KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Ботон жердин буудайы - 1

Бул окуя бир адамдын башынан откон, азыр ал туштук-чыгыш азиянын мамлекеттеринин бирине караштуу кичинекей бир аралда жашайт экен. Белгилуу себептерге байланыштуу толук дарегин жазбадым, чынында жаза да албайт болчум, себеби мага да бул кат тушунуксуз адрестен келди. Кайра жазсам мындай адрес жок деген жооп келген.
Аты Эрмек, Эрмек менен мен Дордойдо араба тартып иштеп журуп таанышкам. Араба тартып журсом келип таанышып иш тапса болобу базардан деп калды. Менин эки арабам бар болчу, бироосун башка балдарга арендага берчумун. Ошол кундон баштап арабамы ага берип калдым, жакын дос болуп кеттик, аябай аракетчил бала экен. Тез эле озуно постоянный клиенттерди таап алды. Коп отпой Россиядан, Казакстандан товарга келген коммерсанттарга товар таап бергич болуп алды. Аларга товарды арзан таап суйлошуп берет, мага да ошондой клиенттерди таап берди. Араба айдабай калдык, жакшы акча таба баштадык. Кээде клиенттерибиз озулору келе албаса, акчасын салып жиберишет, биз айткан товарларын чогултуп поездге же жук ташыган машиналарга салып жиберебиз, алар Россиядан же Казакстандан тосушуп алышат. Ишеничине кирип калдык, озулору келе албаса кээде чон суммадагы акча салышат, бир жолу Эрмекке, давай акчаны алып качып кетебиз десем мага аябай капа болгон, кантип бироодун мээнет менен тапкан акчасын уурдап аласын деп.
Июнь айы эле бир газета алып келиптир, азыр эстесем «Асаба» болуш керек эле. Жарыя бар экен авиациялык колледжге окууга чакырган, омур бою эле базарда журо бермек белек, бир куну базар деле токтойт, авиациянын келечеги кен, окууга тапшыралы дейт, мен биринчи макул болбой койдум, базарда жакшы акча таап жатканда окууну эмне кылам деп. Канча адам дипломун уйуно таштап коюп базарда журбойбу деп, акыры мени кондурду, тапшырмай болдук.
Кыскасы экообуз эки ай экзаменге даярдандык, батирде бирге турчубуз, кундо кечинде эки-уч саат даярданабыз. Бир коммерсант эже бар эле, мектепте математикадан мугалим болуп иштеген экен, ошол эже менен суйлошуп математикадан даярдандык.
Экзаменде экообуз бирге отуруп, окууга отуп кеттик, ошентип окуп калдык, окуу жайдын жатаканасы бар, уч маал тамак берчу. Сабактан кийин жаныбызда «Кока-Кола» заводу бар эле, ошол жерге барып иштейбиз.
Эрмек жакшы окучу, ага жармашып мен да жаман окуган жокмун, ал жакшы мушташкандыктан жогорку курстун балдары да тие албачу, ал менен жургон балдарга да, короче мага.
Окууну буткондо мен айылга кетип, байланыш узулгон эле. Арадан жети жыл откондо ал мени агенттен таап, башынан откон окуясын жазып жибериптир.
Окуп чыгып тимеле детективдик чыгарма окугандай болдум да элге да жеткизейин деп чечтим, анда соз бир башынан болсун, мен колуман келишинче коркомдоп детективдик чыгарма кылып жазууга аракет кылайын. Жакшы чыкпаган жерлери болсо окурмандан кечирим сурайм.
Урматтуу досум, мен окууду буткондон кийин «Манаска» ишке кире албай уч айдай журуп, акыры Ошко барып авиа-техникке орун жок экен, акча берип жатып, коопсуздук кызматына стрелок деп коёт, ишке орноштум. Ал жерде ар кандай посттор бар, мен ар бир посттун инструкциясын окуп, жаттап, кыскасы жакшы иштедим. Таза кийинип, жакшы иштегендиктен мени «VIP-зал» же депутаттар учуучу зал деп коёт, ошол жерге постко коюп калышты. Ал жерден кобунчо чон кызматта иштегендер отушот. Бир окуяны жаза кетейин, бир куну постто турсам, Ошто милицияда чон болуп иштеген бир адам келип «VIP-зал» аркылуу аэропорттун ичине кирем деди эле, тархетка же бейджик деп коёт, тошуно илип ала турган уруксат кагазы жок экен, киргизбей койдум, себеби ошондойлордун айынан бизде коп балдар иштен айдалып кетишкен. Мага чейин эч ким антип киргизбей койгон эмес экен, кире албаганына жини келип, мага очошуп калыптыр, согунуп-сагынып кеткен мен сага корсотом деп.
Иштеп журдум, бир сутка иштеп, уч сутка дем алабыз, уч кун бош журбойун деп, анда «Ош» аэропортунун жанында авиагородок деп, кичине шаарча бар, ошол шаарчада мурун гостиница болгон экен, азыр адамдар менчикке сатып алышып жашайт экен, ошерден бир комнатаны батирге алып жашачумун. Кошунам бар эле мал союп саткан, бизде «касапчы» деп коёт, ошол адамга жардам берем. Базардан мал сатып келип, союп сатабыз.
Мен жашаган гостиницада жаман жургон уч-торт келин жашачу, ар ким келип-кетип журчу. Бир куну тундо жаныбыз пахта талаа болчу, бир адамды пахтанын арасында бычактап олтуруп кетишиптир.
Милиция келип, биринчи эле гостиницадагы келиндерден шекшип, ошолорго келгендер болуш керек деп, коншуларды чогултуп сураптыр. Биздин мандайыбызда эки кабаттуу уйдо бир кемпир жашачу, ошол кемпир мени айтыптыр ушул эле кылган болуш керек, аябай урушчаак, жаман бала деп. Себеби жаны келип жашай баштаганымда ошол кемпирдин баласы менен урушуп кеткем, анда жаны эле келгем, жаныбыздагы кичине базарчиктен базарлык кылып журсом эки досу менен мас болуп келишип арак алып бер деп асылышкан, ашыкча акча алып албаган экем, акчам жок эле десем болушпайт, таап бер дешип, кыскасы мушташ чыгып кетип учоон тен уруп салган болчум, ошого очоштубу айтор мени аябай эле жамандаптыр. Мен дагы башка кун куруп калгансып, ошол куну мал сойгондо кан болгон кийимдерими жууп коёюн деп жууп олтургам. Милиция кирип келип, кан болгон кийимдерди коруп ай-буйга келбей эле колдоруму кайрып алып кетишти. Милицияга барганда, баягы мен аэропортко киргизбей койгон адам мени коруп калып, бироолук камерага каматып койду. Дайындап койгонбу учоо тортоо болуп кирип келишет да бир жаман тошок бар экен, ошого ороп алып аябай уруп тепкилешет. Колум байлануу да, бош болсо учоосуно кучум жетет эле. Деги айтканды угушпайт экен, кийимдерди экспертизага алып барбайсынарбы десем, менин ишими эки тергоочу изилдейби тушунбодум, бироосу согуп, уруп, тээп, ал эми экинчиси боорукер адам болуп жакшы суйлойт, ошого айттым баарын, бирок ал деле колуман эч нерсе келбейт, жакшысы озун мойнуна ал, азыраак моонотко камаласын дейт. Ак жеринен камалып кетиш деле оной эле окшойт. Мойнума алдырабыз деп уч кун сабашты, кобунчо тундосу келишет да уруп, тепкилешет тимеле очу бардай. Жанын кыйналганда мойнуна алып эле кол коюп берип койгун келет экен. Озун билесин бул дуйнодо бир да жакын адамым жок артыман издей турган, детдомдо бирге чонойгон досторума айтайын деген менен алардын колунан эмне келмек эле, алар кимиси кайда журот бир кудай билет.
Унум кудайга жеткенби, айтор баягы адамды олтургон бала табылыптыр, мени коё беришти, чыгараарда милициянын чону мени чакырып, эгер бироого биерде болгонду айтсан олтуруп кетебиз деди. Ошондон бери башым, бойрогум ооруй турган болуп калды.
Бир ай ооруканада дарыланып жаттым, ызама чыдабайм, же кимден оч алышты билбейм, же бироо менен болушо албайм.
Бир айдан кийин кайра иштей баштадым, менин окуямы аэропорттун директору да уккан экен, бир куну чакыртыптыр, барсам ал-акыбалымы сурап, эмне болгонун сурады эле, айтып бердим баарын, ыйлактабай, арыздангандай болбой айтканмынбы, айтор жаш болсон да кайраттуу бала экенсин, милицияда чон иште иштеген адамды коркпой киргизбей койгонунду да уктум мага озу айтып берди, сендей балдар бизге керек, менден эмне жардам керек деп калды эле, эмне болсо ошо болсун тобокел, бир айтып коройун деп, кесибим авиа-техник, кызыл диплом менен бутком, мумкунчулук болсо кесибим боюнча иштесем дедим эле десем, мейли караштырып коройун деп, колуму катуу кысып, далыман таптап жонотту. Бир ай отуп-отпой авиатехник болуп иштеп калдым. Орустардын «Всё что не бывает к лучшему» деген созу туура экен. Айлыгым кобойду, бош убагымда башка жерде да иштейм.
Эки жылдай иштеп жургондо аэропортто сокращение болуп, иштен бошоп калдым, менден башка да уч адам иштен бошоду. Доолот деген адам бар эле бирге иштеген, мамилебиз жакшы болчу, ал да иштен бошоп калган болчу, уйго келиптир бир куну. Ошол маалда адамдар Россияга курулуш иштерине эми-эми кете башташкан, мурун кобунчо соодага кетишчу, Доолот акенин укеси Москвада электромонтажник болуп иштейт экен, чакырып атыптыр, мага келиптир чогуу барып иштеп келели, иш даяр, барарыбыз менен ишке чыгабыз деп. Чынында мен иштен бошогонума коп деле капа болгон жокмун, айлыкка иштеген озумо деле жакпай жургон, бир-эки ойлор бар эле акча чогултуп озумчо ишкана ачсамбы деген, аэропортто керектуу акчаны чогултушка козум жетпей калган эле. Дароо эле макул болдум.
Ошентип Москвада бир чон торговый комплекс курулуп аткан экен, ошол жерде электромонтажник болуп иштеп калдым. Ишти тез эле уйронуп кеттим, себеби авиациалык колледжде жакшы эле окутушкан экен. Эки группа, отуз адам иштейбиз, жарымы кыргыз, жарымы орустар, ишибиз жакшы кыш болсо да ичи ысык, иш эртен менен тогузда башталып беште бутот. Орустар жай иштегендиктен, кээде тунку онго чейин калып алардын ишин кылабыз, себеби тунку ишке эки эсе коп толончу, айлыгыбыз отуз мин, кошумча иштегенибиз менен кырк, кырк-беш минге чейин барып калат.
Бир жарым ай дегенде мага он баланы болуп берип башчы кылып коюшту. Жоон жез зымдарды тартып орнотобуз, ал зымдар кобунчо ашып калат, себеби бир жерге схема боюнча уч жуз метр зым керек болсо, тартып келгенде он беш-жыйырма метр зым ашып калат, аны ташатандыга ыргытыш керек, улаганга уруксат жок, аны биз кабыгын аарчып, жез алгандарга килосун эки жуз рублдан тапшырабыз, кунуно жок дегенде эки-уч кила алып чыгабыз ар кимибиз.
Айтор жакшы эле акча иштеп таап жаттык. Бир жыл жети ай иштеп коюпмун, акчамы Кыргызстанга счёт ачып койгом, ошол счётко салып чогултуп аттым.
Ошентип иштеп жургондо, бир куну тушто баарыбыз тамактанып олтурганбыз, наркотикалык заттар жонундо соз чыгып кетти. Кыргызстанда анча, Москвада мынча турат деп. Кантип апкелсе болот, кантип сатса болот, айтор копчулукто ар кимден ар кандай соз чыкты. Мен да элден калышпай, аэропортто иштегем, самолётко салып бериш оной эле, эгер бияктан бироо тосуп алса деп койбоюнбу. Арабызда Эмил байке деген киши иштечу, ошол кантип салып бере аласын деп сурап калды эле, оюмда жаман нерсе жок, бир жагынан баары мени карап калды эле, оной эле, акчасы жакшы толонсо эле жолу табылат деп балп эттирип суйлоп койдум. Ошону менен башка создор болуп унутулуп кеткен.
Арадан бир жума откон, кечинде иштен келип, тамактанып алып телевизор коруп жаткам, жашаган жерибиз иштен жоо басканда он муноттук жерде эле, жер уйдо торт бала турчубуз, телефон шынгырап калды, карасам Эмил байке, уйдо болсон барайын соз бар эле суйлошо турган дейт. Келе берин дедим, кээде иш чыгып калчу, ар кандай уйлорго барып электр иштерин кылып берип акча тапчубуз, ошондой иш ко деп койдум озумчо. Жарым сааттан кийин дагы чалды, эшикте турам чыксан дейт, чыксам жапжаны кара Лексус 470 турат. Рулда кыргыз бала, жанында Эмил байке отурат, арты корунбойт, айнектери карангылатылган экен.
Эмил байке тушуп келип учурашкандан кийин, сени менен бир адам суйлошойун деди эле, кичине иштери бар экен, деп арткы эшикти ачты эле ичинде бир адам отуруптур, жашы алтымыштарда, арыгыраак келген, чачы ак аралаган, тамеки коп чеккенгеби бети кер сары келген, жанында таягы турат, таяк таянып журот окшойт.
-Кел балам, чык, отур –деп жанын корсотту,
-Салам алейкум-деп жанына олтурдум.
Козунун карасы курон тартып бир кызыктай экен, бою узун окшойт.
-Кандай Эрмек балам, иштерин, ден соолугун жакшыбы,
-Жакшы рахмат, озунуз, иштериниз жакшыбы,
— Жакшы балам, жакшы, тан калып тургандырсын мне иш менен келди экен деп?
Созду кобойтпойун досум, аты Жумалы экен, келген себебин ачык эле айтты, корсо бир жумадай мурун самолётко наркотикалык зат салып бере алам дегеними Эмил байкеден угуп, суйлошкону келиптир. Эгер чындап эле салып бере алсан суйлошолу, мага иште, бир жылга жетпей машина, там сатып аласын, минтип бироодун жеринде кыйналып журбой дейт. Мен дароо каршы болдум, ал тамаша эле болчу, колуман келбейт деп, милицияда тепки жегеним коз алдыма тартыла тушту. Жумалы байке ар нерсени, биздин чондор кантип элди алдап жеп жаткандарын, таза мээнет менен эч качан байый албашымы, колунда иштеген балдар аз эле убакытта тамдарды салып, кымбат машиналарды минип алганын айтат. Бирок макул болбодум, канча адамдардын уй булосуно жамандык алып келуу мен учун аябай жаман иш эле. Китеп коп окуйм, айрыкча миллардерлердин омур-баянын, кантип байыгандарын, кенештерин, баары эле ак мээнет менен байлык чогулткан да, ал эми канча кылмыш жолу менен байыган адамдардын аягы жаман буткон, же турмодо жок болушкан, же олтуруп кетишкен.
Акыры Жумалы байке мейли озун бил, бирок ойлонуп кор, макул десен Эмил байкене айт, байланышабыз деди да, кетти, кетип жатып болгон соз ортобузда калышын эскертти. Мен деле тушуном да, кантип эле тушунбойун.
Эртеси Эмил байке эч нерсе болбогондой, мурункудай эле журо берди, бир эки жолу мени эмнеге айтасын деп сурайын десем. Ар шылтооду бир айтып суйлошпой койду.
Арадан эки жумадай откон, биз иштеп жаткан объект ото чон узуну беш жуз метр, туурасы жуз элуу метрдей имарат эле. Ичи алты болукко болунгон, биз экинчи, учунчу болугундо иштечубуз, тортунчу, бешинчи, алтынчы болуктору али буто элек, коп жерлери карангы эле. Биздин складыбыз алтынчы болукто подвалда болчу, керектуу нерселерди ошол жактан алып келчубуз, ошол куну мага складдан бир нерсе керек болуп калып, балдарга ишти тушундуруп коюп, складка кетатсам, склад подвалда эле, бешинчи болуктун аягында тепкичтен тушсом, чон залга окшогон карангырак жер болчу, эки орус бала бир баланы жерге жаткызып алып тепкилеп жатышыптыр. Ажыраштырып коёюн деп барсам, бир тааныш озбек бала бар болчу, ошол экен. Тимеле аябай уруп, атышат. Койгула деп арасына кире койсом экоо мага асылып кетишти, жаны келген балдар окшойт мурда корбогом. Койгула деп жакшы эле айттым, кол кайтарбай, артка качып качып коём, алар очу бардай озбек баланы унутуп коюшуп мени урушуп кетишти. Акыры чыдабай кетип экоосун эки жакка ыргыта тепсем, бироосу уйулуп жаткан темирлердин жанына кулап тушуп, титиреп эле жатып калды. Коркуп кетип чуркап барып башын которсом, кан чыккан жери деле жок, же катуу тийгидей кулаган жеринде деле эч нерсе жок. Бирок тиги орус оозунан кобук чыгып эле жатып калды, коздору антарылып. Берки шериги турат жаныбызда, бир мени карап, бир шеригин карап, бир маалда тиги орус аран-аран дем алып, уну чыкпай калды. Досу дароо телефонун алып, бироого чалып тез келип калгыла, чёрныйлар, шеригинин аты Витя окшойт, Витяны олтурушту деди. Озбек бала жанымда турат эле коздору алайып, дабдырап эле турат. Эмне кыларымы билбей турсам, Эмил байке келип калды, келип эмне болгонун сурады эле, жанагы орус мени корсотуп, ушул олтурду дейт. Эмил байке мени карап куноолоп урушкансып мага кыргызча кыйкырып мени тез качып кет биерден, уйуно барып тур, сени Россиядан качырабыз, эгер кармалып калсан сени бул жерде эч ким аябайт, жок болосун дейт. Милициядан журогум тушуп калган да, орус баланы секин жерге жаткыздым да, чуркаган бойдон кийинип-чечинген комнатабызга жонодум, озбек бала артыман ээрчип алган. Кийинип жатсам озбек бала бир кагазга номерин жазып чонтогумо салып, менин айыман ушундай окуяга кабылдыс, кичине чогулткан акчам бар каерге болсо чалсаз алып барып берем дейт. Макул деп уйго чуркадым, барып документтерими, зарыл деген бир-эки кийимдерими алып сумкага салыштырып жатсам телефон шынгырап калды, алсам Эмил байке, эшикте машина кутуп турат, тез ал жерден кет дейт. Чыксам бир машина турат, рулда кыргыз бала, отурарым менен айдап жоноду:
— Документтерини алдынбы, тундо Кыргызстанга учасын-дейт,- азырынча бир жерде бекинип отуруп турасын.
Мытищинская ярмарка деген курулуш материалдарын саткан базар бар, ошол жерде кыргыздардын эки-уч кафеси бар. Ошол жакка бардык, Ала-Тоо деген кафе бар эле, ошого кирип арт жагында кичине бир болмосу бар экен, ошол жерге киргизип койду, тамак алып келишти эле же тамак отпойт, оозуман кара суу келип, озумчо эле титирейм. Бир ойлоном, кайра барсамбы деп, атайын кылбадым да акыры, анан дагы орус баланын башын кармап турганымда козун ачып мени карап кайра жуумп алгандай болду эле, карангыраак болгондуктан жакшы байкабай калдым. Айтор айлам кетип мне кылышты билбей калдым. Телефондун симкасын уйдон чыкканда эле, машина айдаган бала ыргыт дегендиктен ыргытып жибергем, ыргытпай турбаган экем, бирге иштеген балдарга барып коруп койгулачы демекмин, жок дегенде эмне болгонун билет элем. Кайра –кайра тамеки тартам, болсо чегип болбосо чекпей деле журо берчу элем, эки саатта бир пачка сигаретти чегип салдым, арак бар экен столдун устундо, эки жуз граммдай арак да ичип жибердим. Мени алып келген баланын аты Азамат экен, ошол гана маал-маал кирип кабар алып турбаса, башка эч ким кирген жок. Келгениме уч сааттай болуп калганда Жумалы байке кирип келди. Бир бутуна сылтып басат экен. Ордуман турган да жокмун, жаныма келип отурду да, чонтогунон кагазга оролгон акча алып чыгып берди, корсо баягы озбек бала отуз минге жакын акча берип, кагазга кечирим сурап кат берип жибериптир.
Жумалы байке тамеки чегип бир аз отургандан кийин:
— Эми балам соз мындай, эмне болгонун уктум, жанагы бала реанимацияда экен, акыбалы оор дейт, сени азырынча эч ким издебейт, орус балдар сени тааныбайт экен, озбек бала да тааныбайм деп коёт, аны коп болсо уч кун кармашат да, эгер кармашса, кайра коё беришет. Эмил байкен да тааныбайм деп коёт, кыскасы сенин ким экенинди, кимдер менен иштээринди эч ким билбей калды, бул жагынан сени кудай колдоду, бирге иштеген балдарга сени башка жакка ишке кетти деп коёбуз. Милициянын алардан сураш оюна да келбейт, себеби силер учунчу секцияда иштейт экенсинер, алар кобунчо бешинчи секциядан издейт, мен сураштырдым бешинчи секциянын озундо эле жуздон ашык адам иштейт экен. Бироого жардам бергенин жакшы, бирок этиятыраак болсон жакшы болмок, майли эми болоору болду, боёсу канды, кайра ондой албайсын, эгер сен кармалып калсан, бери дегенде он жыл берет, сенин характерин менен ал жерден тируу чыкпайсын, ошого менин айтканымы кыл балам, сен али жашсын, канча жаштасын,
-Жыйырма учто,
-Турмушту, адамдардын кандай экенин билбейсин балам, азыркы заманда озунду кана ойло, озуно тын болсон гана адамдар сени сыйлайт, акчан болсо гана адамсын. Менин туугандарым убагында уйумо келишпей калган, той-мааракелерине барсам, эшигинен эле кайтчумун, этин, ашын бышырып берип коюп. Жардам берип кой деп уйуно ишке чакырышат да, иш буткондон кийин уйуно киргизип чай беришип коюшчу эмес, кичине акча беришип жолго салышат. Азыр мына коруп турасын, кандай денгээлге жеткеними, туугандарым кундо болбосо да тез-тез телефон чалып акыбалымы сурап турушат, баары менин козуму карап турушат. Эки балам Америкада, бир кызым Японияда окушат. Мен адамдарга эч капа болбойм, сен да адамдарга эч капа болбо, озуно кана тын бол балам.
Мен тушунуп эле отурдум эмнени айтаарын, мага боору ооруганынан кылбай жатат да булардын баарын. Бирок башка жолум жок болчу. Дагы милициянын колуна эч эле тушкум келбеди. Жумалы байке дагы копко чейин ар нерселерди суйлоп отурду.
Акыры чыдамым кеткенде, бул кылган жакшылыктарын кантип кайтарам деп сурадым. Мени ойлонтурганы, эптеп эле Россиядан чыгып кетсем, Кыргызстанга барганда да артыман эч ким издебей, бекинбей, коркпой -уркпой жашаарым эле. Азыр мага, кандай шарт койсо да макул элем. Калганын убагы келгенде коро жатарбыз дедим.
— Азыр сен кыйын акыбалда турганда мен жардам берейин, кийин сен бизге жардам бер,-деп мени карап калды, мне соз чыгаар экен деп. Унчуккан жокмун,- азыр биринчи сени бияктан чыгарып кетели, иштер басты-басты болгондо, жай олтуруп суйлошорбуз,
-Мен оюнузду тушундум байке, мени жанагы орус баланын акыбалы ойлонтуп жатат, омур бою бироодун убалына калып жашай албайм, мумкун жакшы болуп кеткендир, сураштырып бербейсизби.
-Эми озун ойло, биз кайра-кайра барып сурай берсек, артыбыздан тушушуп калышы мумкун, эмне болсо да бир кабарын созсуз угасын, азыр озуну ойло, алар озулору куноолуу го акыры, Мейли эми коп эле ойлоно бербе, паспортуну бер сага билет алып коёлу. Мейли мен кеттим анда, эми ушул бойдон Кыргызстандан жолугушабыз. Эмне кылышты Азамат айтат, эч нерседен коркпо, биз менен болсон, сени эч ким издебейт да кармабайт да.
Тунку саат учтордо Азамат экообуз аэропортко жонодук, регистрация бутойун деп калган экен, андан отуп, Азамат менен коштоштум да, Ошко учуп кеттим. Мени Оштон Бекболот деген бала кутуп алмак. Суротуму корсотушконбу, Ош аэропортунан чыгарым менен бир бала келип Эрмексинби дейт, ооба десем, ээрчитип алып машинасы менен, Ошский районго алып келип, «Шумкар» деген мейманканадан орун алып койгон экен, номерге жайлаштырды. Симка берди да -Ушул симканы телефонуна сал, бирок эч жакка чалба, биз гана чалып турабыз, телефонго акча да салба, азырынча ушинтип туруш керек, мейманкананын эки кундук акчасы толонгон, жатып эс ал, шаарга чыгып шаарды кыдыр, Оштун тамагын сагынгандырсын кафеге кирип тамактан, кыскасы каалаганыны кыл,-деп, анан агенттеги логин, паролуму сурап озунун телефонунан кирди да, менин адресими жок кылып салды,- башка почта ачып аласын кийин, азырынча эч ким менен суйлошпой турушун керек, майли эс ал мен кеттим, эки кундон кийин келем –деп коштошуп кетти.
Эртеси тушку экилерде ойгондум, Ошто кун ысык, кайнайт тимеле, душтун тубунон чыккын келбейт, уйдо отуруп эле тердейсин. Вентиляторду жагып аран жан сактайсын. Телефонду карасам смс келиптир, «Витянын акыбалы жакшы, омуруно коркунуч жок, милиция аябай издеп атыптыр, бирок коркпо, силердин балдардан эч ким сурабаптыр, баары мен айткандай болуптур » деген, устумон оор жук тушкондой болду, конулум которулуп, кундун ыссыгы да жакшы корунуп кетти, курсагымын ачканын ошондо сездим. Мейманкананын ойдо жагында кафе бар эле, лагманы аябай ширин болчу, аэропортто иштеп жургондо, коп келчубуз тамактанганы. Барып лагман, эки манты, эки шашлык заказ кылдым да, тойгончо жедим, Оштун тамагындай даамдуу тамакты эч жерден, Бишкектен да, Москвадан да жебегем. Тамактанып буткондон кийин, бир эки магазинге кирип кичине кыдырдым да, кун аябай ыссып кеткендиктен кайра мейманканага барып жаттым, бирок кун ыссыгынан уктай албай койдум да, устумо жапкан акты душка кирип суулап чыгып жамынып жатып аран уктап кеттим. Эптеп эки кунду откоздум.
Экинчи куну тунку саат бирлер болуп калган, Бекболот келиптир, эртен аэропортко барып, туз эле отдел кадрга кир, сен жонундо айтылган, ашыкча эч нерсе айтпа, сураганына жооп бер да документтерини тапшырып кел, авиатехник болуп ишке кирдин. Тааныштарын кайда жургонуну сураса, Москвада иштеп, иш жакшы болбой, кайра келип акча берип ишке кирдим деп кой, болду башка ашыкча эч нерсе айтпа, озун деле тушуносун да, Жумалы аке айтканды гана айтып койдум, деди.
Ошентип кайра иштеп калдым, мени катуу дайындаганбы, кичине иштегенден кийин аэропорттун эсебинен бир айга Бишкекке окууга жонотушту, барып Ту -154, Боинг, Аэробус деген самолётторду тейлоого окуп келдим, себеби мурун Як-40, Ан-24 деген гана самолётторду тейлоого уруксатым бар эле.
Авиагородоктон эки болмолуу квартира батирге алып жашап калдым.
Ошентип иштеп журдум, Бекболоттон же башкалардан дайын болгон жок. Уч ай дегенде кечинде уйдо жатсам, квартиранын конгуроосу шынгырап калды, ачсам Бекболот турат, кирип эшикти ичинен жапты да:
-Менин убактым жок, Жумалы байке келет, эртен тунку саат бирлерде эч кимге корунбой Партсъездге кеткен жолго чыгып тур, келгенде чалабыз, камоктун ылдый жагында тур, менин машинамда келебиз-деди да кетип калды.
Эртеси айткан убакта чыгып турсам келишти, машинага отурарым менен Партсъезд айылы жакты коздой жонодук. Бир километрдей жургондон кийин Бекболот машинаны токтотуп, сыртка чыгып кетти. Мен алдыда отургам:
-Кел, Эрмек балам артка отур, адамдын козуно карап суйлошпосом суйлошкондой болбойм-дейт.
Артка отуп отурдум, учурашып аны-муну сурашкандан кийин:
-Созду кобойтпойлу,- деп кичине кагаз берди,-бул кагазда самолёттун маркасы, рейстин номери, конуп учар маалы жазылган. Экинчи пилоттун аты Андрей Васильев деген жигит, ошого бир пакет бересин болду, ошол эле ишин, калганын уч кундон кийин Бекболот келет, ошол айтат. Мен эртен кайра Москвага учам, суроолор болсо Бекболотко айта бер.
Уч кундон кийин Бекболот экообуз жолуктук, мага баарын тушундурду, товарды аэропорттун жанында кафе бар эле, ошол кафенин ичинде бир адамдык туалет бар, колду жуугандан кийин кургатуучу аппарат илинип турат, иштебейт, ошонун ичинен аласын дейт. Барып коруп кой, деп ключ берди, ключ ошол аппараттыкы экен.
Кечки тамакты иштеген жерибизде эле жеп алчубуз, кээ бирибиз уйдон алып келсек, кээ бирибиз кафенин барында иштеген кызга заказ кылып коюп кечинде алып кирип кетчубуз. Мен ар дайым уйдон алып келгендиктен, бир да жолу кафенин ичине кирбеген экем. Товар жонотор куну ошол кызга кечкиге тамак заказ кылып коюп, тамакка барган адам болуп, товарды алып кирип кетет экем. Ойлоп корсом эн туура жолу экен. Бекболоттун айтканына караганда, уч килодон жонотот экенмин, ар бир жонотконумо уч мин доллардан толоп берет экен. Он кундон кийин биринчи товарды жонотот экенбиз. Мен кундо кечки тамакты кафеге заказ кылмакчы болдум.
Эртеси, ишибиз тортто баштала турган, мен учтордо кафеге бардым, ичине кирип барды карасам эч ким корунбоду, жайында, кун аябай ыссык болгондуктан кафеге келген адамдар баары эле сырттагы сорулорго (топчан) отуруша турган.Барда иштеген кыз да ошолорду тейлеп, эшикте жургон окшойт. Бардын алдындагы бир столго отуруп, менюну барактап олтурсам бир сулуу кыз кирип келди, арыгыраак келген, бою узун, ак саргыл, чачын хвостик кылып байлап алган, коздору бир башкача жайнап турат экен. Мени карап койду да, барга кирип бир нерселерди калькулятордо эсептеп жаза баштады. Мен оозуму ачып карап калганмынбы, мени карады да, онтойсуз абалда калдыбы, отуруп алды, бардын стойкасынан корунбой калды.
Ошондо эсиме келип, мнеге келгеними эстедим да, барга барып:
-Бир кола берип коёсунбу-дедим.
Башын которуп мени карады эле, козун карасам, тунук, ото терен, тубу корунбогон колго окшоттум. Жаш баланыкындай болуп таптаза, куулук-шумдукту билбеген, ишенчээк коз караш, негедир мага ушундай сезилди. Жакасына илинген бейджикке аты жазылыптыр, аты Элиза экен.
-Кола, кандайын берейин?
-Баночныйдан, анан эки стакан берчи.
Коланы эки стаканга болуп куюп, бироон ага бердим, ал мени тан калып карап койду да, рахмат айтып бир ууртап жанына коюп койду.
-Мен кечкиге тамак заказ кылайын дедим эле, алып кеткенге.
-Кандай тамак заказ кыласыз, саат канчага- деп ручка, кагаз алып мени карап калды. Мен саат сегизге лагман заказ кылып, дагы суйлошкум келип, эмне деп соз баштасам деп соз таппай турсам, кафеге эки-уч адам кирип калып, Элиза аларга алаксып, заказ кылган аны-мунусун ташып журуп калды. Карасам али-бери бошобой турган.
Туалетти коройун деп кирсем, айткандай эле бир адамдык туалет экен, кол жуучу раковинанын жанында Бекболот айткан ящик илинип турат, туалетти ичинен култап, Бекболот берген ключ менен ящикти ачсам, ичи бош экен, ящик сырты пластмассадан жасалган менен ичи калын темирден жасалыптыр, анча эле нерсе баткыдай. Кайра култап чыктым да Элизаны карасам корунбойт, сыртка чыгып кеткен окшойт, куткон менен келгенде эмне дейт элем, ишке кеттим.
Бир жумадан кийин Бекболот менен жолуктум.
-Кандай, даярсынбы, проблема жокпу?-дейт,
-Баары жакшы, бир жумадан бери кечке тамак алып кирип жатам ишке, посттогулар мурун бирге иштеген балдар, баары менен таанышмын, текшеришкен жок, охрана менен проблема болбойт буйруса.
-Жакшы, уч кундон кийин товар жонотобуз, даярдан- деп коюп кетти.
Ошентип товарды жонотор кун да келди.
Тундо тушумо ар нерселер кириптир. Саат бештерде эле ойгонуп алдым, оюма ар нерсе келет, кармалып калсам эмне болот ж.б., ойлоно берип саат ондорго башым кадимкидей ооруп чыкты. Акыры ойлондум, менин башка жолум жок эле, эгер Жумалы акенин айтканын кылбасам, мени эч ойлонбой эле милицияга сатып коюшмак. Эгер кокусунан милиция мени билип калып кармай турган болсо, кеминде уч адамды уруп качып кетмекмин, аэропорттун айлан-тегереги бут эле ачык болчу. Азырынча айтканын кылып турсам, кийинчерээк созсуз бир нерсе ойлоп табам. Болду ал жонундо ойлонбойм деп чечтим.
Кундогудой эле ишке бардым, ишке кирип кетатып Элизага кечкиге тамак заказ кылып койдум. Элиза клетка кофта, джинсы кийип, фартук тагып алган экен, аябай жарашып калыптыр. Кундо эле корсом деле, дагы коргончо шашам, сагынып калам.
Аэропорттун ичине киргенче эки посттон отом, биринчисин «шлагбаум» деп коёбуз, экинчиси КПП, тархетканы корсотуп, толук формачан болуп отушубуз керек. Эки постто тен мурда бирге иштеген балдар туруптур, учурашып, аны-муну айтып тамашалашып отуп кеттим.
Бугунку кылар ишим эсиме тушор менен озуму дароо бир нерсе менен алаксытам, эзели колума албаган, ишибиз боюнча инструкциялар бар эле, ошолорду кунт коюп окуп, конспектилей баштадым бир четинен. Бугун беш адам иште элек, баары тан калып, мнеге окуп жатканымы бир сыйрадан сурап чыгышты.
Саатты улам-улам карап коём, кечки тамакты ондордо ичебиз. Акыры саат он болду, тамак алып келейин деп айтып коюп, кафеге барсам, ичинде уч-торт адам бар экен. Элиза мени коруп, тамак салып койгон пакетти алып берди. Акчасын бердим да:
-Элиза карап турчу, колуму жууп алайын деп туалетке кирдим да, ичинен култадым. Эшиктин замогу да байкабаган экенмин, жаны коюлуптур, онойлук менен ача албайсын. Бачокту ачсам буктолгон, биз иште кийчу жилет туруптур, алып карасам товар жилетке жука кылып салынып тигилиптир. Алып кийдим да сыртынан формамы кийип алдым. Форманын сыртынан эч нерсе билинбей калат экен, колуму жууп чыктым да, ишке шашкан адам болуп пакетти алдым да, Элизага рахмат айтып чыгып кеттим.
Канчалык коркпоюн десем да, денем маал-маал дурр этип муздап кетип жатты, баары эле мени андып тургансыйт. Тез-тез басып аэропортко киргенге шаштым, шлагбаумда Максат деген бир аке бар эле, аябай тамашакой эле, ошол туруптур, жанынан отуп баратып, унчукпай отуп кетсем кандай ойдо калат, себеби кундо бир нерсе айтып тийишип отчумун:
-Аа Максат аке, зерикпедиспи,-десем,
-Зериктинби, зерикпединби баары бир турасында мне кылайын, журогуму сыкпачы, жарама туз сеппечи, хотя бы сени тузукпу десем, сен деле бир болбогон бала окшойсун-деп кулуп калды, мен да каткырып кулумуш болуп отуп кеттим.
КППда Берди аке деген турган, мен келгенде посттун ичинде олтурган экен, чыгып келди, пакетти ачып ичин корсоттум, тамакты коруп:
-Ужинби?-деп койду,
-Ооба, бугун бир лагман жейинчи-деп турсам, артыман бироо:
-Эй авиатехник, кармалдынбы-деп эле далыма бир койду эле, журогум жарылып кете жаздады, пакеттин эки сабын эки колум менен кармап турат элем, бир сабы колуман чыгып кетип, пакет аз жерден колуман ыргып кете жаздады, адамдын ою жаман экен бир паста ар нерсе оюма келип кетти. Артымы карасам Замир деген бала, дос элек, ошол отуз эки тишин корсотуп жыртайып кулуп турат. Козумо ушунчалык жаман корунуп кетти, тумшуктан ары берип калгым келди. Дагы жакшы карангы болгондуктан менин онуму корушкон жок, озумо кадимкидей билинди онумун бозоргону.
-Кандай Зёмыч- дегенге аран жарадым да, ишке кечиккен адам болуп, шашып-бушуп басып кеттим. Копко чейин колдорумун калтыраганы басылбай койду.
Кирсем баары сериал коруп атышкан экен, мага конул бурушкан деле жок.
-Саат он экидегиге Канат Эрмек экоон чыгасын-деп койду биздин смендин начальниги Каныбек аке. Мен куткон самолёт ушул болчу. Самолёт тоскону чыгаарда, раздевалкага кирип, товар салынган жилетти чечип, торт бурчтук кылып ородум, да ичиме скотч менен ороп алдым.Самолёт келип конуп, жургунчулор тушуп кеткиче биз озубуздун ишибизди кылып журдук, эми учуп кеткиче кезек менен самолёттун жанында турушубуз керек.Акыры жургунчулор, аэропорттун адамдары кетип самолёттун жанында экипаж менен эле Канат аке экообуз калдык. Командир экипаж самолётту бир сыйра айланып карап коюп, самолётко кирип кетти. Мен, баары кеткенден кийин, Канат акеге:
-Сиз барып дем ала берин, мен тура берем, керек болсонуз рация менен чакырам-деп жонотуп жибердим. Эки жакты карасам, жуз метрдей арыракта коопсуздук кызматынын адамы журот, ким экенин тааныбадым карангы болгондуктан. Андан башка эч ким деле жок.
Канат аке кетээри менен самолёттун тубуно кирдим да, донгологунун артына отуп, ал жер прожектордун жарыгы тийбей турган, карангы жер эле, товарды алып даярдап, тиги орус келсе берип кутулайын деп оролгон скотчту отвертка менен кыркып жатсам артыман:
-Эрмек каяктасын-деп Канат акенин уну чыгып калды, скотчту кыркып койгон элем, товарды каякка катышты билбей, ичиме басып, отуруп калдым.
-Аякта эмне кылып отурасын-деп жаныма келип карап туруп калды, эмне айтышты билбей шашканыман, ичим ооруп чыкты депмин:
-Сен бала отравление болуп калбадынбы, кантип ооруп жатат-деп, пешенеме келип отуруп алды. Ошол маалда Канат акенин колундагы рациядан, начальнигибиздин уну чыгып калды:
-Канат, мне болдун, тех.графикти апкелбейсинби-деп.
Канат аке бою узун адам эле, самолёттун тубундо энкейип туруп суйлой албады окшойт, самолёттун тубунон чыгып арыраак барып начальнигибизге тушундуро баштады. Мен товарды самолёттун кош донгологунун ортосуна бекиттим да, туруп Канат акенин жанына барайын деп туруп жатсам, Андрей окшойт, экинчи пилоттун формасын кийген, орто бойлуу адам траптан тушуп, Канат акени коздой басып жоноду. Канат акени мен деп ойлоду окшойт, бир нерсе деп айтып жибербесин деп, артынан чакырып токтотуп калдым. Мени коруп тушунду окшойт, токтоп калды. Канат аке самолёттун наркы жагында тургандыктан созубуз угулбайт эле:
-Кечиресиз, атыныз ким десем,
— Сен Эрмексинби-деди.
Баары туура эле, ушинтип жооп бериш керек эле.
-Беш муноттон кийин чыгын, шеригим чыгып калды, азыр кетет-десем,
-Тушундум- деди да самолётко кирип кетти.
Канат аке тех. графикти унутуп кетип, кайра келген экен, ар нерсени айтып атып аран кетирдим
Карап турганбы, Канат аке кетээр менен Андрей тушуп келди да, товарды алып кайра кирип кетти.
Уфф деп эле отуруп калдым.
Эми мага маяк келиш керек Бекболоттон, ага Андрей чалмак. Эгер баары жакшы болсо бир эле маяк келмек, бир маяк келди, башка маяк келген жок.
Самолёттун тубуно кирип олтуруп, КППда мени чочуткан Замир досуму, Берди акени, Канат акени ойлодум, азыр алар эч нерседен коркпой-уркпой олтурушат, бири-бири менен тамашалашып, эртен сменди тапшырып уйуно барышканда да кунумдук тирилиги менен убара болушуп, тундо да кенен укташат.
Акыры самолёт учуп кетти.
Бекболот да кеткен болуш керек, ал самолёт учуп кетмейинче аэропорттун жанында турмак.
Эртеси Бекболот менен жолуктум, мени колуму катуу кысып куттуктап, бул сага деп газетага оролгон бир нерсе берди. Жумалы аке да салам айтып жибериптир, эми бир жумадан кийин жонотобуз деди да кетти. Уйго кирип газетаны ачсам уч мин доллар экен.
Ошентип жума сайын жонотуп журдук, Бекболотту товар жоноткондон кийин акча алганы жолукканда эле корбосом, корбойм деле. Жонотор кунду убактын эле айтып коёт, башка суйлошпойбуз деле. Азыр эч нерседен коркпой деле калдым, посттордон кулуп-жайнап эле отуп кетем.
Элиза менен аябай жакшы болуп кеттим, бош убактым болор менен барам, клиенттер жок болсо мени менен отура берет суйлошуп, байкасам ага ото эле байланып бараткандаймын, коргум эле келе берет. Ал деле мага конуп калды окшойт, туулган кунундо куттуктап жаны кымбат телефон белек кылдым албайт деги, аран алдырдым. Шаарда квартирада турат экен, агенттен тун бир оокумга чейин жазышабыз, анын да ата-энеси кичине кезинде авариядан каза болушуп, тайенесинин колунда оскон экен. Тайэнеси отуп кеткенден кийин шаарга келе берген экен, аны уккандан кийин аяп, ого бетер жакшы коруп калдым. Айтор экообуздун окшош жактарыбыз коп экен.

Автору Субан Джуманалиев
e-mail:suban78@mail.ru

Булак: Стихи.ру

17:26
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...