KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Ункурго катылган алтын - 1

Женуучуну эч ким соттобойт.

Кун часырайт тимеле, эмне балее, кун уясынан чыгып чыкпай атып эле, шашып бушуп колун созуп чычаласы менен жерди эртерак куйкалайын деп шашабы, кайнайт кыскасы. Саат он бир боло элек кундун ыссыгын кара. Кун ыссыкка колдорум тердеп, буюмдарым колдоруман тайып, эптеп эле иштеп аткам.
Москвада уч жылдай коп кабаттуу имараттардын терезелерин жууп иштеп, Кыргызстанга келгениме эки ай болуп калган. Бул жакта деле иш чыгат экен, Аман деген бала менен Москвада бир батирде туруп таанышып калган элем, ошол Бишкектен бир имараттын терезесин жууш керек экен деп мага чалыптыр. Ал жерди жууганыбызды коргондор чакырып, кыскасы ошол экообуз бир айдан бери Бишкекте терезе жууп иштейбиз.
Телефонум шынгыраганда «Берен Голддун» бешинчи кабатынын терезелерин жууп бутойун деп калгам. Карасам Аман, анын милдети жерде туруп, жиптерге суу, керектуу нерселерди илип берип, оозун анырайтып ачып имараттын тубуно келип бизди карайм деген адамдарды жакындатпай кууп туруу. Жерди карасам телефонуну ал дегенсип белги кылды, жанында бир адам турат. Согунуп алдым, «канча айтам иш маалында чалба» деп, оной корот окшойт мындай бийикте иштегенди.
— Эмне?!
— Дастан тушо бербейсинби, туштон кийин деле бутурорбуз, кун ысып кетти. Байкенин да зарыл иши бар экен- деп башын ийкеп жанындагыны корсотот.
Озум деле ичимен ушуну эле кутуп турганмынбы, бир аз суйлонуп алып макул болдум.
Тушуп келсем Амандын жанындагы адам эски тааныштай кулуп учурашып, ал акыбалды сураштырып калды. Мени тааныйбы деп да ойлоп кеттим.
Жашы элуулордо го, кийингенине, ишенимдуу турганына караганда бай адам экени сезилип турат. Башында баса кийилген ак тустогу бейсболка, устундо боз жени кыска койнок, шорты, бутунда калын булгаарыдан тигилген, кымбат сланцы. Чон киши экен, убагында тузук эле машыккан окшойт, коп машыккан адам кийин таштап койсо ушинтип семирип кетет.
Кичинекей, жакын жайланышкан, ойноктоп, адамды сынап караган суук коздору негедир мага дароо эле жакпады.
Учурашканда да колду сыгып кармайт экен, мен колун катуураак сыгып койсом, бир аз чыдап турду да, кучу жетишине ишенбей калды окшойт, калп эле каткырып кулуп колуму кое берип:
-Азамат, азамат — деп далыман таптап-эмне менен машыккасын?- дейт.
— Бокс менен — деп жактырбай жооп бердим.
— Коп болдубу машыкканына?
— Алтынчы класстан бери.
— Ээ жаштык кезде биз да машыктыкко, Колду алып, анда Фрунзе дечу элек, Фрунзеге келип озумун салмагымда экинчи орунду алып кеткем. Сен да бекер кор кылбай катышсан бир нерселерге, бир нерсе чыгат сенден.
— Дастан Москвада коп жолу «бой без правилдерге» катышып, канча бойлорду женип чыккан, айтып койсон Дастан- деп Аман мактап кетти.
— Азамат, азамат — деп суйлонуп колун сунуп:
— Акимыч дей бер, мени баары Акимыч дейт, силерге деле Акимычмын. Кун да кайнап кетти, эми кун кичине кайтканча иштей албасанар деле керек, жургуло бугунку обединер менден, кененирек отуруп суйлошолу, бир сунушум бар, силерге жагат — деп ой боюбузга койбой, акыры кондурду. Минтип жакшы сунушу бар гана адам суйлой алат. Буюмдарыбызды машинабызга салып култап коюп артынан ээрчидик. ЦУМдун артында экен машинеси, аппак «Лексус-470». «Мен силерди зор жерге алып барам деп», Мадинадагы лагманканага алып барды. Кондиционер коюлган, салкын болмосу бар экен, ошол жакка кирип отурдук.
— Биринчи тамактанып алалык, созду анан суйлошобуз — деп, ар бирибизге лагман, экиден шашлык, экиден манты, экиден тандыр самсы заказ кылды.
— Эркек адам коп жеши керек, эч нерсесин калтырбай алгыла — деп, столдогунун баарын жеп буткончо унчукпай олтурдук.
Кыскасы сунушу мындай экен, Чолпон Атага, Колго жакын жерде, тоодо озунун менчик мейманканасы, мал, жандык баккан фермасы бар экен. Сезон башталганда жылда уч торт айга чет олколуктор келип эс алып кетишет экен. Биздин кылар ишибиз, ошолор келгенде тоого чыгабыз дешсе, алар менен кошо журуп, анча мынча «эштенбайлары»аскага чыгабыз деп калса, аскага чыкканды уйротуп, ар нерсе болушу мумкун дейт, асканын бооруна чыгып алып тушо албай калгандары болот, адашып кетишет, айтор ошолорду сактап журот экенбиз.
— Эми алар деле кундо эле чыга беришпейт, уч айда коп болсо он жолу чыгасынар. Калган убакта пансионаттын жанында эми барганда коросунор озунор, чакан базабыз бар, ошол жерде жаш балдарына, аялдарына аркандар менен дарактардын устундо жургонду уйротуш керек болот. Кыйраткан деле иш жок, калган убакта бош эле болосунар. Кааласанар колго тушосунор, кааласанар уктайсынар.
— Макул боло бергиле, он беш жылдан бери келишет, али бир да жолу кырсык боло элек, келишимде гана бир альпинист кошо журушу керек деген жери бар. Ошон учун гана силерге келип отурам. Айлыгынар жыйырма мин болот, тамак ашынар, жаткан жеринер менден. Быйыл кун да ыссык болот окшойт. Салкында журуп келесинер.
Аманды карасам коздору жайнап калыптыр, дароо эле макул болду. Менин журогум эмнеге экенин билбейм тупойул болуп, барба дегендей кылып жатты. Ушу суйлогондо калп эле кулуп суйлогондордон коркчу элем. Адам алдап жатканда, же оз кызыкчылыгы учун бир нерсени бироодон ала албай жатканда кулуп суйлойт да. Ойлонуп отуруп калсам Акимыч:
— Сезон дагы эки жумадан кийин башталат, мага бир жуманын ичинде жообунарды берсенер болот. Эгер макул болбосонор башка адам издеп таап коюшум керек. Макул болсонор, биерде ишинер болбосо эртен деле бара берсенер болот. Пансионатта, фермада жардамчы керек, майда чуйдо иштерди кылып, сезонго чейин жашап турсанар болот. Тамак аш, жашаган жеринер бекер болот, эс алып колго тушосунор. Бирок айлыгынарды сезон башталгандан баштап жаза баштайм.
Кетип жатып качан болсо чала бергиле деп телефонунун номерин берип кетти.
Аман шашма эле:
— Дастан мен эртен эле барам, биякта ашып кетсе эки кундук иш калды, аны озун деле бутуро бересин да. Омурумдо колду корбогом. Зор шанс болуп жатат, элестет, кичине ишин кылып коюп, бекер тамактанып, бекер жашап, дагы айлык толоп берсе. Жыргал го. Сага бир бала таап берем, кичине эле иш калды го- деп тимеле оолугуп алыптыр. Мен деле баргым келип жатты, мындай ыссыкта колдун жээгинде жатканга эмне жетсин. Ашказаным ооручу, мумкун дарыланып да аламбы.
— Аман ойлосон, тааныбаган эле адам, иштебесек деле жыйырма мин толойм деп жатса. Бизден бул адамга башка нерсе керек болуп жатат окшойт — деп ичимдегини айтайын десем деги угар туру жок.
Кыскасы эртеси эле Колго кетип калды.
Майда чуйдо иштер менен журуп бир жума отуп кетти, Аман «Тез келип кал, биякта жыргал экен. Кундо колго тушуп жатам, иш дээрлик жок, эртеден кечке жатмай. Пансионатта зор кыздар бар, ээ короче тез кел, бейиш экен бияк» деп кулакты жеп кундо чалат. Акыры бармакчы болдум. Уч жылдан бери Москвада жургонго, салкын абасына анча эле коно тушкон экенмин, мындай мээ кайнаткан ысыкта кыйратып иштей албай турганмын. Эмне болмок эле деп бармак болдум акыры.
Альпинисттик шаймандарымы алып алайын кереги тийеби деп Акимычка чалсам, «бизде баары бар», дегенинен машинама салып, култап, жашаган батиримин ээси менен суйлошуп, машинамы да ошол уйго таштап жай эле чыктым. Колумда бир сыйра кийим салган рюкзак эле.
Дагы торт кундой Бишкекте журуп, сезонго уч кун калганда жонодум.
Акимыч тосуп алмак болду.
Чолпон Атада деле кун салкыныраак болсо керек десем кыйратпаптыр. Кайнайт тимеле. Акимыч вокзалда кутуп туруптур, " жур тамактанып алалы" деп кафеге кирип тамактанып отурсак, жаныбыздагы столго уч торт адам келип отуруп, бироосу «Акимычко» деп биздин столдун жанына келип туруп калды. Башында самбреро, кундон калкалоочу коз айнек тагынган, кыска жендуу койнок, агыш тустогу джинсы, бутунда ак тустогу жайкы туфли. Экообуз менен учурашып, коз айнегин чечип мени баштан аяк изилдеп карап калды. Жашы отуз бештерде, бою узун, толо келген, чачы, ону сары, коздору кок адам экен.
Дароо эле тушундум, минтип менттер гана карайт. Козуму алып качпай, саал жактырбагансып тура бердим.
— Ким бул Акимыч? — деп анын жообун кутпостон — биякка эмнеге келдин?!- дейт коз айнегин менин тошумо такап, жиним келип кетти:
— А эмне келсе болбойбу, менин ким экенимин сизге кандай кызыгы бар.
Тош чонтогунон «корочкасын» алып чыгып мурдума такап «оку» дейт. Фамилия атын гана окуганга улгуруп калдым, Жаанбаев Райым экен, айтор адашпапмын милициянын адамы.
Акимыч жанымда унчукпай отурат.
Унчукпай паспортуму бердим, суротумо мени салыштырып карап, башка барактарын карап коруп:
— Таак, Россиянын гражданини турбайсынбы. Жакында эле келипсин, тузук, тузук. Эмне иш кылдын.
— Промышленный альпинизм.
Мени тан калып карап калды:
— Ал кандай, эмне тоолорго чыктынбы?
— Жок бийик имараттардын терезелерин жууп иштедим.
Негедир коз карашы башкача боло тушту, бир мени, бир Акимычты карап турду да, козумон бир нерсени байкашып калбасын дедиби, жерди карап ойлонуп калды да, бир аздан кийин башын которду эле, коз карашы кайдыгер адамдай болуп калыптыр.
— Акимыч сен чакырдынбы?
— Ооба, мен чакырдым, меникине келди, туристтерди коштоп жургонго бир адам керек да. Бир сезон иштейт менде. Билесинго туристтер тоого чыгам деп калышы мумкун, ошолорду карап журбосо болбойт. Бироо жарымы аскада калып кетсе алып тушуш керек да.
Тиги мени шылдындагансып карап:
— Алып тушо аласынбы анан, озун да аскада ага кошулуп калып кетпейсинби?
— Аскага чыгып тушо албай калсан мени чакырсан, ошондо коросун- деп сенсиреп жооп бердим эле мени карап жини келип кетти, бирок билдирбеди, кок козу гана карая тушту:
— Макул бара бер азырынча — деп паспортуму берип,- козуну чон ачып жур. Дагы жолугабыз али- деп суйлонуп басып кетти.
Ары бери тамактанып алып Акимыч мени «кеттик» дегендей кылып, бир аз алыстаганыбызда:
— Ээ буга конул бурба, озун Колдун кожоюну сезет. Райым таз дейбиз, эми булардын кылар иши ушу, кой биз озубуздун ишибизди кылайлы — деп бир нерсени эстеди окшойт, жини келип тукурунуп алды. Кафеден чыгып жатып артымы карасам Райым таз телефонуна эки колдоп бир нерселерди жазып жатыптыр, мени карап коет. Жазмактан жазбайсынбы дедим ичимден, мыйзамды бузбаганымдан кийин мага эмне кыла алмак эле.
— Менин азыр биерде иштерим бар, сени таксиге салып коеюн, алып барып коет. Балдарга айтып коем тосуп алышат, барып жайланыша бер — деп таксиге салып жиберди.
Таксист да альпинист экеними уккандан кийин негедир озгоруп, ар нерсени сурап келди. «Акимыч жакшы таанышынбы?» дейт.
Колду бойлоп кеткен чон жолдон бурулуп, тоону аралап бир жол кирип кетет экен, тептегиз, асфальт, зымылдайт тимеле. Акимыч озу салдырыптыр, менчик жолу экен.
Тоону аралап бир сааттай жургондо жолду тосуп дарбаза орнотулуптур, айланасы бут эле калын токой. Таксист дарбазанын алдына токтоп «Дарбазадан кирип, асфальт жол менен кете бер, коросун» деп коюп кетип калды.
Мейманкана чон капчыгайдын ортосуна жайланышыптыр, эки тарабы бийик тоолор менен курчалган. Токойдун ичиндеги жол менен бир аз басканымда алдыман устуно «Бейиш» деген жазуусу бар, уч кабаттуу имарат чыкты, алдында карагай, арчалар жыш кылып отургузулуптур. Тээ артында кол корунуп турат, алысыракта го, жатат чалкып.
Колго келбегениме да он жылдан ашып кетиптир ойлосом.
Мейманкананын алдында эки кыз шланга менен суу чачып, брусчаткаларды жууп, шыпырып, тазалап журот. Чон бассейн бар экен, али суу толтурушпаптыр, эки бала ичине тушуп алып тазалап, бир нерселерди чачып, дубалдарын жууп атышат.
Мага конул деле бурушкан жок эч кимиси.
Мейманкананын алдына барып, эшигиндеги жазууларды окуп атып байкабай калыпмын:
— Турчу мындай, анкайбай — дейт бироо, бурулуп артымы карасам эки кыз турат. Мага суйлогону алдыдагысы аксаргыл, козу кореянкалардыкына окшогон, бою узун, арыгырак сулуу кыз экен, турат чекчейип. Джинсы шым, жени турулгон кок кофта, белинде фартук. Столдорго салына турган дасторкон, сулгулор окшойт коп кылып которуп алышыптыр. Сулуулугуна анкайып карап туруп калган окшойм:
— Ой жолдон кач дейм, эшикти ачып кой — деп, эшикти ачсам — жаны короого келген койдой болуп, кулактарын делдейтип жолду тосуп туруп алыптыр -деп орусча суйлонуп, жанындагы кыз каткырып кулуп кирип кетишти. Ичимен тиги кызды жаман коруп турсам, терезеден коргон окшойт, мейманкананын ичинен бир бала башын чыгарып:
— Оой бала, Дастансынбы, келе бер, кире бер — деп, озу эшикти ачык калтырып кирип кетти.
Эшиктери чон, айнектен экен, сырттагыларга ичиндегилер корунбойт.
Биринчи кабаты ресторан окшойт, бир бурчун бар кылып коюптур. Мындай жасалгаланган ресторан Бишкекте деле саналуу эле болсо керек. Мени чакырган бала, мен курактуу эле го, бармен окшойт, алдына стакан, фужер, ар кандай ичимдиктерди уйуп алыптыр, аарчып, тазалап тизип жатат. Эки кыз столдорду тазалап, полдорду жууп, айтор туристтердин келишине даярдык катуу.
— Сени келет деген эле Акимыч, кел минерге отуруп тур, менин атым Керим, барды мен карайм, азыр он мунотто бошойм. Жашай турган жерини корсотом, буларды ичип отуруп тур — деп алдыма бир стакан менен спрайт, газдалган суу коюп койду.
— Тиги кызга конул бурба, озу характери ошондой, баарыбызды эле ошентип кууруп турат. А так ак конул, жакшы кыз, аты Гули — деп кулуп коет. «Ээ аны ким эстеди дейсин» деп жаман коруп суйлонуп койдум.
Залдын эки капталында эки чоон монитор илинип турат. Айтылуу Стив Уандердин клиби болуп жатыптыр.
Бир маалда Керим:
— Жур жашай турган жерини корсотойун — деп ээрчитип алып сыртка чыктык.
— Быйыл кун аябай эле ыссык болот окшойт, кара азыр эле ушундай ыссыганын. Бизге жакшы да, туристтер коп болот, акча иштеп алабыз.
Имараттын артында токойду аралап цементтелген кичине жол кирип кетиптир.
Бактын ортосунда эки адамга эсептелип, жыгачтан жасалган, усту тунуке менен жабылган ондон ашык чакан уйлор турат. Жанынан арыктан суу агып отот экен. Четкисине барып, эшиктин устун кармалап атып ачкычын таап чыгып эшигин ачты.
— Мына ушул жерде жашайсын, былтыртан бери ачыла элек, озун жууп тазалап аласын. Туштон кийин Мария апа келсе тошок жамынчы, сулгу, керектуу нерселерди берет. Кой майли сен жайланыша бер, мен барайын, кечке чейин кичине болсо да ишими арбытайын. Бирлерде келем, тамактана турган жерди корсотом-деп кетип калды.

Эки керебет коюлуптур, ортодо чакан стол, кичинекей шкаф, бурчта дубалда телевизор илинип турат, болгону ушул. Артында чакан терезеси бар экен.
Керебеттин тубундо пол жууганга деп щетка, тряпка жатыптыр. Эми уч ай ушул жерде жашай турган болгондон кийин деп, арыктан суу алып келип тазалай баштадым, менден мурунку жашаган адам тамеки чеккен экен, жыты синип калыптыр. Бурчтарда тамекинин калдыктары жатат, желе басыптыр. Эшик терезелерин ачып салып таптаза кылып, кырып тазалап чыктым.
Тазалап бутуп, желденсин деп, озум сыртка чыгып карагайдын тубундо, чобу калын, салкын жерге рюкзагымы жазданып жатып уктап калыпмын.
Телефонум шынгырап, ойгонуп кеттим, карасам Аман:
— Кандай Дастан келип алдынбы, кечке барам суйлошобуз, мен тоодо, фермадамын кечке барам суйлошобуз — деп шашып очуруп койду. Саатты карасам бирге он мунот калыптыр.
Тамактана турган жери кафенин кухнясы экен, он адамдык стол коюлуптур. Керим экообуз кирсек баары тамактанышып отурушкан экен, бизге конул деле бурушкан жок эч кимиси. Мени гана бир сыйра карап коюшту. Бироосу кулкулуу окуя айтып жаткан окшойт, кулуп отурушат. Тамакты кичине бир тешиктен бир аял берет экен, жашы элуулордогу орто бойлуу, сулууча келген орус аял экен. Мария апасы ушул окшойт.
Керим экообуз бурчтагы чакан столго отуруп тамактандык. Ондон ашык адам иштейт экен, коптон бери эле бирге иштешип бири бирине конуп калышкан окшойт, кенен отурушат.
Керим «бугун жайланыша бер» эртенден баштасан керек ишти дегенинен, Мария ападан тошончу тошок жууркандарымы, сулгу ж.б. майда чуйдону алып, озумун канама барып жаттым. Кун канча ыссыса да ичи салкын экен, жыргап уктасан болот.
Кечинде Аман келди, аны мен келээрден эки кун мурун балдар жетишпей жатат деп Акимыч ошол жакка жонотуп жибериптир.Айлыгым суйлошкондой эле жыйырма мин бойдон калды, эн коп айлык алган менмин дейт. Акимычтын мал баккан фермасы да бар экен, уй, бука, койлорду, тоокторду багып, Чолпон Атадагы кафе, ресторандарды эт, жумуртка сыяктуу нерселер менен камсыз кылат экен. Ошол жакта эле калам дейт, ал жакта жыргал имиш, кундо кымыз ичип атыптыр, кыздар коп дейт. Биякка келе турган туру жок, озун бил дедим ичимден.
Эртеси саат тогуздарда Керим чалды, барсам эми тамактанганы отурушкан экен, тамактанып алалы анан сага Акимыч бир иш айтты, озу туштон кийин келет экен, келгенде суйлошобуз дейт.
Акимыч базаны тазаласын дептир. Колума эки чон мешок, тырмоок карматышты.
Чакан бир адамдык жол алып барат экен, Керим «ушул жол менен бара берсен алып барат» деп жолго салды. Бир чакырымдай жургондо токойдун ортосунда, бир гектардай тегиз жерде экен. Чон кылып «Тарзан» деп жазып, Тарзандын, маймылдардын дарактардын башында отурган суротун тартып коюптур. Бийик оскон карагайларга биринен бирине аркандан жасалган копуролор байланып, бир карагайдан экинчи карагайга ошол аркан копуро аркылуу отуп, айтор альпинист болом дегендерге кызыктуу жер экен.
Мешокторду которунуп алып келдим, кооз жер экен, базаны эки тарабынан токойлуу тоо курчап мейманкана аркылуу эле келбесе, башка келе турган жол жок. Жоо эле аскага тырмышып ашып тушпосон. Жанынан чон суу агып отот экен, бир жерин тосуп, терен кылып казып, колго айлантып коюптур. Сууга тушсон болчудай, айтор эс алганы келгендерге жыргал эле жашоо.
Базаны тазалап бутуп, саат бештерде колго тушуп алып мейманканага барсам, Керим мени коруп калып, «жанымда отуруп тур, азыр Акимыч келет, акчаны, иштерини суйлошуп аласын» деп, суйлошуп отуруп калдым. Керим Бишкектенмин дейт, жети жылдан бери келип, сезондо беш алты ай иштеп кетет экен. Керим гана Бишкектен экен, калган иштеген адамдардын баары Чон Тал деген айылдан экен, башка жактыктарды албайт дейт.
Аны муну суйлошуп отурсак, эки джип келип токтоп, бироосу Акимычтыкы эле, Акимыч, берки машинеден дагы бир адам тушуп, экоосу мейманкананын артында, озунчо торт болмолуу уй бар эле. Офис экен, ошол жакка кирип кетишти. Бир аздан кийин Акимыч мага чалып, «кирсен» дейт.
Ашыкча эч нерсе жок, «Т» формасында стол коюлуптур, уч отургуч, чон, торт кишилик диван, кулер, Ысык колдун суроту илиниптир дубалга. Столдо компьютер.
Тордо Акимыч олтурат, диванда бою узун, чачы желкесине тушкон, кара тору, олбурлуу, жашы отуздардагы, ак футболкачан, кок джинсы, бутунда кроссовки кийген адам олтурат. Кыргыз эмес, туркпу, же курд окшойт, кыскасы ошол тарап. Кирип барсам Акимыч ордунан туруп:
— Кел Дастан, жайланышып алдынбы? — деп, берки шеригине карап — мен айткан бала ушул. Спортсмен, боксер. Таанышып алгыла- деп — аты Муслим менин дос иним.
Ордунан туруп келип:
— Муслим- деп мени баштан аяк сынап карап колун сунду, озуно ишенген коз караш.
— Дастан.
— Отур, отургула. Дастан, баягында суйлошкондой эле, айлыгын уч кундон кийин жазыла баштайт. Тартынбай тамактанып, эмне керек болсо айтып ачык эле, кенен журо бер. Меймандар уч кундон кийин келишет. Керимге айтсан, тоого чыга турган аркандарыны корсотсун. Озун карап кемчилиги болсо айт, даярдап коелу. Ага чейин эс ала бер, база кандай таза эле бекен?
— Таза эле, анча мынчаларын терип койдум.
— Жакшы кылыпсын, эми тушуносун да, бияка келгендер эс алалы деп келишет да. Макул эми бара бер анда, кемчиликтер болсо тизмесин тузуп кой, эртен Чолпон Атага барып алып келебиз. Же праван барбы?
— Бар.
— Анда озун эле барып, телефонун берем, керектуу нерселерди алып келе бер. Эмне керек болсо ала бер. Мен акчасын кийин берип коем. Керимге айтсан, машинаны корсотот.
Эртеси «Хонда Фит» деген чакан машинаны минип алып, керектуу нерселерди жазып алып Чолпон Атага барып, бир чон склад бар экен, керектуу нерселерими алып келдим.
Уч кундон кийин кечке маал отуздан ашык чет олколуктор келишти, немистер, чехиялыктар, англичандар экен. Жарымы эртеси келишти. Кээлери он кун, кээлери он беш кун, айтор ар кимиси ар канча кун эс алышып, кетишип ордуларына башкалары келет экен.
Бир жактан аттарды таап келишти, кундо колго тушушот, аттарды минип алып сейилдешет, кундо кечинде дискотека. Мейманканада иштегендерде тыным жок.
Мен да кундо эртен менен, кечинде чыккан таштандыларды чогултуп, бир жерге чогултам. Ар торт кундо чон машине келет, салып берем.
Кээде кобунчо аялдарды, жаш балдарды ээрчитип алып базага барып кантип чыкканды, жиптер менен бир дарактан экинчи даракка отконду уйротом, кечинде бир сыйра аркандарын текшерип, тазалайм. Башка убакта бошмун, сууга тушом, уктайм. Жага баштады.
Чеке жер дейт окшойт коп айтор.
Кээде жакынкы айылда жашаган бир атчан адам келип туристтерди ээрчитип алып, тоого чыгып келебиз. Мен да аскага чыга турган шаймандарымы атка артып алып кошулуп журом. Азырынча аскага чыгам дегени деле болгон жок.
Ар эки уч кундо автобус менен туристтерди колго алып барып, беш — алты саат сууга тушушот, мен да алар менен кошо тушуп журуп келем.
Кечинде ресторанга туристтерден башка, шаардан да адамдар толуп калышат.
Гули негедир мага очошту калды, ар жолукканда, жаман карап отот, бир нерсени туура эмес кылып койсом соссуз «тырыштырат». Бара бара конул деле бурбай калдым, бирок дагы эмне кынтык табар экен деп жалкып калат экенсин. Бир жолу мейманкананын бурчунан бурула берсем, эшиктин алдында турган экен, дагы бир нерсе дебесин деп артка бурула берсем артыман бизде иштеген эки кыз келаткан экен, менин дароо бурулганымы корушуп тан калып карап коюшту да, кийин Гулини коруп тушунушту окшойт, каткырып кулушкон ундору угулду. Ичимен согунуп алдым, тенелбейин деп жатсам туура эмес тушунушот окшойт, эми эмне кыздар менен акыйнек айтышышым керекпи.
Бир куну уктап атсам Акимыч чалыптыр.
— Эртен " Арал" деген жерге барабыз, бир аскага чыгып тушуп корушун керек, экзамен деп эсептеп кое бер. Шаймандарыны алып ал.
Эртеси Муслим да келиптир, жакын эле жердеги аскага чыгам го дегем. Уч ат даярдалып коюлуптур, учообуз аттарды минип алып тоо аралап, эки тарабы бийик жалама асканын ортосу менен суу откон капчыгай бар экен. Бир сааттан ашык жол журуп, аябай кооз жерге келдик. Бет алдыбыздан шаркыратма корунду, бийиктиги кырк метрден кобуроок го дейм, жалама тоодон тушуп, суу тушкон жери чон кол болуп калыптыр.
Шаркыратманын жанында асканын боору аппак экен, бир нерсе урулган окшойт. Мындай из бир нерсенин урулганынан эле калат. Аска ийилгенсип турат экен. Конбогон адам тушо албайт мындай жерден, аскага жармашып тушушун керек. Же билген адам тушуп жиптерди аскага катыргандан кийин гана тушсо болсо керек.
Колдун айланасы коюу токой экен, бир чекесинде эл сыйынган мазар окшойт, очок, казандар турат, жакын арадагы дарактарга ар кандай чупуроктор илинген. Акимыч тоону корсотуп:
— Чыга аласынбы — дейт, тамашалап атабы деп козуно карасам чын эле суйлоп аткандай.
— Чыга албайм, бирок менин милдетим аскада адам калып кетсе алып тушуш да, ал учун соссуз эле ылдыйдан жогору чыгыш зарыл эмес, жогорудан тушуп да куткарса болот- десем, экоосу бири бирин карап калышты да, Акимыч:
— Жогорудан тушо аласынбы?- дейт.
— Тушсо болот.
— Тушуп корбойсунбу.
— Макул королу.
Тоонун башына, суу тушкон жерге чыктык.
Бул жер «Арал» дегендей эле жер экен, айлана тегереги бут бийик, токойлуу тоолор менен тосулуп, бир тарабынан гана капчыгай аркылуу эле жол болбосо. Шаркыратманын суусу, жана башка толтура ар кандай чон кичине булактардан чогулуп отуруп чон эле суу болуп, ошол капчыгай аркылуу агып чыгып кетет экен. Капчыгайдын ичинин узундугу эки чакырымдай бар го, келгинче, суунун агымына карап, ошол эле жерде оскон арча, карагайлардан жасалган ондон ашык копуролордон отот экенсин.
Пансионаттан бир тоо эле болуп турат экен, эгер айланып журбой тоону ашып отсон тез эле келсе болчудай.
Бул жакка адамдар коп деле келе бербесе керек, мал айдап келейин десе опурталдуу, малдары копуродон сууга тушуп кетиши мумкун. Чоп чаап алып кетиштин зарылчылыгы жок, тиякта токойдогу чопторду деле кыйратып орушпайт окшойт.
Акимыч атынын бели бошоп кетти окшойт, «тартып алайын, силер барып тургула» деп артта калып калды. Чокуга чыгып, аттарды тушап кое берип, мен шаймандарымы алып, чон даракка байлап тушойун деп турсам Муслим мени токтотуп:
— Тушо аласынбы, козун жетеби — дейт.
— Коп болсо отуз-отуз беш метр да, оной эле. Мындан эки уч эсе бийиктерде деле иштегем.
— Анда кое тур, мен ылдыйга тушуп карап турайын-дейт.
Тан калып калдым, бул эмне мени куласам кармап калам деп атабы.
— Ой кулабайм коркпо, куласам деле сууга тушом да.
Муслимдин негедир жини келип кетти:
— Сен айтканды кыл уктунбу, акчаны толоп жаткандан кийин биздин айтканды кыласын. Кут дегенден кийин кут- деп согунуп жиберди.
Жаным чыгып кетти, ушундайлар эч жакпайт да, «акчаны толоп деп», аскага тушойун деп кырында отурган элем, ордуман ыргып туруп эки колум менен, негедир кун ыссык болсо да футболканын устунон жука куртка кийип алган эле, курткасынын жакасынан муунта кармадым:
— Биринчиден мен бияка ачка калганыман суранып келген жокмун, экинчиден сен толоп жаткан жоксун мага, учунчудон эгер дагы бир жолу мага ушундай тон менен суйлосон, согунсон озундон кор- деп туртуп жибердим. Муслим мени бир азга карап туруп, кийин суйлошом деди окшойт, унчукпай жакаларын кагынып, сигаретин куйгузуп, атына минип кетип калды. Макул эми кутсо куто турайын деп жиптерими текшерип отурдум.
Тан калыштуу да, эмнеге эле болбогон нерсеге ушунча соз кылып, айтор ойлонуп калдым.
Акимыч келип ылдыйды карап:
— Тушо аласынбы? Этият бол — деп жаныма отуруп калды.
Акыры ылдыйдан Муслим корунду, колун булгайт «тушо бер» дегенсип. Акырын аркан менен тушо баштадым. Уйлордон коро аскадан тушкон анча эле оной да, орчук борчугу коп, арканын узулсо, же чечилип кетсе да кармана турган жер бар дегендей. Акимыч да негедир белинен жип байлап, экинчи учун даракка байлап, асканын кырына жатып алып мени карап турат. Булар эмне эле мынча карашат тушунбодум. Куласам деле булар кантип сактап калмак эле.
Арканымда ар уч метр сайын жазуусу бар канча метр экени, ошодон билем канча тушконуму, карасам он эки метр тушупмун. Ылдыйда Муслим дурбу менен карап турат ар бир кыймылымы. Дагы эки метр тушконумдо бутум боштукту сезди. Оюлгандай болгон жерине жетипмин. Тубундо эни бир метрдей, узуну асканын боору менен жарымына чейин кеткен, экинчи жагы шаркыратманын ичине кирип кеткен, жол сыяктуу тектирче бар экен. Тектирдин чекесин жамгыр тийгенгеби коюу бийик болуп узунунан чоп осуп кетиптир. Конбогон адам тушо албайт мындай жерге. Асканын орчук борчуктарына жармашып атып, эптеп тектирчеге тушуп, дем алып алайын деп отурдум бир аз. Чоптор осуп, бийиктиги бир метрдей барго, башым эле корунбосо Муслимге корунбой деле калдым окшойт. Жогоруну карасам Акимычка корунбой калыпмын, ылдыйда Муслим турат дурбусу менен мени карап. Шаркыратма менден торт беш метр арыракта куулдоп агып жатат. Тектирченин шаркыратма жакка кеткен жеринин бутушу, шаркыратма башталган жер караган, чоп коюу болуп осуп кетиптир. Эки жакты карап ойлонуп жатып козумо бир нерсе урунду, коргон козумо ишенбедим. Колум жете турган эле жерде, чоптуу жер бутуп, шагыл башталган жеринде алтын тыйындар жатат. Бироо чачып койгондой болуп, ар ар жерде жатат. Биринчи эле оюм, дароо алып коруш болду. Колуму сунуп баратып оюма бир нерсе кылт этти. Алтынга сунулуп бараткан колуму дароо токтотуп, чопту жулуп жыттаган адам болуп, эки жакка суктанган адам болуп отуруп калдым. Муслим дурбусу менен менин ар бир кыймылымы даана коруп турат да. Ал жакка караган да жокмун, карасам эле тушунмок. Журогум дукулдойт тимеле кабынан чыгып кетчуудой болуп. Байкасам чоп кармап турган колдорум калтырап калыптыр кадимкидей. Алтындын бир кучу бар деген чын окшойт. Ичимен англисче санай, баштадым. Ар дайым ушинтем, англисче санасам коз алдыма тамга менен жазганда кандай жазыларын элестетип, оюм дароо калыбына келет. Ордуман туруп, аркан менен тушо баштадым, уч-торт метр тушуп, жогоруну карасам, жана эле мен турган жерде чондугу мышыктай болгон кор келемиштер пайда болуп калышыптыр. Ары бери чуркап, мурдун которушуп абаны жыттап, мени эле издеп жатышты окшойт. Суунун шарынан угулбады, бирок чыйылдап эле жатышты, итиркейини келтирген ооздорун ачып алышып, тиштери корунуп жатты. Эн жаман коргонум ушу чычкан, келемиш атпайлар эле. Коп тимеле, отуз- кырктай барго, баары тектирдин кырына тизилип турушуп алышыптыр. Чоптун арасында тургандыктан Муслимге корунбосо деле керек.
Жерге тушкончо озуму толук колго алып, журогумун согушу да озуно келип калды. Асканын тубу, мен тушкон жер кол эле.
Жибимин бироон катыргычынан бошотуп катуу тартсам, чокудагы даракка байланган жери чыгып кетет, тартып чечип тушуруп алып, бир учун кармап, сузуп жээкке чыктым, терен эле экен. Устумдо шорты, футболка, кун ыссык, тез эле кургап калат.
Муслим кундон калкалоочу коз айнек тагып алгандыктан козу корунбойт, эч нерсе байкай албадым. Бирок ал менден козун албайт, козумон билейин деп атат да.
— Ушуга эле ушунча жанжалбы, кордунбу, тушо алат бекем?-деп суйлонуп, футболкамы, шортымы чечип сыгынып, кроссковкамы чечип суусун тогуп кунго жайып коюп жибими орой баштадым. Унчукпай жанымда турат, бир жогоруну карап, бир мени карап. Бир нерселерди сурайын дейт, сурай албады. Эмне кылышты билбей калды да. Кайра кайра тамеки чегет. Озумчо ойлондум, демек булар менин тушунушумчо асканын боорунда алтын бар экенин шекшишет, бирок точно каеринде экенин билишпейт окшойт. Бир нерсенин чекесин угушкан учун мени ар шылтоону айтып алып келишти да. Эгер даана алтын бар экенин билишсе мени мылтык такап болсо да тушурушуп алдырышмак. Ошондо оюма келди, эмне эле булар жайында, ушундай мээ кайнаткан ысыкта куртка кийишип алышты экен. Куртканын ичинде бычагы же тапанчасы бар болду бекен. Мен футболкада ысып атам, булар бышып эле калат да, ошентсе да чечпей журушот. Кантип билсе болот?
Кой дедим озумо озум, азыр ой басып отурганымы байкаса бир нерседен шекшиши мумкун, азырынча ойлонбош керек. Тээ сай жакты, келген жагыбызды карап чопко жатып алып, эс алып жаткан адам болуп, ичимен англисче санай баштадым.
Акыры болбоду минтип жата берсем, озумо озум жардам бербесем, мага ким жардам бермек эле, текшерип коруш керек.
Муслимди текшерсем, жана эле урушуп кеткенбиз, болбойт. Муслим акыйлашып кеткенибизди айтпаган болуш керек, Акимычты текшерип короюн дедим. Куто берип жадаган адам болуп, Муслимге «жолунан тосуп чыгайын» деп коюп тоого чыгып кеттим. Тээ кырда журот дагы деле, эки ат менен тушуш деле мындай токойлуу жерде оной эмес да. Тез тез басып жолунан тосуп чыктым, жоо жетелеп тушуп келаткан экен. Жанына жетип аттын чылбырын алып жатып, ташка тайган адам болуп кулап кетейин деп Акимычка суйонуп калдым. Колума пистолетти колтуктун тубуно илип алганда тагынуучу ремен сезилди. Демек тапанчасы бар экен да.
Акимыч тушунгон деле жок, «этият бол» деп коюп, ээрчишип тушуп келип, аттанып алып кайтып келдик.
Келип эле алар офиске кирип кетишти мен, тамактанып алып озумун канама кирип кеттим.
Тапанчаларын мага деп алышты да. Эгер алтын таап алганымы буларга айтсам, ээ кыскасы бугун мени алтындарды алдыртып, анан коз жаздым кылышмак экен да. Ушу кичине алтын учун мени олтуробуз дешсе…
Тез бир нерсе кылып бул жерден качыш керек.
Туну менен эмне кылсам деп ойлондум.
Кайра ойлоном, отуз- кырк даана алтын тыйын учун коп деле анчалыкка барышпаса керек, коркконго кош корунду болду окшойт бул жагы деп да ойлондум. Булар деле болбогон акча учун адам олтурмок беле, жооп бериши да бар да. Жок эле нерсеге коркуп жатат окшойм.
Азырынча журуп тура берейинчи, бир нерсенин шегин билсем качып кетиш оной эле да.
Муслим ошол бойдон корунгон жок, мен да журо бердим, кундогу жумуш. Сыр бербей журом.
Акимыч да кундогудой эле, сыр алдырбайт, мени эч нерсени тушунбоду деп калган окшойт. Ар кимден ар нерселерди сурагым келет. Керимден бир эки жолу сурап жиберейин деп аран токтоп калдым. Кундо кечинде телефондон интернетке кирип алтын тыйындар, келемиштер жонундо ар кандай маалыматтарды окуй баштадым.
Окугандарыма караганда кор келемиштер жыландар сыяктуу эле алтынга оч болушат экен. Алтын учун адамдарды жеп салган окуялар болуптур чынбы — жалганбы. Эми ар кандай адамдын оюна келбеген окуялар бар экен. Армениялык бироо жазыптыр, болгон окуя имиш. Бир киши тоолуу айылда жашайт окшойт, кундо бир чакан тоштун устундо бир нерсе жылтырайт экен, эмне жылтырай болду экен деп атайын чыгып издеп эч нерсе таппаптыр. Эртеси дагы деле жылтырайт. Бир куну кучтуу дурбу таап келип карап отурса, бир кор келемиш ийининен чыгып копко чейин эки жакты тыншап туруптур да, акыры эч ким жоктугуна козу жеткенде ийининен беш алты метр алысырак, кун жакшы тийген, таштын устуно ондон ашык алтын тенгелерди алып чыгып кунго тизип жайып коюп ийинине кирип кетиптир. Баягы киши шашып-бушуп тошко чыгып барса баягы алтын тенгелер жок, кор келемиш адамдын дабышынан эле келе жатканын сезип, алтындарды ийинине ташып кирип кеткен окшойт. Ошол бойдон уч-торт кун алтынын алып чыкпаптыр келемиш. Баягы киши кундо дурбу менен карап коет. Дагы бир куну караса алтындар кунго жайылып калыптыр. Ал куну барбаптыр да, эртеси эрте чыгып, алтын жайган жерге жакын, келемиш жытыман билип койбосун деп, шамал тескери айдаган жакка отуруп алып кутуптур. Кундогу маалда кор келемиш алтындарын алып чыгып жайып коюп кирип кеткенде акырын туруп, алтындарды алып кетип калыптыр. Тээ алысыраак барып, эми келемиш эмне кылар экен деп дурбу салып отурса бир маалда келемиш чыгып алтындарын ордунан таппай калып, чыйылдап ар жакты издеп, ары чуркап, бери чуркап акыры алтындарын жоготконуна козу жеткенде журогу жарылып олуп калыптыр.
Эми чынбы- жалганбы ким билет, жанында турбагандан кийин. Кийин баягы киши айылдагы адамдарды топтоп барып ийинин казып бир кумура алтын тенгелерди таап алышыптыр.
Эгер бул окуяга ишенсем, алтын коп экен да, келемиштер кандайдыр бир болугун эле жайган деп ойлоп калдым.
Ээ ар кандай окуяларды окудум кыскасы.
Бир куну дагы туристтер тоого чыкмакчы болуп, баштоочу адам менен тоого жонодук, туристтерди бир кооз жерге алып барып жайып жиберип, алар суротко, видеого тушушуп, ар оюндарды ойношуп, айтор анкайышып журушкончо биз колокодо эле отурабыз.
Кырктардагы, коздору чон, бою орто, курсак салган, бажактап суйлогон, ичинде кири жок Абыш деген адам эле. Бекерчиликте деп ар нерсени суйлоп берет. Ошол билиши керек деп созду мазарлардан баштадым, ар мазарлар жонундо айтып отуруп акыры шаркыратмадагы мазарга келди.
Ал жер «жылан мазар» деген жер экен.

Автору Субан Джуманалиев
e-mail:suban78@mail.ru
Булак: Стихи.ру

18:15
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...