KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Ботон жердин буудайы - 3

Бекболоттун машинасына бекиткен телефондун номери эсимде калыптыр, дароо чалдым, тынч, эч нерсе угулбайт. Маал-маал чалып коюп жаттым, кечки саат жетилерде Жалал-абадка жетейин деп калганбыз, дагы чалсам машинанын журуп турган уну угулду, бир аздан кийин Бекболот менен Зарыл экен машинага отурушуп, бир жакка жоношту, Зарылдын уну:
— ГАИлер кармаса эмне кылабыз?
— Тунку саат он экиде кайдагы ГАИ,
— Шаардан чыга бергенде кобунчо туруп калышчу эле го,
-Ээ машинаны текшеришпейт коркпо, токтотсо пул да жазасы, ушунча текшеришпеген бугун текшерип калмак беле,
-На всякий пожар пушка алып албайлыбы,
— Шеф эч нерсе албагыла деди го, акча менен кутулушубуз керек, пушка алып алып, кармалып калсак ошондо проблема болот, алар мне машинаны тытмак беле, багажникти карашы мумкун, товарды тайникке салабыз да, короче корко бербечи, ар нерсени айтып менин да настроениеми бузба.
-Товар канча бар?
— Уч пакет, тогуз кила.
-Бардыгы батабы анан?
-Жок, бироо эле батат, уч килага эле жасалган да,
-Калганын кантебиз,
-Запасканын ичине салып туруп, кайра желдеп коёбуз.
-Пулдардычы?
-Пулдарды эки пакетке болуп салып, экообуз отурган сидениенин тубун ачып салып кайра тигип коёбуз, эч ким таппайт,
-Тангамаал кайтсак болбойбу, ГАИлер кетээр, саат торт-бештерде кайтсак.
-Жок, шеф бирге чейин келип калгыла деди гу, озун деле уктун го акыры. Бир болсо Эрмектен коркуп атат, келип калбасын деп, озу жалгыз калды да.
— Ээ Эрмек аны кантип таап алмак эле,
— Билбейм, бирок шеф Эрмектен коркот, кыйын бала, мындан коркуш керек деген да бир жолу, карасан товарды жонотушту ойлоп тапканын, тиги кок мээ болбогондо али канча пул иштеп алат элек.
-Ошону айтсан, кантип башы жеткенине тан калам да, ээ Бекболот шеф мне экообузду эле чакырды, Бекен, Нурбектерди деле
чакырбайбы.
-Учообуздон башка эч ким билбеш керек да.
-Эрмекти бир эки коркутуп койсо озу деле кетет эле да дайынын таптырбай, тушунот да, эмне кылат биякка чакырып,
-Ошого да башын жетпедиби, шеф анын акчасын ала албай жатпайбы, акчасын алып озун тынчытыш керек.
-Короче бир ок менен эки коён атып жатыптыр да а? Канча иштеп койду Эрмек, канча бердин?
— Билбейм эсептебегем, шеф жонотчу эле, мен апарып берчу элем, озун деле эсептесен, ар бир рейсине уч мин доллардан алса, бир айда уч же торт жолу жонотчу эле, эки жылдай иштеди окшойт.
-Уу анча эле акча бар экен да Эрмекте, каякка бекитти экен а?
-Банкка салчу эле, ар товар жоноткондун эртеси пулду алар менен банкка барчу.
-Эрмекти каяктан тапкансынар озу, ким тапкан?
-Шеф тапкан, Эрмек Москвада иштеп жургондо подстава кылган, эки орус балага акча берип Эрмек менен мушташтырып, бироосун жыгылып тушуп олумуш болуп каласын деген, анан Эрмекти ар нерсени айтып, коркутушуп, тиги орусту олуп калышы да мумкун деп алдап, жардам берген адам болуп, Кыргызстанга качырышып, ошентип иштеп калган бизге.
Машина токтоду окшойт, Бекболоттун уну:
-Майли, короче ровно он бирге ушул жерде тур, жаны номерини сал, эскисин ыргыт, мага айтып кой жаны номерини жазып алайын,-Зарыл номерин айтып, коштошуп кетти.
Зарылдын номерин мен да озумо жазып алдым.
Корсо мени подстава кылышкан экен да жок жерден, Ошко жеткиче ойлонуп, план туздум.
Саат сегиз жарымдарга Ошко бардык, вокзалдан эле бир телефон, бир симка алып Зарылдын номерин жазып, даярдап койдум. Квартирама барып душка тушуп, тамактанып алдым да, ноутбукту алып машинамы минип алып Баш-булак айылына жонодум. Саат он жарым болуп калды, шаардан чыга берээрде ГАИнин посту бар, айланасы бут пахта талаа, жолду бойлоп тыт тигилген. ГАИшниктер туруптур, атайын катуураак айдап отсом токтотушуп калды. Тушуп барып учурашсам, машинага барып жолук дейт, машинада экоо отурган экен. Айткан акчасын бербей кичине тартышсам, чону окшойт, протокол толтура баштады, фамилиясын жазды эле Алиев экен, жаттап алдым да, айткан акчасын берип, документтерими алдым. Шашкан адам болуп машинеми коздой бастым да кайра кайрылып келип Алиев дегенине:
-Аке телефонунуздан чалып алайынчы, меники заряд тугонуптур-деп жыйырма сом сунсам, телефонун берди. Жаны алган телефонумун номерине чалып, суйлошкон адам болуп, кайра бердим да рахмат айтып кетип калдым.
Бир километрдей жургондон кийин, жол кичине донду айланып кетет, посттогуларга корунбойт. Машинаны токтотуп саатты карасам он экиге жыйырма мунот калыптыр, машинаны талаага кирип кеткен жол бар экен, айдап кирип жугорулор тосо турган кылып, жолго корунбой турган кылып токтотуп койдум.
Машинадан эки телефонду алып машинаны култадым да, тыттарды аралап постту коздой жонодум. Постко жуз метрдей калганда тыттардын тубуно бекинип отурдум да, Бекболоттун машинасындагы номерге чалдым. Тынч эч кандай добуш жок, кутуп отурдум. Тундо деле жолдон машина коп каттайт экен, ГАИшниктер машинелерди токтотуп коё берип айтор ишин кылышып атты, али-бери кете турган ойлору жок.
Он муноттой откон Бекболот менен Зарыл машина менен жоношту, анда-санда эле суйлошпосо, музыка угуп эле келатышты. Постко жакындап калышты окшойт, Зарылдын уну, чыгып калды:
-ГАИлер болсо эмне кылабыз? Токтотсо дейм да.
-Токтотсо мен тушом да, акча алышат да коп болсо.
Келейин деп деле калышты окшойт постко, жаны алган телефонго ГАИшниктин номери тушуп калган да, ошол номерге чалып, унуму октом, ишеничтуу чыгарып:
-Алиев, бул подполковник Аманбаев, жаз номерин, азыр жанынардан отот, кара ВМВ, седан, кармап правасын алып койгула, эртен отделден алып кетем,- деп коюп койдум. ГАИшниктер учоо тен жолго чыгып алышты, Бекболоттордун суйлошкондорун угуп аттым эле, Зарыл:
-Ай эненди, турушат-деп калды.
-Турса эмне, буларга деле пул керек да, ар дайым эле чыгышат да, биз учун чыкты дейсинби.
-Ансыз деле отузда келатам, корко бербечи.
-Учоо экен.
Мага да корунуп турду, машина келатканы, алардан башка машина жок эле. Бир колума, берки телефонду кармап, Зарылдын номерин даярдап турдум. Машина жакындап калганда бир ГАИшник жезли менен токто дегендей белги кылды.
Бекболот менен Зарыл экоо тен согунуп алышты. Машинаны чекеге чыгарып токтотуп, Бекболот тушуп ГАИшниктерди коздой басты, эки ГАИшник машинага жакыныраак, отуз метрдей жерде турушкан. Бекболот машинадан тушуп он метрдей басканда, Зарылга телефон чалдым, ал дароо эле алды:
-Да,-корккону билинип турду.
Мен шашкан адам болуп:
-Зарыл постко жете элексинерби?
-Постто турабыз, эмне болду?
— Качкыла ал жерден, шефти кармашыптыр, бизди андып журушкон экен,-деп телефонду очуруп Бекболоттун машинасын коздой тыттардын арты менен чуркадым. Мен куткондой эле, Зарыл машинадан тушуп:
-Бекболот кач!-деп кыйкырып, озу пахта талааны коздой чуркады, наракта жалгыз турган ГАИшник Зарылдын артынан кууп жоноду.
Бекболот ГАИшниктердин бироосу менен учурашып калган эле, Алиев окшойт, бет талаштыра муштумдап берип калды эле Алиев отуруп калды, Бекболот жолдун аркы бетине качып жоноду. Экинчи ГАИшник эки-уч метр нарыраакта турат эле, Бекболоттун артынан чуркады. Бетине жеп алган Алиев эле экен, пистолетин асманга атып «стоять» деп кыйкырган боюнча ал да кетти. Мен чуркап Бекболоттун машинасына бардым да, сидениенин тубундогу материалды тартсам оной эле тигиши согулуп кетти, пакет колума тушту, экинчи пакетти да алдым да, машинанын алдын жарык кылсам, телефон жатыптыр, тааныдым Бекболоттун телефону эле, бир жолу мактанган эле бир машинанын пулуна алдым деп, оюмдагыдай болду баары бир бироосу телефонун таштайт болуш керек дедим эле, телефонду алып машинама чуркадым. Эки жакты тыншасам, тигилер дале куушуп журушот, али-бери келбей турган, мен кайра машинага келдим да багажнигинен запаска баллонду алып чыгып, бычак менен кесип, ичинен пакетке оролгон наркотиктерди алып чыгып, бироон тешип кичине тогуп койдум да калганын баллондун устуно коюп койдум. Машинама чуркап барып айдап Баш-булакка жонодум, аралык он беш километрдей бар эле, тез эле жетип бардым, айылдын ортосуна токтодум да Бекболоттун телефонунан шеф дегенди таптым, Зарыл менен эле шефине чалган экен акыркы жолу, ноутбукту интернетке улап, шеф деген номерди терип поискке койсом, бир мунотко жетпей корсотту, алдыраакта эле жуз элуу метрдей аралыкта экен уй. Бекболоттун телефонун алдым да машинаны култап ошол жерге калтырып, жуз элуу метрди эсептеп барсам, чон эки кабат уй турат забору али буто элек экен. Аппак Мерседес 500 турат, чон дарбаза коюптур, бир айнектен жарык чыгып турат, ити жок окшойт, жарык чыккан айнекке барып ичин карасам, видеодогу комната экен, Жумалы байке диванда ургулоп олтурат, Элиза жерде жатат, уктап калганбы, кыймылдабайт, колу буттарын байлап коюшуптур. Акырын барып эшигин тартып корсом, ичинен бекитилген окшойт, ачылбады, уйду айланып бардык терезелерин тартып кордум, баары култанык, анан бир ой келди, жерден эки кирпич алып жарык чыккан комнатанын терезесинин тубуно барып жаныма даярдап койдум да, Бекболоттун телефонунан Жумалы акеге «Тез кетин ал жерден, спец.наз баратат» деп смс жоноттум, терезеден карап турсам, телефонду дароо алып, окуду да жашына карабай мышыктай чапчан экен, таягын унутуп эшикке атып чыкты, мен кирпичти даярдап турам, эгер Элизага бир нерсе кыла турган болсо, терезени сындырып кирем деп. Эч нерсеге караган жок, чыгып дарбазаны ачты да, машинасын минип Алайды коздой катуу айдап кетип калды. Мен уйго чуркап кирип бардым да Элизаны которуп алып машинама чуркадым. Артына жаткызып, колун чечип атсам, мени карап эле ыйлап жиберди, мен дагы унчукпа деп коюп, машинамы айдап Ошко жонодум. Элиза акыбалы жакшы эле окшойт, туруп оозундагы скотчту, бутундагы жипти чече баштады. Мен Элизага:
— Элиза, мен сага баарын тушундуруп берем, только азыр эч нерсе сураба, бардык коркунуч артта калды.-дедим. Бир нерсе айтайын деп барып кайра унчукпай калды. Постто эч ким корунбойт, Бекболоттун машинасы да корунбойт. Эми тундоп Бишкекке жетип алышым керек эле, саат деле бир болоюн деп калыптыр. Элиза аябай коркуп калган окшойт, мени карап-карап коёт, бирок унчукпайт.
-Азыр Элиза шаардан чыгып алайлы, сага тушундуруп берем-десем башын жерге салып унчукпайт. Оштон чыкканча бир да ГАИшник тоскон жок, эми Жалал-абадда эле тоспосо, ошол бойдон Сосновкада эле тосот мындай жети тундо. Ош менен Жалал-абаддын ортосундагы перевалга келгенде:
-Жур Элиза, кичине бети-колуну жууп ал, сергип аласын деп суу бердим, ал жуунгуча мен эки пакеттеги акчаларды сидениенин тубуно таштап устун полик менен жаап койдум, кичине болсо да коздон далда. Телефондордогу симкалардын баарын алдым да, сындырып, ыргытып жибердим, контакттагы номерлердин бирин да калтырбадым, телефондордун памятын тазалап салдым, ушуну менен ушул жерден узулсун байланыш дедим. Аба салкын болуп, муздак жел журуп туруптур, ушуп кеттим, Элиза жуунуп бутту окшойт, кеттикпи десем:
-Каякка барабыз Эрмек аке, эмне болуп жатат озу-дейт.
Ушунчалык жакшы коруп кеттим, эми мындан ары сага жан адамдын колун тийгизбейм дедим ичимден.
-Мага капа болбочу Элиза, сени алып кетишет деп эч оюма келбептир, эми бутту баары, жур ушуп калба, машинага отур, сага баарын айтып берем-деп жаныма отургуздум да, айдап жонодум, баарын айтып бердим жашырбай, унчукпай угуп баратты.
-Мен учун кайтып келдизби, мени эмне кылышмак эле, сизди болсо олтуруп коюшса эмне болот эле, мен эмне кылат элем-дейт. Кайтып келмек турсун, жанымы бермекмин Элиза учун.
-Элиза, азыр сага дагы Кыргызстанда жургонго болбойт, бир аз убакыт экообуз Казакстанга барып жашап турушубуз керек, булар жаман адамдар. Экообузго Казакстандын паспортун алабыз да бир чонураак шаарына барып квартира алып жашап турабыз, кийинчерээк келебиз, макулсунбу?-десем,
-Эрмек аке менин сизден башка жакын адамым жок, сиз менен каякка десениз да барам, сиздин жанынызда эле журойунчу -дейт. Ушунчалык суйундум, адамдардын баарын жакшы коруп кеттим, баарын кечирдим, жашоо, айлана-тегерек, талаалар козумо ушунчалык бир сулуу корунуп кетти, ай толуп турган маалы экен, ай да козумо бир башкача сулуу корунду, соз менен айтып жеткире албайсын, Элизаны катуу кучактап ооп-ооп алгым келди. Бул дуйнодогу менин эн жакын адамым, менин кайгы-кубанычымы болушо турган, мени эч качан алдап кетпей турган адамым да.
Сыртыман кубанычымы билдире албадым, унчукпай эле жолду караган адам болуп кете бердим. Экообуз тен унчукпай кете бердик, Элиза суйлобосо экен, ушинтип тынчтыкты бузбай, жанаша олтуруп алып копко чейин кете берсек, жол тугонбосо деп тиледим. Анча жургондон кийин Элиза суйлошкусу келип жаткан болсочу деп, музыка коюп берейинби десем, ал дагы мендей сезимде болуп баратканбы, жок дегенсип башын чайкап койду. Жакшы коргон адамын менен суйлошпой жанаша отуруп жон эле кеткен деле керемет экен.
Жалал-абаддын круговоюндагы кафелерге жеткенде жолдо эле жеп кетели, убакытты кетирбей деп, кафеден манты, экообузго ондон шашлык, ондон самсы алып бир идишке муздабай тургандай кылып салдырып алдым. Эми Ош, Жалал-абаддын озбектери жасаган мындай ширин, даамдуу тамактарды жейминби, жебейминби бир кудай билет. Манты жеп атканда колум май болот жебейм десем, озу колу менен оозума салып жатты, карап койгонучу жеп бутту бекен деп. Салфетка менен оозуму аарчып койгонучу укмуш тимеле. Мендей бактылуу адам жок болуш керек ааламда.
Суусамырга жеткенде Саняга куру кол барбайын деп курут, сузмо, тоонун таза балынан, алып алдым, Элизага кымыз алып бердим, бир чыныны аран ичти. Чарчаган болсон артка отуп уктап ал десем, жок жанынызда эле шерик болуп кетейинчи дейт, Парижге жеткенде бир аз дем алып алалы деп машинаны токтотуп коюп, машинадан тушуп сигарет чегип турсам Элиза да чыгып, бул жолдон биринчи жолу отуп жаткан экен, ашуудун башынан тушуп келаткан машиналарды коруп тан калат, азыр биз да ошол жакка чыгабызбы деп, саат беш болоюн деп, асман агара баштаган эле, тоолорду коруп жаш баладай суйунот. Туннелдерден откондо тан калганычы, кантип тоону тешип жол салган, тобосу тушуп кетпейби деп.
Сосновкада да, Кара-балтада да ГАИ тоскон жок, сегиздерге Саняныкына барып калдык, Саня озунун машинасын чыгарып, менин машинамы гаражына киргизип койду. Менин паспортторум даяр болуптур. Элизага да паспорт керек десек эки кундо даяр болот дейт, заказ кылып койдук. Саня экообуз менин машинамдагы пакеттеги акчаларды карасак, жети жуз мин доллар, беш жуз минден ашыгыраак сом экен. Менин, Санянын, Элизанын, Санянын аялынын атына карточка алдык да акчаларды салып койдук, эки пакет акчабыз торт-беш эле карточка болуп калды, паролдорун телефонго жазып, карточкаларды Элизага бердим, бекитип кой деп. Саняга акча берсем албайт, сен талаага кетип атасын сага кобуроок керек болот деп, уйундо китептер турган шкаф бар экен, китептердин арасына он мин доллар бекитип койдум да, Казакстанга отконубуздон кийин телефон чалып айтсам капа болот. Эки кундон кийин тундоп Казакстанга отуп кеттик. Бизди такси кутуп турган экен, Алматыга танга маал жеттик, вокзалынан такси жалдап Астанага бардык да, шаардын чекесинен квартира батирге алып жашап калдык. Ал бир комнатада мен башка комнатада жатабыз. Кундо шаар кыдырабыз. Келгенибизге уч жумадай болуп калган, бир чон базары бар экен биздин Дордойго окшогон, коруп келели деп барып кыдырып жургонбуз, кийим алып алалы деп кийим карап журсок, Ошто аэропортто охранада иштеген бир бала бар эле Сейит деген, уйлонгондон кийин иштен чыгып кеткен. Россияга кетиптир деп уктук эле, ошол турат кийим-кече сатып, жакшы дагы мени байкабады кардарларга алаксып. Элизаны ээрчитип базардан чыгып квартирабызга кеттик. Саня туура айткан экен, Казакстанда деле кенен журо албайсын деп, минтип коркуп-уркуп жашаш мумкун эмес эле, Элиза менен кенештим да, алыс кете турган болдук, куну-туну интернетте олтуруп ар кайсы мамлекеттерди карап кордум. Эн эле ылайыктуусу туштук-чыгыш азиядагы бир мамлекет экен. Туристтер жылдап жашай берет экен, акчан болсо болду. Жергиликтуу бийлик ашыкча суроо бере бербейт, жайы-кышы ыссык, туристтер коп барган, тынч мамлекет экен. Эртеси эле туристтик агентствого барып беш айга жолдомо алдык да учуп кеттик. Самолётубуз Кытайдын бир шаарына конуп, башка самолётко отурдук да, Инд океанынын жээгиндеги бир шаарга барып кондук. Беш жылдыздуу мейманканага жайгаштырышты бизди. Туризм аябай онуккон шаар экен. Биз жашап атабыз деп журо берет экенбиз, эгер бейиш чынында эле бар болсо, ушундай эле болот болуш керек шарттары. Баалар Кыргызстанга салыштырмалуу эки-уч эсе арзан, бизге салыштырмалуу болбогон эле акчага уй сатып алсан да болот экен. Туристтер негизинен америкалыктар менен немистер, кобунчо пенсияга чыккандар экен, ошолор жылдап жашашат экен. Себеби алардын пенсиясы уч мин-торт мин доллар болсо, биякта бир айлык мейманканада жашашы, тамак-ашы майда-чуйдосу менен ашып кетсе жети жуз долларга барат экен. Журушот жыргап жашап коюп, кундо дискотека, шведский кухня деп коёт экен, кирип каалаган тамагыны алып жейсин, баары бекер, бир айлык тологон акчанын ичинде. Ээ айта берсен озунчо эле бир жомок. Биз жашаган мейманканада иштеген мени менен тен кур бир бала менен таанышып алдым, аты Акбар экен, орусчаны жакшы билет экен.
Кун аябай эле ыссык экен, Элиза тез эле конуп кетти, мен тундо копко чейин уктай албай жатам, тунку саат экилерде туруп душка тушом, ошентип журуп аран кондум. Ак саргыл Элизам кунго куйуп ону кызылбы айталбайм бир башкача болуп калды, ого бетер сулуу болуп кетти, мага карап алып кулуп калат кээде онунуз озгоруп кетти деп. Азыр бизди тааныштарыбыз корсо тааныбай да калышы мумкун эле. Элизага жакты окшойт бул жактын аба-ырайы бир башкача сулуу болуп кетти, кичине толуп да калды окшойт. Келгенибизге бир ай болгондо, Элизаны ошол шаардагы эн кымбат деген ресторанга алып бардым да, колун сурадым. Кызарып-татарып атып башын жерге салып макулдугун берди. Анда да аябай секин айткандыктан биринчи укпай да калдым. Эртеси мечит бар экен барып молдого нике кыйдырып келдик да чогуу жашап калдык бир уй було болуп.
Майда-чуйдо аралдар толтура экен, кобу бир фирмага караштуу экен, мамлекеттен сатып алып, уйлорду, катерлер токтой турган, жайларды куруп, кундон ток ала турган аппараттарды орнотуп, кыскасы жашоого бут шартын тузуп сатат экен. Аралдар деле аянтына карап, материкке алыс-жакынына карап бааланат экен, жакын болсо кымбатыраак, алыс болсо арзаныраак, бирок алсан болот кичирээгин, ушунчалык эле асмандын баасы турбайт экен. Атайын катерлер турат экен, бизде таксилер тургандай, акчасын толосон каалаган жагына алып барып келет. Кааласан арендага алсан болот, бирок катерди оз алдынча айдаш учун уч кун окуш керек экен, орусча билген окутуучулар бар экен, окуп бизче айтканда права алдым. Элиза экообуз аралдарды кыдырабыз, бош сатыла турган аралдардын эн бийик жерине коруно турган кылып желек илип коёт экен, барып кыдырып корсон болот. Телевизордон коргон аралдарды минтип оз козубуз менен коруп, кыдырып журдук.
Мен ушул мамлекетте калам деп чечтим. Бирок омур бою эле журо албайсын да документсиз. Кантип калыштын жолун издей баштадым.
Скутерлер аябай акча табат экен, байлар скутерлерди жыйырма-отуздан алып келип арендага берип коюшат экен. Бирок кобунчо Кытайдан чыккан скутерлер экен, тез эле бузулуп калат, ар эки жылда жаны алып турушат экен. Бузулгандарын кытайлар болбогон акчага сатып алып кайра Кытайга алып кетишет экен. Япония, Кореянын скутерлери бар экен, бирок ото эле кымбат. Мен бир куну Акбар менен суйлоштум, скутер курап сатайлы, иштин баарын мен кылам, сен документ жагын карайсын. Пайданы тен болушобуз десем, жан деп макул болду, бир жер уйду арендага алдым да, алдында сарайы бар экен ошол сарайга устакана ачтым. Себеби кээ бир жергиликтуу жашоочулар озулорунун менчик Кытайдан чыккан скутерлерине Япониянын, Кореянын скутерлеринин запчасттарын коюп алып минип журушот экен он жылдап. Бир чон шаарына барып керектуу инструменттерди алып келдим. Кытайдын скутеринин тез бузулган жерлерин алып салып Кореянын, Япониянын скутерлерин саткан адамдарга барып заказ кылып алдырып, кытайдын скутерине орноттум, кичине эле жерлери туура келбесе, кытайлар деле япон, корейлердикиндей эле кылып чыгарышат экен, запчасттары бири-бирине тушо берет, анчалык деле кымбатка тушкон жок. Эгер коп заказ кылсан, анча эле арзан тушо тургандай, рамаларын, корпустарын ушул эле жерде жасаса Кытайдан алып келгенден коро арзан да тушо тургандай. Учооду жасап, краскаларын башка туско боёп даярдадым. Сынап королу деп бир ай тындырбай миндик, Акбар туристтерге бекерге эле берип койду, бензинин куюп алып мине бергиле деп, алар куну-туну миништи. Скутерибиз жакшы эле чыгыптыр, корейлердикинен кем калбады сапаты.
Акбар менин тилмечим болуп журот каякка барсам.
Ошол жерде бир депутат жашайт экен, чон бир арал ошого караштуу экен, Акбар ошого барып корсотпойлубу дейт. Депутат эс алганы ар жумада келип турат экен, кичине самолёту бар экен, учуп отсо эле келгенин билишет экен. Бир куну экообуз эки скутерди минип алып бардык аралына. Мен ойлодум эле жан сакчылары менен журсо керек, аралына бизди киргизбей койсочу деп, барсак катерлер токтой турган жеринде бир эле киши турат, скутерлерибизди байлап коюп, женил машина турат экен акчасын толоп, арендага алат экенсин да, минип алып уйуно бардык, бизге машина берген киши айтып койгонбу, озу чыгып тосуп алды. Бою кичинекей, арык, коз айнек таккан киши экен, шорты кийип, башына чон кундон тоскон шляпа кийип алыптыр. Кочодон корсон карапайым эле адам деп ойлойсун. Бизди уйунун алдында биздикиндей сорусу (топчан) бар экен ошого чакырды, столдун усту ар нерсеге толтура экен, жегиле дейт, аларда биринчи мейманды тамактандырып болуп анан гана суйлошот экен. Акбар мени казакстандык деп тааныштырып, скутер чыгарабыз деп атабыз, сапаты кытайлардыкынан жакшы, он жыл иштей берет деп, кыскасы аябай эле мактады, азыр минип келдик десе, королу деп дароо эле жээкке жонодук. Акбар скутерлерди корсотуп, тушундурду кантип жасаганыбызды, ушул жерде жасаса Кытайдыкынан арзан да, сапаттуу да болорун укканда депутатыбыз дароо эле жардам берээрин айтты. Керек болсо чон эле ишкана ачабыз деди. Мага, аялыма беш айда ушул мамлекеттин атуулдугун алып бермек болду. Озу элуу скутерге заказ кылды, жарым акчасын берип, Кытайдан, Кореядан керектуу запчасттарды алып келгенге бир адамды бизге байлап берди. Акбар экообуз эч жакка чуркабай устаканада эле иштей турган шарт тузуп берди. Акбар да аракетчил, иштерман бала экен, темир ишин жакшы билген беш адам таап келди. Элуу скутерди бир айга жеткирбей даярдап чыгарып бердик. Рамасын, корпустарын, отургучтарын, айтор отуз пайызын озубуз жасадык, башкалардыкына караганда, отургучтары ынгайлуу, артында суйонгучтору менен, корунушу сулуу да болуп чыкты. Депутат келээр кунго баарын тизип койдук. Айткандай эле эсептеп корсок Кытайдан алып келгенден коро кыйла эле арзан тушту. Депутат озу эле келбей, транспорт министринин жардамчысын, дагы эки депутатты ала келиптир. скутерлерибиз жапжаны болуп катар тизилип турса сонун корунду окшойт, суйунушту, Акбар экообузду, биз менен иштеген беш адамды баарыбызды, колубузду кысышып, куттуктап чыгышты. Суйуно турган эле иш болду да аларга, биринчиден арзан, сапаттуу скутер, экинчиден эгер коп кылып чыгарса канча адамга жумуш орун, мамлекетке налог, бир жагынан озубуздун ондуруш. Тез арада чон эле скутер курап чыга турган ишкана ачыла турган болду.
Акбар экообуз элуу скутерден жакшы эле акча иштеп таптык, тушкон пайданы тен болуп алдык. Бизге мамлекетке пайда алып келгенинер учун деп, мамлекетке караштуу бир чакан аралды арзанга, кырк тогуз жылга беришти, кийин кааласак арендасын дагы узартып ала турган укугу менен. Акбар экообуз аралды тен ортосунан болуп алдык. Беш айдан кийин Элиза экообуз ошол мамлекеттин толук кандуу жараны болуп калдык. Акбар азыр мамлекетке караштуу скутер чыгарган ишкананын, бизче айтканда директору, колунда жети жуздой адам иштейт, мен ошол ишкананын рама жасаган кичинекей цехинин башчысымын, менин цехимде отуз адам иштейт.
Акбар жакында озуно арал сатып алса, экообуздун ортобуздагы аралды мага откозуп берем деп жатат.
Аралга чон эки кабат там салып, свет, дегендей бардык шартты тузуп алгам, Элиза экообуз бир кыздуу болдук, жергиликтуу тилди жакшы эле уйронуп калдык. Элиза азыр толуп кеткен анча эле, мени которгон скутер, ал отурганда анча эле сууга чого тушот. Базарга материкке барабыз да, базарлык кылганы барганда катер менен барат, скутер которо албайт дейби, билбейм.
Кээде Элиза экообуз жатып алып Кыргызстанды эстейбиз, Оштун салкын кечтерин, Элиза иштеген кафедеги мажурум талдардын тубундо сорудо тамактанган кундорду сагынабыз. Баары бир кандай болсо да туулган жерини сагынат экенсин. Бир куну барабыз баары бир, жашыруун болсо да барып, Оштун озбектери жасаган лагмандарын, самсасын, шашликтерин, мантыларын тойгончо жеп келебиз.
Байкап калам кээде Элиза Кыргызстанды сагынып ыйлап алат. Мен байкамаксан болуп коём, эмне дей алат элем.
Кыргызстандагы жанылыктарды, кинолорун, ырларын интернеттен коруп, угуп турабыз.
Майли анда досум, сени таап, ичимдегилерди айтып сен менен болушуп алып аябай эле женилдедим. Жазып жатып Кыргызстанда жургондой болдум. Туулуп оскон суйуктуу АТА МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАНГА менин атыман, аялым Элизанын атынан, кызым Каныкейдин атынан салам.
САГЫНДЫК СЕНИ КЫРГЫЗСТАН, АЛА-ТООНУ САГЫНДЫК.

Автору Субан Джуманалиев
e-mail:suban78@mail.ru

Булак: Стихи.ру

17:35
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...