KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Ботон жердин буудайы - 2

Адам женил турмушка тез эле конуп кетет экен, мурун кеч тургандарды тушунбочу элем, кантип уктай берет деп, азыр озум саат он-он бирге чейин уктайм, жадакалса озумо тамак жасагандан эринем, кобунчо кафелерден эле тамактанып алам.
Коптон бери товарды жонотуунун башка, коопсузураак жолун ойлоп жургом, ошону кылып коройун деп чечтим, себеби Андрей деле жонокой эле учкуч да, аны да Ошто текшербесе да Москвада текшерип калышы мумкун эле, эгер ал кармалып калса мага аябай эле жаман болмок.
Базарга барып кытайдын озу журо турган, пульт менен башкарылуучу оюнчук машинасын, паяльник, кичине болт, гайка дагы майда-чуйдо керектуу нерселерди, бир арзан кол телефон сатып алып келдим.
Менин максатым, товарды Москванын аэропортуна киргизбей, сырттан алуу эле. Самолёттор жерден которулгондон кийин, донголоктору жыйылып ичине кирип кеткен жерин орусча днища деп коёт, бардык самолёттордо окшош, ал жеринде бизче айтканда тешик-тушуктары коп болот. Товар сала турган ынгайлуу жери да бар эле, ошол жеринде уч трубка отот, ал трубкалардан, жерде кырк градус ысык болсо да, асманда он километр бийиктикте аябай суук болот, ысыктан суукка чыкканда самолёт жонокой тил менен айтканда тердейт да суунун тамчылары пайда болот, тамчылар ошол трубкалар аркылуу жерге агып кетет.
Менин оюм товарды ошол жерине салып жонотуу эле.
Уйдо даярдай баштадым, он кила алебастр алып келип пакетке уч киласин салып торт бурчтук кылып скотч менен ородум. Сыртынан пенопласт менен да ороп, ичине телефон салдым, да анын сыртынан дагы пенопласт менен ородум. Бир капталына кичине жыгач рейка кошо ородум да жыгачка оюнчук машиненин моторун катырдым, мотордун учуна велосипеддин тормозунун тросунан узундугу жети сантиметр кыркып кичине болттор менен катырып, тростун учуна кайырмактыкындай кылып илмек жасап болт гайка менен катырдым. Моторго ток келуучу эки зымына оюнчук машиненин дистанционный управлениесинин блогун уладым да эки батарейкага уладым. Анан моторду аралыктан башкаруу учун пультту даярдадым, пульттагы уч эле кнопканы калтырдым, машинаны алдыга жургузуучу кнопкасын, токтотуучу кнопкасын жана машинени артка жургузуучу кнопкасын калтырдым да калган кнопкаларды паяльник менен узуп салдым. Самолёттун трубасындай калындыктагы труба таап келип дубалга трубанын башын ылдый каратып катырдым. Баары даяр болду.Эми иштегенин текшериш керек эле, дубалга катырылган трубага илмекти илип бир колум менен товарды кармап туруп, телефондун секундомерин жургузуп койдум да, пульттун алдыга жургузуучу кнопкасын бастым, мотор он жакка айланып тросту айлантты эле илмек трубага оролуп бекем катты, жети секундда катат экен, пульттун токтотуучу кнопкасын басып мотордун айланганын токтоттум да, машинени артка жургузуучу кнопкасын бастым, мотор сол жакка айланып тросс бошоп илмекти артка бурады эле илмек трубадан чыгып кетти, он секундда илмек чыгат экен. Бир жума текшердим иштешин, кундо жарым килограммдан алебастр кошуп турдум, жети килограммга чейин жеткенде токтоттум. Ишеничтуурок болсун деп моторду чонураагына алмаштырдым.
Досум эми сага тушунуктуу болсун учун тушундуро кетейин. Мен товарды самолёттун тубуно бекитем, самолёт Москвага, аэропортко жете берээрде токой бар, ошол токойдун устундо самолёттун донголоктору тушурулгон болот. Андрей кнопканы басканда товар бошойт да оз салмагы менен тушуп кетет. Товарды алып чыгып беруучу адам токойдун ичинде издеп кыйналбайт, интернетке уланган ноутбуктан эле товарга кошо оролгон телефонго чалса эле, же чалбаса деле ошол номерди жазып поиск дегенди басса, канча аралыкта, кайсы тарапта экенин корсотуп берет. Телефонго чалганда кокусунан башка адамдар коруп же угуп калбаш учун, телефондун динамигин, куйо турган лампочкаларын, экранын узуп салгам, товарды эч кимден бекинбей этпей эле алып чыгат.
Дагы бир-эки жерин алмаштырдым, акыры кынтыксыз иштээрине козум жеткенде телефонго тартып, Бекболотко корсоттум. Ал видеону коруп озун жасадынбы деп ишенбеди. Эки кундон кийин Жумалы аке келиптир, кайра-кайра иштетип коруп, аябай эле тан калды. Кайдан билесин мунун баарын, кантип жасадын дейт. Авиациялык колледжде электротехника сабагында мындай нерселерге кызыгып калган элем, коп журналдарды таап окуган элем, ошолордун пайдасы тийди десем тан калат. Ойлосом колледжде бизди жакшы эле окутушкан экен, бир да баланын акча берип экзамендерин бутургонун укпаган экем, кантсе да союздун тартибине конгон кучтуу мугалимдер экен да.
Бирок Жумалы байке дагы деле ишенбеди, коркту окшойт, акыры мейли, бир жолу королу, алебастырыны жонотуп корчу дейт. Эки кундон кийин Андрейлердин самолёту келе турган, ошол рейс менен жонотойун десем макул болду. Озу эртен менен Москвага учуп кетмекчи болду, барып Андрей менен суйлошуп, аэропорт жактагы токойду коруп, кыскасы даярдана турган болду. Эки кундон кийин уч кило эмес беш килограмм алебастрды самолётко орнотуп, Андрейге пультту бердим. Жумалы байке Андрейге видеону корсоткон экен, Андрей деле техниканын адамы да, дароо эле тушунуптур. Товарга кошулуп оролгон телефондун номерин Бекболотко смс кылып жонотуп жибергем, ал дальше Москвага жонотуш керек. Ошентип ал рейс да учуп кетти, эми торт жарым саатта жетсе, нары-берисине жарым саат кетсе, беш сааттан кийин билинет, эмне болгону, танкы саат торт жарымдарда смс келиптир Бекболоттон, смайлик жонотуп жибериптир «окей» деген. Менин планым ишке ашыптыр деп койдум. Эртеси тундо Бекболот экообуз жолуктук, эки-уч кундо Жумалы байке келет экен, мындан аркы ишти суйлошкону.
Жумалы байке келди, конулу ачык:
-Ой Эрмек балам, сен кыйын бала турбайсынбы, ойго эмес тушко кирбеген ишти кылдын, азамат, сен биздин ишти элуу процентке женилдеттин балам, мурун товар аэропорттон чыкканча журокзаада болуп отурчу элек, расход да ошончо азайды, Андрейден башка да канча адамга акча берчу элек, товар аэропорттон чыкканча-деп суйунот. Мага ноутбук алып келиптир Москвадан. Аларга суйуно турган эле иш болду да, азыр аларга эмне, эч кандай коркунуч жок да, токойдон эле товарды алып, машинага салат да кетти. Андрейге жыргал эле болду, анын иши пультту эле керектуу жерге барганда басып койсо болду, ошонусуна эле бир канча акча алат. Ал мени «Кулибин»,«Левша» деп алган, мурда эч суйлошпочу, башын жерге салып алып эле шыпылдап тез-тез басып, букуройгонсуп журчу. Коркчу окшойт да. Азыр кулуп-жайнап калды.
Менин планым менен иштеп калдык, кынтыксыз иштеп жатты, булар менен иштегениме бир жылдан ашып кетиптир. Акча жакшы эле чогултуп койдум, элдин козуно тушпойун деп, кымбат буюм албайм, акчаларымы банкка, беш карточкага болуп салып чогултуп аттым.
Машине алдым, «вольксваген жетта» деген, сыртынан эски, арзан корунот, бирок мерстин мотору коюлган экен, анча-мынча машинеге жеткирбейт.
Колум бош кундору Элизаны уйуно жеткирип турам, биринчи так секирип болбой койгон, уйуно жеткирмек тургай жон эле отуруп кор десем, коргондор эмне дейт деп. Акыры конду, кээде ага байкатпай сумкасына акча салып коём. Жон берсем деги алчудай эмес, башка кыздарга окшоп олуп-талып ар нерсе алдыра бербейт, кайра озундо болсо мага алып берем дейт, бир жолу машинанызга бензин куюп алын деп акча сунат.
Бир нерсе алып берейин десен, андан коро чогултпайсызбы, кийин уйлонгонунуздо женеме бир нерселерди алып бересиз да дейт. Мен сага уйлоном десем, мага уйлонсоз эки кундо кутулушка шашасыз да деп кулот. Ошенткен сайын асмандагы айды да алып бергин келет, дагы деле мындай ыймандуу кыздар бар экен да деп коём ичимен.
Ошентип кундор ото берди, мен жакшы тушунчумун, акыры бир куну бул иштин аягы жаман бутоорун. Кантип булардан кутулуштун жолун табалбай журо бердим, иштебейм деген куну булар мени бир жансыл кылышы айдан ачык эле. Журо бердим бир кеби болоор деп.
Бир жыл дегенде жакшы иштедин, сага премия деп беш мин доллар алып келиптир Бекболот, Жумалы аке берип жиберди деп, канча акча эконом кылып бердим да буларга, кобуроок деле берсе жарашмак. Бекболот болсо мени «Босс» деп алган.
Бир куну, кундуз эч чалбачу эле, Бекболот чалыптыр, зарыл соз бар, чыгып тур деп. Азырбы десем ооба мен келип калдым чык дейт. Чыксам туруптур, машинасына отурсам:
-Эмкиде жети килограмм жонотуш керек болуп жатат, жоното аласынбы?-дейт,
-Жонотсо болот-десем,
-Ошону эле сураганы келдим эле- деп коштошуп кетип калды, бир нерсе айта албады же сурай албады, айтор бир нерсе болгонун сездим, мени бир башкача карап жатты, карап калсам козун ала качат, жети кило деп жон эле айтып койду окшойт, себеби кантип жонотосун деп майда-чуйдосуно чейин сурамак. Мен бир нерсе болгонун сездим, башталды дедим озумчо, жон журо берсем мен учун аягы жаман бутушу толук мумкун эле. Мен кантип болсо да эмне болгонун билишим керек эле. Сураган менен айтпайт эле мага эч ким.
Аны билиштин бир жолу бар эле, Бекболоттун машинасына подслушивающий устройство койсом, ал баары бир машинада журуп суйлошмок, ошол суйлошкондорунон билишим мумкун эле.
Товарды эки кундон кийин жонотмокпуз, ошого чейин подслушиваюший устройство таап коюш керек эле, Оштун болгон магазиндеринен, базарларынан издеп таба албай койдум. Акыры озум жасамак болдум. Базардан жонокой, кнопкалуу арзан телефон, КТ-315 деген транзистор, кытайдын кассеталуу аудиоплеерин алып келдим. Телефонду ачып звонок келгенде куйо турган бардык лампочкаларын паяльник менен куйгузуп салдым, экранына келген шлейфин узуп койдум. Бироо чалса кадимкидей суйлошсо болот, экран куйбойт, кара болуп тура берет. Клавиатураны жарык кылган торт лампочкасы бар экен, аларды да куйгузуп салдым. Вибрациясын жок кылыш учун кичине мотору болот телефондун арт жагында, мотордун учунда валы болот, жарымы тогорок, ошол айланганда вибрация болот, ошол моторун алып салдым, кычкач менен эле тартып жулуп алдым. Телефонго звонок келгенде шынгырабасын, ун чыкпасын учун динамигин алып салдым. Анан телефондун звонок келгенде алыш учун басыла турган «ок» кнопкасын ачтымда, конденсатордон уч зым чыгып турат, бир зымын плюсуна, бир зымын минусуна, учунчу бир зымын микрофондун плюсуна уладым, аудиоплеердин микрофонунун усилителин чыгарып алдым да телефондун микрофонуна уладым, усилитель телефондун айланасындагы жети метрге чейинки ундорду кучотуп угузуп бериш учун керек эле. Ошентип подслушиваюший устройство даяр болду.
Эми ал кантип иштешин тушундуро кетейин, эгер бирооду угам десен телефонду ошол адамдын уйунобу, ишинеби бекитип коюш керек, телефон жагылуу болот, симка салынат. Анан ошол телефонго чалсан телефон озун озу алат да ошол жердеги жети метрге чейинки айланадагы создорду, добуштарды уга бересин. Каалаган маалда чалып угуп, каалаган маалда очуруп койсон болот, батарейкасын гана кымбатын сатып алсан, бир жумага жете берет жонокой телефондо. Эгер бироо таап алган кундо да эч нерсе тушунбойт, себеби экран очук, капкара болуп турат, бир да жарык жок, лампочкалары баары паяльник менен куйгузулуп салынган, эч кандай ун угулбайт, динамик алып салынган, вибрация деги эле жок. Таап алган адам телефондун кнопкаларын басып корот, бирок кнопкалар иштебейт баары узулгон, кыскасы бузук арзан телефон жатат и всё. Таап алган адам телефондун ар жак бер жагын баскылап, чукулап атканда да уга бересин, кааласан телефонду очуруп кайра чалсан да эч нерсе сезбейт, кыскасы ушундай.
Товар жонотор куну кафенин туалетине кирип ящикти ачсам, баягыдай эле уч кило экен, алып аэропортко кирип кеттим. Тундосу самолёт келди жоноттум, баары тынч эле болду.
Озумчо ойлондум, откондо Бекболот мага бир нерсе айтканы келген, бирок бир нерсе себеп болуп айта албай кеткен.
Бекболот келээрге жакын, кундо бир жерге токточу, жолдун боюнда чон арык бар, ошол арыкка бекинип турдум, Бекболот келип мага телефон чалайын деп убара болуп жатканда, машинанын артынан чыгып глушителине картошканы тутун чыкпагыдай кылып сайып койдум да, нарактан келген адам болуп, машинага отурдум, ар дайым машинанын арткы отургучуна отурчу элем, бул жолу да артына отурдум, унчукпастан акчаны берди, мурун деле коп суйлошчу эмеспиз, акчаны алып коштошуп тушуп кетип жатсам, машинасын жургузду эле журбой койду, кайрылып жанына келдим, кайра-кайра жургузуп корду, капотун ачып бир нерселерин кармаламыш болду, дагы жургузуп корду:
-Бугун эртен менен текшерткем, баары жакшы деген эле, эч минтип бузулган эмес эле-дейт,
Багажынан ключ салынган сумкасын алып чыгып свечаларын бошотуп текшере баштады, мага ключун берип жургуз дегенде жургузуп турчу дейт, мага ошол эле керек эле машинага отуруп, телефонду сидениенин тубуно тушуп калбагыдай кылып бекиттим. Машинадан тушуп бир аз Бекболоттун жанында карап турдум да машинанын артына отуп картошканы алып ыргытып жибердим. Машинасын дагы бир аз чукулап, жургузду эле журуп кетти, кетээр менен бекиткен телефонго чалдым, Бекболот бироо менен суйлошуп жатыптыр:
-Азыр барып калам, машина журбой кыйнады, эми жургуздум, мне болгонун тушунбодум.
Суйлошуп атканы урушту окшойт:
-Бугун караткам, озун деле кордун го, ушул убакка чейин бир бузулганын кордун беле?
Мен жонундо сурады окшойт:
-Жок, кундогудой эле, акчаны алып эле кетти, кой майли барганда суйлошобуз, шаарга келип калдым деп телефонду коюп койду.
Мен телефонду очурбой, уйго келип суйлошулгон создорду жазып ала турган кнопкасын басып коюп койдум, Бекболот машинесинде ким менен суйлошсо да баары жазылып калмак.
Тушумдо Жумалы байке пакетке салынган аракты Бекболотко берип:
-Эрмекке бер, баарын ичсин, жанында карап тур- деп жатат.
Бекболот аракты стаканга куюп, мени коздой басты эле мен да аны коздой басып аракты алайын деп жатсам ортобузда чон суу пайда болуп, Бекболот сууга тушуп, суу баткак экен, чыга албай жатат, ошону менен ойгонуп кеттим. Саат жетиден отуп калыптыр телефонду текшерип кордум, Бекболот эч ким менен суйлошпоптур.
Очурбой эле жаныма коюп койдум, унун катуу чыгарып. Саат ондордо Бекболот машинасын жургузуп бир жакка жоноду. Бироого чалып:
-Мен келдим каеринде турун, аа кордум бол тез-деп телефонун очурду окшойт.
Бироо келип машинага отурду,:
-Тынччылыкпы, эмне мынча шашып, телефондон эле айтсан болбойт беле,
-Болбойт эле! Утечка кетиптир, токойго тушкон товарды местный бир орус алып чыгып берип журчу экен, ошол менттерге айтып салыптыр,
-Мне алкаш беле,
-Жок, шефти билесин го, андайларды жакын жолотпойт да, жанагы кок мээ кымбат машина сатып алыптыр. Жашаган айылы кичине айыл экен, ким эмне тирилик кылып жатканы баарына дайын го, соз болгон окшойт да. Айылдын участковыйы бироолор аркылуу алдап арак ичирип мас кылып, айттырып алыптыр.
-Мне анан биздин артыбыздан андып калышыптырбы,
-Жок, пока бизге чыга элек окшойт «шеф» айтат эле, жакында эле билиниптир да,
-Аны шеф каяктан билип калыптыр?
-Ментурада адамдары бар, шеф кадимкидей айлык толоп берет аларга.
-Милициялар шефтен айлык алышабы?
-Ооба, ооба, ай сайын айлык алып турушат экен. Мен тундо шеф менен суйлоштум, экообузго иш тапшырды,
-Кандай иш?
-Экообуз Эрмекти тынчытышыбыз керек,
-Кандайча тынчытышыбыз керек?
-Кандайча, кандайча, ушундайча эле тынчытышыбыз керек, дайынсыз жок кылышыбыз керек, болбосо бизди тынчытышат, менттер жакында чукулаша башташат, анан оной эле Эрмекке чыгышат, эгер Эрмекти жок кылсак, жип узулот, бизге чыга алышпайт.
-Дагы мокрухабы? Башка жолу жок бекен?
-Эми шеф айткандан кийин кылбай коё албайбыз да, короче среда кунго ишти бутурушубуз керек, четверг шеф келет экен. «Уюктагы» акчаны, товарды Баш-булакка алып барышыбыз керек. Бул ишти мен, сен, шеф учообуз эле билишибиз керек экен, шеф бироого оозунардан чыкпасын деп эскертти, экообузго бир лимон берет ишти жакшы бутурсок.
-Ойлондунбу кантип тынчытышты, -Жок пока, среда куну кечке жолугабыз, ал жак ээн талаа, эч ким деле болбойт, ошерде бир нерсе кылабыз. Кой майли мен азыр дагы бир эки жерге барышым керек, короче среда кечки саат ондорго келем, даяр болуп тур, мага чалба мен озум чалам.
Оз жанын сакташ учун адамдын омурун кыюу булар учун конумуш иш экен да.
Бугун да ишке барышым керек, анан эки кун дем алыш, средага чейин уч кун убактым бар экен, саат тортко чейин ойлонуп жаттым эмне кылышты.
Акыры алыс жакка качып кетуудон башка жол таппадым.
Бирок Элизачы, ага мен наркотик менен иш кылам десем кандай тушунот, азырынча эч нерсе айтпай эле турайын деп чечтим, бир жакка барып жайланышып алсам анан деле алып кетем. Бир жагынан мени менен журуш ага да коркунучтуу эле.
Ишке барып кундогудой эле иштеп журдум, сегиздерде Элизага бардым, кафеде эч ким жок экен, тунку бирге чейин эч кандай рейс жок эле, рейс болгондо гана клиенттер келбесе, башка маалда эч ким деле болбойт. Кафеден эле тамактанып алайын мага шерик бол деп, экообуз бирге тамактанып олтурдук. Бир эки жолу айтып жиберейин дагы дедим, бирок коркутуп албайын, мени жаман коруп калбасын деп айтпадым. Ойлоп корсом оппогон да экем, жанында олтуруп эле куса болуп, сагынып кеттим. Эч нерседен бейкапар кулуп жайнап ар нерселерди айтып берип олтурат. Ичимен коп болсо бир айда алып кетем, жаны жашоо баштайбыз. Мен иштейм, эч нерседен кем кылбай багып алам дедим. Деги жанынан чыккым келбейт, саат он экилерге чейин олтурдук окшойт, менин бактыма бир да клиент келген жок, акыры иштен издеп чала баштаганда аргасыздан ишке жонодум.
Эртеси уйго барып жуунуп-таранып алып керектуу деген документтерими, акчанын карточкаларын, уйдо болгон акчаны алдым да, башка эч нерсе албадым, айтып болбойт эле, мумкун мени андышып калган болсо, колума сумка которуп алсам, дароо эле кармашмак. Азырынча мени эч ким издебейт эле, ишке эки суткадан кийин барышым керек, квартиранын ээси дагы уч жумадан кийин келмек, Бекболот эки кундон кийин чалат. Убактым бар эле тузук эле Бишкекке жонодум, симкамы ыргытып, жанысын алдым, телефондогу болгон номерлердин баарын очуруп салдым, Элизаныкын эле калтырып. Авиационный колледжде бирге окуган досум бар эле Саня деген, Сокулук районунун айылдардын биринде жашачу, айылдын атын жазбай эле коёюн, кышкы сессиядан кийин каникулда баары уйлоруно кетишчу, мен колледждин жатаканасында калчумун, ошол маалдарда, деги эле дем алуу кундорун, башкалар суйунуп кутушсо, мен жаман корчу элем, баары кетип мен жалгыз калчумун. Ошол Саня уйуно чакырып, каникулду ошонукунда откорчумун. Атасы Россияда иштечу, уйундо апасы, иниси учоосу жашачу. Малы коп эле, кундо малын карашып, ишин кылышып, кечинде дискотекага барып дегендей. Апасы мени жакшы корчу, барганда отура бербей иштерине жардам бергеним учунбу билбейм, айтор барсам суйунчу. Ошонукуна барайын дедим, себеби алардын айылындагылар Казакстанга коп барышчу, породалуу аттарды жашыруун жолдор менен алып отуп, сатып келишчу. Менин оюм Казакстанга кетуу эле, границадан жашыруун отуп алсам, эч жерге аты жонум жазылбай, аяктан паспорт алсам болот эле, акчан болсо бутпогон иш жок ко.
Саня уйундо экен, апасы менен инисин атасы Россияга алып кетиптир. Саня уйлонуп бир балалуу болуптур, аялы ишине кеткен экен.
Саня ишеничтуу бала эле, ачык эле айтып бердим. Ал Казакстандык коммерсанттарга машинасы менен Дордойдон товар алып отуп берип иштеп атыптыр.
Дем алып тур, мен бир эки саатта келем, бир адам бар, жакшы адам, ошонун колунан келет, мен барып суйлошуп келейин деп бир жакка кетти. Телевизор коруп жатып уктап кетипмин, турсам саат кечки алты болуп калыптыр, Саня ойготпогон окшойт. Суйлошуп келиптир. Паспорт, военный билет жасатып берем, адресин Кордайлык кылып уч кундо даяр болот. Болгону Астана жакка барып жашаш керек бул жакта журбой дептир. Мага айырмасы жок эле, каягында жашаштын. Айткан акчасын бердим, Саня дароо эле алып барып берди. Эми уч кун кутуш керек. Саня уйдон чыкпай эле кой, коншулар корсо эмне деп ойлойт, уч кун чыдап тур дейт. Макул болдум.
Эртеси куну Бишкекке барып карточкаларымдагы акчалардын баарын «American express»деген карточка алып ошого котордум, ал карточка менен дуйнонун кайсы бурчу болбосун ала алат экенсин. Колунда карточка анан паролду билсен болду.
Кечинде жатып агентти ачсам Элиза ар нерселерди жазыптыр, жооп жазбаганыман кийин чалган окшойт, «каяктасыз», «чалсам телефонунуз очук болуп атат» жана башка ушул сыяктуу создорду жазыптыр. Аябай сагыныпмын, жооп жазайын дейм, только мне деп жазат элем, бекер аны да ойлондуруп. Саат тунку он эки болуп калган, кундуз уктап алгангабы, уйкум келбей интернеттен ар нерселерди окуп жаткам, маал-маал Элиза жазбады бекен деп карап коём. Уктап кетипмин, саат танкы жети болуп калыптыр, ойгонсом. Карап коёюн деп агентке кирип окуп коркуп кеттим, Элизанын почтасынан Жумалы байке жазып жибериптир, тунку саат экилерде жазыптыр биринчисин:
«Эрмек каяктасын, мени менен байланыш балам», «мага телефон чал же номерини жаз» деп телефон номерин жазып коюптур, «Эрмек бугун акыркы срок эртен келбесен Элизанан айрыласын,»деп. Бир сааттай кутушкон окшойт, анан видео жонотушуптур, ачып корсом, жер уйдо окшойт, Элиза полдо ыйлап олтурат, коп ыйлаган окшойт коздору кызарып, шишип калыптыр. Аябай коркуп калган окшойт, камерага тартып аткан адам суйло деп кыйкырды эле чочуп, ыйлап жиберди, унуно караганда Бекболот менен машинеде суйлошкон бала окшойт. Элиза камерага карап:
-Эрмек аке эмне болуп жатат деги, мени аябай урушту, сизди каякта, таап бер, сен билесин деп. Эмне керек буларга,- деди. Бироо барып оозуна скотч жармаштырып койду, артынан тааныдым, Бекболот эле, камераны карабайт. Анан Жумалы акенин суйлоптур:
— Эрмек балам тез келип кал, сага тийбейбиз, жон гана бир-эки создор бар, суйлошобуз анан кызыны алып кете бересин, акылсыздык кылба.
Элизанын ыйлаганы угулуп, камераны ошол жакка бурду эле, Бекболот барып Элизанын чачынан тартып «унуну чыгарба» деп башын жерге басып-басып койду эле, Элиза унун чыгарбай жатып калды. Жумалы акенин уну чыкты «Зарыл болду очур камераны» деген, анан видео бутуп калды. Видеого тартып аткан баланын аты Зарыл окшойт. Артынан «Бугун биз менен байланышпасан кызыны олтуробуз» деп жазып жиберишиптир.
Видеону коруп жаным чыгып кетти, айрыкча чачынан тартып кармаганда. Эгер жанымда болсо билбейм эмне кылат элем. Жазылган номерге чалсам унуно караганда Зарыл, машинада кетип аткан окшойт:
-Да,
-Жумалы акеге бер телефонду,
-Аа Эрмексинби?-жанындагыга
-Эрмек экен-деди да-Жумалы аке жаныбызда жок, анан барганда озу чалат, каяктасын? Сени Элизан аябай чыдамсыздык менен кутуп жатат, сагынган окшойт,-деп кулот.
— Эгер Элизага дагы тие турган болсонор, бир тал чачы тушо турган болсо, бардыгын жооп бересин, силерди да чачынарды бирден жулам.
— Ой, ой аябай коркуп кеттим, давай созду кобойтпой келип кал, Жумалы акенин созу бар экен сенде.
-Айтып коёюн Элизага тийбегиле, мен барып калам, барганда озум чалам.
Саняга уч кундо келем деп коюп, таксиде Ошко жонодум, эч оюма келбеген экен булардын Элизаны алып кетиши, мени карап журушчу экен да корсо.
Жолдо кетатып кичине озуму токтотуп, ойлондум эмне кылышты. Кантип болсо да Элизаны алардын колунан алып чыгып кетишим керек эле, лучше мени олтурушсун эле.

Автору Субан Джуманалиев
e-mail:suban78@mail.ru

Булак: Стихи.ру

17:35
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...