынчылык жокпу иште?
-Жок, жакшы баары. Курортко эс алганы келгендей эле журом. Акимыч менин керегим деле жок окшойт ко бул жерде. Туристтердин деле тоого чыгам дегендери жок, бекер эле айлык алып журо бериш мага да туура келбейтат.
Акимыч мени тан калып карап калды да, кулуп жиберип:
— Ээ кыжаалат болбой журо бер. Сага тологон айлыкты мага бир туристтин уч кун жургону эле жаап коет, антип ойлобо. Буларды айтып болбойт, бир куну бироосу тоого чыгам деп калса сени каяктан издейм. Ал жонундо экинчи ойлонбо- деп кагаздарын карап калды. Менден бир нерсени сурай албай атты, убакытты созуп, кантип сурасам деп атты окшойт. Оюма бир нерсе кылт этти, кантип эле ушундай болсун деп текшерип коройун дедим. Азыр билип албасам кийин ойлоно берип озумо эле жаман болот:
— Акимыч бугун Чолпон Атаны кыдырып журсом, Райым таз жолугуп ар нерсени сурады. Сиз жонундо да сурады, «кандай журот» дейт. Жакшы эле журот деп эптеп кутулдум. Мага очошуп калган окшойт.
Акимыч чычкан андыган мышыктай болуп мени карап калды да, дароо козун ала качып чычканды ошол жактан чыгып калат дедиби, кагаздарына унулуп калды.
Конул бурбаган адамдай болуп:
— Эмне дейт?- деп койду. Ортодогу болгон создорду токпой чачпай айтып бердим.
Акыры мени карап:
— Ээ ага конул бурба, ал бир эле сага эмес баарына ошондой мамиле кылат, баары жаман корушот. Макул эми бара бер, унут Райым тазды.
Ушуну эле сурай албай аткан окшойт, конулу жайланып калгандай сезилди. Эмне, бугун шаарда менин артыман бироо андып журду бекен. Дагы бир текшерип коройун деп чечтим.
Бугун Чолпон Атага барып келдим, эгер артыман андып журушсо, баары бир буюмдарымы тинтип текшерип корушсо керек.
Эртен чыгып жатып, аттын кылын эшикке жармаштырып койдум, мен жокто бироо кирсе кыл узулуп калмак. Тамактанып алып базанын жанындагы колго чомулуп келгени кеттим. Эки сааттай колдо журуп келсем, кыл узулуп калыптыр. Ким кирсе да профи экен, буюмдарым кандай турса ошондой кылып кайра коюптур, баары ордунда, билинбейт эч нерсе. Акимыч эле кирген болуш керек, же Муслим, башка ким кирет эле.
Эртеси дагы туристтерди ээрчитип тоого чыга турганбыз. Тоого чыкканда кийген кроссовкими тазалап коеюн деп кир болгон жерлерин спиртке малынган пахта менен тазалап коеюн деп чечтим. Бул адатка Москвада конгом, альпинист досум бар эле, Саша деген, улуту цыган. Ошону ээрчип журуп уйронгом бул ишти.
Ишине ото так бала эле, ар ишке чыгарда альпинисттик шаймандарын бирме бир ар бир жибинин тигилишине чейин текшерип, буюмдары таптаза журчу. Бутуна жайы кышы кроссовка кийип, анысы да таптаза, жадакалса таманын да бирме бир тазалап турат, кичине эле жери жыртылса ыргытып жанысын, кымбатын сатып алчу. Уч жылда мен да конуп бутком тазалыкка. Менин да бутумда ар дайым кроссовка. Кышкысын жылууланганын, жайында тешиктери бар жукасын, айтор кроссовкадан башка бут кийим кийбейм. Таманы калынын алам ар дайым, бутуну кырлуу жерге койсон отпойт, жумшак болуп анча мынча жерде тайбайт.
Кроссовкамын капталдарын тазалап бутун таманын тазалап жатсам, уч жагында бир жери тилинип калыптыр. Шиштуу нерсе басып алган окшойм деп карасам клей менен клейленип калыптыр. Тан калып калдым, Бишкектен чыгарда алгам, жаны эле, бутун болчу. Шиштуу отвертка менен тазалачу элем, кесилген жеринин клейин ажыратайын деп аран ажыраттым, клейдин да жакшысын алышкан экен. Ачып корсом ичинен кичине топчудай болгон эки нерсе тушту. Бироосун тушундум, кадимки эле кол саатын батарейкасы, экинчиси… Дароо интернетке кирип издесем туура эле, ойлогонумдай эле экен.
Оой булар катуу кеткенго, бул деген датчик да, менин каякта жургонуму ушул аркылуу билип турушат да.
Кийимдерими, айтор эч нерсе калтырбай бирме бир карап чыктым, башка датчик таппадым.
Камера коюшпады бекен деп уйдун бир да жерин калтырбай тытып чыктым жок, коюшпаптыр. Телефонуму тыншашы да мумкун, бирок аны кантип текшерет элем. Мейли ким менен суйлошмок элем.
Датчикти кундо жумушка чыкканда кийген жилетиме тигип алдым.
Тушунуктуу, демек менин артыман андып журушот экен, мага ишенишпептир да.
Мени андып журушсо, бир нерсени кутуп журушот, бир куну мени мажбурлап аткартышат баары бир. Андан кийин тируу калышым кумон.
Кетиш керек тынчырак бул жерден. Россияда деле кун жылып калды, иш башталат жакында.
Туну менен эмне кылсам деп ойлондум, ар нерсе оюма келет. Биринчи кетейин деген менен алтындарды ойлоп, кыскасы танга чейин ойлонуп, алтындарды алып качмакчы болдум.
Мындай шанс ар кимге эле келе бербейт. Качанга чейин Россияга барып кыйналып журом, биякта мындай байлыкты кол созсон эле жете турган жерде турганда.
Булар эле кудай эмес да, мендей эле адамдар.
Бир жактама чечим кабыл алганым учунбу женилдеп калдым.
Макул дедим, негизгиси озумо «кантип аткарам» деген суроону бердим. Калганын башым озу айтат. Кобунчо ушундай, бир ишти кантип аткарам деп озумо суроо берем да, кунумдук ишими кылып журо берем, оюма озу эле келчу ар кандай жолдору.
Акыры план туздум
Эки кундон кийин Гулиге жолуктум:
— Гули мен Чолпон Атага барып келишим керек болтат. Бироого акча которуп келбесем болбойт, Акимыч билбегидей кылып барышым керек. Билесин го айлыгыман кыркып салат билсе, жардамын керек.
— Кантейин дейсин?
— Бою мендей бир бала тапсак, менин кийимими кийип пляжда журуп турса эки саатка. Мен барып келе коет элем. Мин сом берет элем.
Гули ойлонуп калды да:
— Качанга- дейт,
— Эртен болбойт эми, наркы кунго жакшы болот эле.
— Макул иним бар айтам, келип ордуна иштеп турат. Дастан эки саатта Чолпон Атага барып келишин кыйын, бироолор корсо да айтып коюшу мумкун, биздин айылда эки уч адамдын катери бар. Беш жуз сомго Чолпон Атага алып барып келет эле. Коп болсо бир саат кетет — дейт, суйунуп кеттим, дароо макул болдум. Кантип озумун башыма келбеди экен. Туристтер колго тушкону барышканда мен да кошо журом, пляжга ар кандай катерлер келип колго айлантып келишет.
Кантип келет, эмне кылат, айтор майда чуйдосун суйлошуп алдык, иниси бироонун катерин жалдап келип, ошол катер менен Чолпон Атага барып келмей болдум.
Пляжга туристтер менен мен эле келем, мейманканадан мени тааныгандардын эч кимиси келбейт. Акимыч болсо деги бут баспайт ал жакка. Мени андыган адамы болсо деле алыстан дурбу менен караса керек, Гулинин иниси менин кийимими кийип журсо болду да, алыстан таанылбайт. Пляжга ким келсе да даана корунуп турат. Ушул убакка чейин эч ким келбеген мен тааныгандардан.
Кечинде интернетте отуруп Бишкектен бир интернет дукон таптым, келемиш атпайларды кууй турган «ультазвуковой отпугиватель» деген аппарат саткан. Айткан жерине алып келишип берет экен.
Эртеси Бишкекке жакын досума чалдым. Бокска бирге барып, айтор жакын дос элек. Ошого чалдым, альпинисттик шаймандарымы, дукондон заказ кылган аппаратымы, калын берца, калын кышкы джинсы, булгаары куртка, калын булгаары кол кап алып Чолпон Атага келип турмак болду.
Гулинин иниси аты Азат экен, арыгырак болбосо, бою мендей эле. Мейманкананын футболкасын, датчик тигилген жилетти алып келип ага кийгизип, ишти тушундуруп коюп, озум катер менен Чолпон Атага барып шаймандарымы, аппаратты алып келип, пляжга жакын жерге бекитип койдум.
Эми жума кунду кутуш керек, жума куну Акимыч мейманканага кечинде, саат алтыларга гана келет. Мейманканадагы адамдардын дээрлик жарымын ээрчитип алып Чолпон Атага барышып керектуу азык тулукторду, керектуу ичимдиктерди, кыскасы базарлык кылганы кетишет. Ал куну Акимычты Муслим сыяктуулар издеп келбейт. Мейманканада калгандарынын тамактанганга да чолосу болбойт. Мени эч ким издебейт эле.
Жума кунго, ар нерсени шылтоо кылып эч кимге айтпайсын, Гулиге да айтпа деп суйлошуп, Азатты чакырып койдум. Акчасын жакшы толоп берем десем макул болду.
Мени эки саатка эч ким издебей турса жетет. Андан кийин алтындарды алып кетип калсам, эмне болсо ошо болсун, мага айырмасы жок болуп калат. Азатка гана чалып кете бер десем болду, аны туристтер тааныбагандан кийин.
Жума кун да келди акыры. Азатка чалып койдум да, керектуу гана документ сыяктуу нерселерими алып пляжга келдим. Азат да айткан убакка келди, жолугуп, кийимдерими, жилетими берип, акчасын да толоп койдум.
Эми чуркаш керек.
Бекиткен жерден шаймандарымы, кийимдерими, аппаратты алып рюкзакка салып, тоону ашып шаркыратмага жонодум. Шаркыратмага жетип, тоонун башында жатып алып бир аз эки жакты карап жаттым. Тынч эле, эч ким деле корунбойт. Мени андыган адам болсо соссуз кормокмун, келер келгиче ар жерге бекинип карап келаттым.
Берцаны, джинсыны кийип, футболкам, шортым менен башымы, мойнуму козум эле ачык кала турган кылып ороп, сыртынан курткамы кийдим. Келемиштер кол салса аз да болсо сактайт, кобунчо моюнга, тамакка асылышат имиш. Бычакты бутума байлап алдым.
Ичимен бир аятты окуп, бата кылдым да аппаратты, фонарикти алып жип менен тушо баштадым. Алтын тенгелер жайылып жатат, элуу-алтымыш даана бар го. Тектирге уч метр калганда бутум менен бош таштарды тушуруп, кутуп турдум. Каягынан чыгышар экен деп карап турсам шаркыратманын ичинен чыгышты. Коп куттурушкон жок, тектирченин шаркыратмага кирип кеткен жагынан, чоп, карагандардын арасынан жолу бар экен, ошол жактан чыгышты. Биринчи бироосу чуркап чыгып, дароо эле алтындарды жыттагылады. Анан тектирченин бутушуно чейин чуркап барып келди да, эки арткы бутуна туруп алып абаны жыттагылай баштады. Бир аздан кийин келемиштер жайнап чыгып келишти. Эми корсон итиркейин келет, жундору жылтырап, тектирченин бети капкара болуп калды. Тумшугун созуп, эки арткы буттарына турушуп абаны жытташып, эки жакты издей башташты. Мурдулары кызыл, шиш, муруттарычы, колдору адамдыкындай болуп бармактарга болунуп турат экен, чыйылдашкандарычы, ээ эн жаман коргонум ушул эле. Эмнегедир ушу чычкан, келемиш атпайлардан корко берем, озум да тушунбойм. Ортосундагылары жайып койгон алтындарын ичкери ташып киришип ызы чуу эле тушуп калышты. Дагы бир метр тушуп келемиштерди кууй турган аппаратты алып жактым, лампочкалары куйуп, иштей баштады, ичимен санап кутуп турдум. Эки- уч муноттон кийин таасир бере башташ керек.
Окуганыма караганда бул аппараттан адамга угулбаган ультра ун чыгып, келемиштердин нервдик системасына таасир берип, аларды алыс качырышы керек. Таасири элуу метр экен.
Бир аздан кийин келемиштер ызы-чуу тушушуп эле чыйылдашып ары бери чуркай башташты. Бири бирин туртушуп, тиштешип, бир тобу аскадан чыйылдаган боюнча тушуп кетишти. Акыры баары чыйылдашкан боюнча бир нерседен куру калгансып чуркап шаркыратманын ичине кирип кетишти. Тектирчеге тушуп, жипти чечип, аппаратты алдыма кармап алып, бир колума бычакты кармап акырын басып бара бердим. Шаркыратманын жанындагы чопторду акырын ачып карасам адам сойлоп кирсе кенен эле баткыдай тешик бар экен. Аппаратты алдыма алып сойлоп кирип ичине баш багып корсом ичи карангырак экен. Келемиштер корунбойт. «Бисмилла» деп ичине кирдим, суу тийбесе да, суунун майда учкундары чачырап, дем алыш да кыйын болуп кетти. Шаркыратма тосуп корунбойт экен да, артында ункур бар экен. Ичи кенен, чон ункур экен. Бутума жумшак бир нерсе урунду, фонарикти жагып карасам кроссовка корунду козумо. Фонарикти жогору которуп эле чочуп артка кетенчиктеп кеттим, адамдын скелети жатат. Конулум айнып, аскага таянып туруп калдым, окшуп жибердим. Келемиштер жеп салган окшойт, шортысы, жука курткасы, кроссовкасы скелетке кийилген бойдон сооктор эле жатат. Чачтары сары экен. Ээ эми суроттоп айткын да келбейт. Беш муноттой тура бердим эмне кылышты билбей. Акыры озуму колго алдым. Шашыш керек, Акимыч келип калса мен да ушунун жанында калып кетишим мумкун эле. Фонарик менен ункурдун ичин карай баштадым. Ичи чон экен анча эле, тобосу уч торт метрдей. Кээ бир жерлери бийиктиги канча экени билинбейт. Ортосунда диаметри беш метрдей болгон кол бар экен. Ункурдун ичинен, тобосунон коп суу агып тушуп ункурдун ортосундагы колго тушуп, андан агып чыгып, сыртка шаркыратмага кошулуп агып кетет экен. Бирок негедир ункурдун устунон тушкон суу коп да, агып чыкканы ото эле аз. Демек колдун тубу тешик, суунун копчулугу асканын ичиндеги тешик аркылуу агып кетип, азырагы, ашып калганы бул жактан агат окшойт. Скелеттен акырын аттап отойун деп фонарик менен бутуму коерго жер карап жатсам, козумо тартылган жип урунду. Акырын кармалап корсом катуу тартылган ничке тросс экен. Аябай майлаган окшойт, колум май болуп калды. Фонарикти жарык кылып троссту кууп барсам, дубалга, байкалбай турган кылып автомат катырылыптыр. Дароо скелетти карадым, баш соогундо уч жеринде тешик бар экен. Автоматты акырын чыгарып алдым. Немистердин европага, жер жузунун жарымына тополон салган, кадимки атактуу «шмайссери», кленкага аябай кабаттап оролгон экен, ок чыга турган учу эле ачык. Кленканы чечсем, аябай былчылдатып майлаган экен, майы кургап калбасын, сыз жерде чирибесин деген окшойт. Алтынды бекиткен адам аскер адамы болгон окшойт. Ботон адам кирсе атылсын деп койгон да автоматты. Башка дагы автомат же граната жокпу деп аябай эле тыттым ункурдун ичин, башка жок окшойт. Болсо да жыландар, келемиштер урунуп атылып жок болгон окшойт. Жерде тросстун узундулору, жарылган жердин ордулары турат чукур болуп.
Ункурдун торундо эни бир метрдей болгон тешик бар экен, ошол жерде бийиктиги элуу сантиметр, узундугун колуму салып кордум бир метрдей темир ящик турат. Тешиктен шамал келип жатты, тешиктин учу сыртка чыгат окшойт. Шамал отуп чирибей турсун деп ушул жерге койгон да. Ящиктин жанында калын темирден жасалган куту жатыптыр, ачып карасам ичинде бир журнал жатат, сыртында орусча «борт журнал самолета бомбардировщика Ил-4» деп, дагы бир цифралар турат, учкучтардын борт журналы экен. Журналды буктоп курткамын ички чонтогуно салып алдым.
Келемиштерди кууй турган аппаратты ящикке жакынырак алып келип койдум. Ящикке дагы атыла турган, жарыла турган бир нерсе койбосун деп, кармагычына жип байлап, алысырак туруп тартсам, чирип калган окшойт, кармагычы узулуп тушту. Кармагычтын орду тешилип, алтын тенгелер шагырап тушо баштады.
Фонарикти жарык кылып оозум ачылып эле туруп калдым. Озуму ар кандай абалда кармай алам деп ойлочумун, алтындан бир адамды арбап, акылын иштетпей кое турган энергия чыгып турабы билбейм, арбалып калдым окшойт, дем жетпей, шилекейлерим агып, тамшанып алдым, кантип жанына басып барганым эсимде жок. Эки колума алтындарды ченгелдеп алып карап отурам, салааларыман агып тушуп жатат. Дагы кочуштап алам, салааларыман шынгырап агып тушот…
Эч ким менен болушпойм, баары меники, бироо талашып корсун деп ойлондум. Адам кокусунан коп байлыкка жетсе козуно эч нерсе корунбой, озун башкара албай калат окшойт. Эгер азыр бироо келип болушосун десе, болушпош учун эч нерседен кайтпасам керек эле.
Далым тыз дей тушту, артынан эле удаа уч торт жерим тызылдады. Ордуман ыргып турдум, фонарик да наракта калган экен. Дароо аппаратты карадым, лампочкалары очуп калыптыр, батарейкалары начар болсо тугонуп калган окшойт. Келемиштер каптап калыптыр айланамы, коздору фонариктин жарыгына чагылышып, тимеле быкпырдай кайнашат, бир конул айланткан ысык жыты бар экен, эми чыдап болбойт. Канчоосу секирди билбедим, бардык жагыман эле каптап калышты. Ункурдун ортосундагы кол оюма келиптир, келемиштер жыш болуп калышыптыр суруп, тебелеп барып эптеп колго секирдим. Калын кийинбесем жеп коюшмак экен оной эле. Суу дароо эле тартып кетти, эч нерсе корунбойт. Козуму жумуп алдым, таштарга урунуп беринип атып колго туштум окшойт. Козуму ачсам колго тушупмун, асканын ичиндеги ункур сыяктуу карангыраак жер экен. Бирок даана эле корунот ичи, сырттан кун сууга чагылышып жарык болуп турат экен. Узундугу уч, туурасы беш метрдей болгон ункур сыяктуу жер экен. Тобосу эки метрдей бийик, ортосунан эни адам оной эле баткыдай болгон тешиктен суу куулдоп тушуп турат. Колума кочуштап кармаган алтын тенгелер менен ыргыган экенмин, колум карышып калыптыр, кочушум толо алтын тенгелер. Айланамда менин артыман кошо секиришкен, аябай коп келемиштер агып журот. Озулору оло албай жатып, мага кол салганы жатышат. Баары жанталашып мага карай сузушуп айлантып курчап алышты. Бир экоосу колумдагы кол капты тиштеп да алышты. Суунун тубуно кирип алтындарды чонтогумо болуп салып, суунун тубу менен сузуп ункурдун тор жагынан чыктым. Асканын орчуктарына карманып карап турсам, копчулугун жарык кирип турган тарапта суу тартып кетип ошол бойдон жок, кайра чыгышпай жатат. Бир топ келемиш аскаларга тырмышып, мага секиришет, кол кабым калын булгаарыдан болгондуктан гана тируу калдым. Тимеле жанкечтиленип кол салып жатышты. Секиргенин бычак менен сайып, бир колум менен ункурдун ары жагына ыргытып жаттым. Суу кыпкызыл кан болуп калды. Жакындагандарын бутум менен суруп, айтор жанталашып коргонуп жаттым. Копчулугун суу тартып кетип жатып эле аман калдым окшойт. Алтынга ото эле оч болушат экен, суунун агымына каршы, мени коздой чыйылдашып, жанталашып сузушуп, кээ бирлери аскага жармашып мага жетейин деп аракет кылып жатышты. Бирок чекелери тайгак болуп, айтор баары агып, суу тартып кетти.
Тура берсем болбойт, мен да суунун тубуно чумкуп жарыкка карай суздум, агым катуу экен, суу агып чыккан жер уч метрдей терендикте экен, суу озу эле тартып кетти. Эни бир метрдей туннел сыяктуу жер менен адашпасам беш алты метр барго дейм, суу коз ачып жумганча колго алып чыгып койду. Туннелдин чыга бериш жеринде дарактардын тамырлары, балыр сыяктуу чоптор тосуп турат экен, аран чыктым. Асканын тубунон чыккан экенмин, жогоруну карасам асканын башында бироо мен асылып тушкон жипке карманып алып ылдыйды карап жатыптыр, колунда мылтык. Коруп калбасын деп дароо суунун тубуно чумкуп кирип кеттим. Асканын тубун кармап кетатып колум боштукка урунду, оюк экен. Оозу суу менен жабылып, ичи эки адам баткыдай ункур сыяктуу жер экен. Ичине кирип бир аз дем алып жаттым. Алтындарды санасам отуз жети даана экен, чонтокторумо болуп салып алдым.
Жогорудагы мени андып жаткан адамды тааныдым, пансионаттын кароолчусу эле. Ал жашы кырктарда го дейм, арык, бою кичине, тырышкан чап жаак адам эле, аты Камчыке. Биринчи коргондо кытайдын кинолорундагы ачарбактай болгон адамдарга окшотком негедир. Коздору кичинекей болуп, кыскасы мага бир коргондо эле негедир жакпаган. Ал ар дайым кечинде келип, эртен менен саат тогуздарда кеткендиктен коп деле мамилем жок болчу.
Мени кантип коруп калды экен, Акимыч артыман андып жур деп койгон окшойт. Датчик менен таап алды дейин десен датчик жилетке тигилген, жилет Гулинин инисинде калса. Эми менин бул жакка келгеним, аскага тушконум Акимычка жетип калса ал мени тируу койбойт болушу керек.
Эми бир нерсе кылып бул адамды кондуруш керек. Алтын берем десем макул болот баары бир. Буга деле акча керек да. Азыр Акимычка кабар бере албайт, телефон тартпайт бул жерде. Эптеп Акимычка жеткизбей кармаш керек. Асканын тубу менен элуу метрдей агып барганда, суу чукул бурулат, жогорудагы адамга корунбойт.
Абадан оозума толтуруп алып ункурдон сузуп чыгып, суунун тубу менен бурулушка чейин агып кете бердим.
Жээкке, токойлуу жеринен чыктым. Эми кантип кармайм, артынан корунбой чыгыш кыйын. Менин чыгып баратканымы корсо качып кетиши мумкун.
Саатты карасам пляждан чыкканыман бери бир сааттай убакыт болуп калыптыр. Камчыке эми качанга чейин отурат ал жерде.
Жогоруну карап бекинип отургандан башка айлам калбады. Коп отпой эле Камчыке негедир шашып эле атына минип ылдыйга тушо баштады, Акимычка барып айтайын деди окшойт. Отор жолуна жакын даракка чыгып бекинип отуруп калдым. Мылтыгы бар экен, алдына ээрге илип алып келатат. Тез эле тушуп келди, жаныма келгенде устуно секирип аттан оодарып тушуп, алдыма басып алдым. Аты качып кетти, мылтыгы да ат менен кетти. Коздору алайып калыптыр:
— Жан соога баатыр, олтурбо, бала чакамы ойло — деп жалына баштады. Мени олтурот деп ойлогон окшойт.
— Токто Камчыке мен сага жамандык кылбайм, кое бербегенде эмне кылмак элем, суйлошуп алалы.
Козумо карап турду да, колунан жамандык келбейт дедиби:
— Макул, макул баатыр, суйлошолу, суйлошолу, айтканыны кылам — деп, ордунан туруп кагына баштады. Жоо качып кете албайт эле, мен да кийимдерими кагынып калдым.
-Кана баатыр эми суйлочу — дейт, карасам колуна тапанча кармап алыптыр, «Макаров» экен, учуна атылганда ун чыкпас уланган. Жанагы жалынып аткан адам жок, тимеле козу жайнап алган.
Унчукпай эле туруп бердим, тапанчанын суру жаман экен. Кинодогу тапанчаны ыргыта тепкендер жалган эле окшойт. Бутумун астына эки жолу атып жиберди, эки колуму которуп эле турам. шылдындап ар нерсени суйлой баштады, жерге дагы бир жолу атты. Колуму ого бетер болушунча созуп, бийик которуп алдым. Эмне адамды шылдындап суйлогондон ырахат алабы ар нерсени суйлоду. Суйлойун десем, суйлотпой койдуй, айлам куруду, эми эмне кылам. «Азыр Акимычка барабыз, ошого суйлойсун» дейт.
Асканын тубу болгондуктан турган жерибиз шагыл эле, Камчыке менден алысырак турайын дедиби, артка жылам деп жатып, чонурак ташты тебелеп алып кулап кетатып мени атып жиберди, ок кулагымын жанынан отуп кетти, абаны жырап учкан уну кадимкидей угулду. Эч нерсеге карабай, секирип басып калдым. Тапанчасы колунан чыгып кетип алысырак тушуп калды. Тан калдым жанагы Камчыке жок, дароо озгорду, коздору алайып эле ыйлап жиберсе болобу. Алаканым менен жаактан ары бир салдым. Кызарып кетти, ого бетер кучоп ыйлап жалына баштады.
— Токтот, болду токтот, мен сага эч нерсе кылбайм. Эмне олтурмок белем- десем деле болбой ыйлап, бир маалда коздору антарылып эле титиреп жатып калса болобу, коркуп кеттим. Оюмда тарамыштары тартылып калды дедимби, шашканыман колдоруна, буттарына массаж жасай баштапмын. Эки муноттой титиреп, оозунан кобук чыгып барып тынчып жатып калды. Маал маал бир дирт деп титиреп коет. Жанында отурам эмне кылышты билбей. Анан оюма келди, анткорлонуп жатпады бекен деп, бир колум менен буттарына массаж жасап, бир колум менен акырын ага байкатпай тапанчанын магазинин чыгарып беш огу калган экен, баарын чыгарып чонтогумо салдым да магазинди кайра тапанчага салып ордуна таштап койдум. Анан суу жакка чуркап кеттим. Сууга барсам аты турат, чылбыры карагандарга илинип орулуп калыптыр. Колума суу кочуштап алып артымы карасам Камчыке тапанчасын кармап мени карап кулуп турат.

Автору Субан Джуманалиев
e-mail:suban78@mail.ru
Булак: Стихи.ру

18:16
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...