KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Дүбүрт жаңырыгы - 8

Сел кыянды сезген болсо ким бирөө, Калбайт эле көчкү алдынды тумчугуп. Отко айланып алыптыр да махабат, Оттон күчтүү болсоң тоскун умтулуп. * * * Унуп депсиң, унутуп көр бул күндү, Мен унутпайм ырым элге жар салат. Ак Жарыгы аялдыгын кылган деп, Мен өлсөм да муундарга калтырат. * * * Кош дептирсиң коштошууга сөз берип, Көңүлүңө орноп онтоо ордосу. Эртең кайра кездешүүчү күндөр бар, Жердин азыр тая элек борбору. * * * Бүгүн таарын эртең дагы кечирбе, Керек болсо бир өмүргө кектеп өт. Тениримдин бийиктигин билерсиң, Тегиз эмес тирүүлүктө асман, көк. * * * Таш жүрөк да тагдырына «там» берет, Мейли кечир, мейли мени кечирбе. Бул дүйнөдөн көзүм өтүп кетсе да, Кучагыңда жатып чыгам кечинде. * * * Сулуулар сулуу эмес, суудай таза, Сулуулар суз дүйнөнү жаратканда. Сүйрөлгөн кеңкелестер андан артык, Сагынган үйүрүн издеп баратканда. * * * Күн болуп куудум сенин көлөкөңдү, Ай болуп аңдып чыктым төшөгүңдү. А балким айталбастан ичтен тынып, Сен эңсеп жүргөндүрсүң көшөгөңдү. * * * Эч кимге айтпастырсың жашырып сыр, Ээлигип көкүрөгүң ыйласа да. Эзилип бир өмүрдөн өтөрүң чын, Эрибес тонгон муздай карысаң да. * * * Сез берет көз жаштарың армандардан, Жашоого зор үмүттөн дарман калган. Канчалык кайыксаң да турмуш ушул, Тилинип, жанчыласың кайра баштан. * * * Чындык деп чыркырайсың чычаладай, Чындыкка башты сунчу чычалабай. Гөрдөгү өлүк үчүн акыйкат бул, Тирүүлүк тыйын турбайт жалынгыдай. * * * Жообуңду күтүп жоголуп анан табылам, Жолуңду күтүп жоогазын болуп ачылам. Жалгыздын берчи жабыгып күткөн бактысын, Жараткан ага бир берген эле багынан. * * * Таш дагы эрийт дешет таамай сөзгө, Кантип сен эзилбедиң көңүлүңдө. Бир жолу Ак жарыгым жолугуп кет, Жан дүйнөң бир эзилип эригенде. БИР К/НД/Н БОЕГУНАН Мейкиндик мээ бөлүгү, эмес билем, Мен үчүн салынбастыр бакмал, килем. Мырзасы болуп алган Алик достой, Мен дагы генийлерди издеп жүрөм. Таш сүйлөйт десем кээси таң калышат, Тамырдын тарсылдаган үнүн укпай. Мынчалык майдаланып кеттим экен, Илек-илек куш сыяктуу узак учпай. Айылды аалам сезип карыш чыкпай, Аалымдар, булагынан ичип тынбай. Азынап кунан жүрүш кылган экем, Аттиң-ай, сүт жыттанган ырым буудай. Кеч эми, кеч болсо да жүрүш кылам, Генийлер тумар кылган ырды сунам. Бир өмүр бийигинен көздөр талган, Бир күндүн боегунан ырды курам. * * * Теңсинбеген таңдарыма тамшанып, Тебеленген ылайларга маталып. Жүрүпмүн да жүдөө тартып сен менен, Жүк көтөргөн кран болуп мактанып. Гете, Саади, Омар Хаеом, Басе, Билбептирмин чачтар тура башка жоо. Ырдын кулу Асан кайгы болалбай, Жазган ырым болуп калды Улуу тоо. Генийлердин эшегинин токуму, Кенчке айланган самандардан жогору. Ыйык ырдан бакыт табам дегендин, Эчендери эчки багып жоголду. * * * Акын эмес, адам болуп жашоо шарт, Аңтарылып дүйнө бүтүп кеткенче. Адашсаң да, акын эмес адам бол, Ажал жүрөт бакыт менен жанаша. Сынсын терек, тебеленген куурай да, Сынбасынчы көңүл деген асыл баа. Сындырганча сага деген ак дилди, Сындырып сал сенек сөздү бакылча. * * * Жалганы жок, жашообуздун баары чын, Байкап, карап суктанамын аарычым. Балы таттуу, тили заар жан менен, Тил табышып бир өмүрдү карыттың. СӨЗ КЫЛЫШСЫН Чатырап чагылгандан келген оттой, Чучуктан чууруп аккан майдай тоңбой. Мен азыр жалындаган учурдамын, Сүйүүмдү асырап кал, сөздөн коркпой. Керимсел кең дүйнөнүн борборумун, Кечигип, кейип келген долбоорлорум. Күздүгүн кышта чачкан дыйкан өңдүү, Кесирлик кылып алып кор болбогун. Сүйүүм сууй элек, сүйүлүп кал, Сагынтып жан дүйнөмө түйүлүп ал. Сабырдын көпөлөгү ушул дешип, Самандай сөз кылышсын аппакай кар. * * * Муңу жок жүрөк кайдан ырдасын, Музасы жок ыргак кайдан сыздасын. Махабат деп жаңылабыз көп ирет, Мамактагы махабатты тыңдагын. Үрпүндөгү үлбүрөгөн сезим наз, Үмүттөрдүн керемети жашыл жаз. Кан-тамырды калтыратат эне сүт, Акын болсон ошол кезди ырга жаз. Мамак майрам, махабатты жашоонун, Уютулган айран болот тээ кийин. Энелердин чачы бекер ак эмес, Тамырлардан тартуу кылган ак сүтүн. * * * Түнү бою түшкө кирип элесиң, Таарынасың айталбастан себебин. Көздөрүңдөн окуп жаттым ушуну. «Таштап мени башкалардай кетпегин.» Кучагыма кирип алып Күн болдуң, Күмүш күлкүн чыкты жана жашыңган. -Ыйлабайм-деп аарчып жаттың бетиңди, Ырың үчүн жашайм мага жазылган. Сагынганда саптарыңдан дем алып, Сырдашамын, сүйлөшөмүн, күбүрөп. Ишенбеймин дегеним чын, кесирлик, Беттеримден сүйчү бүгүн көбүрөөк. ТУРЧУ ЖАНЫМ Таң менен торгой ырдап тирүүлүктү, Күн чууда төгүп жатты нурун жерге. Көңүлдүн күүсүн укчу мемиреген, Ыргалат назик соккон таңкы желге. Бак ачып, байыркынын тарыхындай, Горолор колду сунсаң түшчү болуп. Биз күткөн бакыт балким эми келди, Таарыныч, кусалыктын шору болуп. Тур жаным, турчу бүгүн уктабастан, Тирүүлүк чордонунда сырдашалы. Биз издеп, бизди күткөн бакыт келди, Бир өмүр аны данктап ырдашалы.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

16:28
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...