KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Дүбүрт жаңырыгы - 7

ЫР ДҮБҮРТҮ ЖАҢЫРСЫН
(Агам Сабыралыга)
Жан эргиткен эргүүлөргө талпынып,
Тагдыр берген таштарыны кагылтып.
Келатасыз жүрөктөргө көңүлгө,
Түшкөн түндү ырлар менен жарытып.

Эне элесин ырларыңда тартылтып,
Мээриминен эмгегиңди таанытып.
Түбөлүктүү ыр жаздыңыз эненин,
Мамагынан махабатты тамгызып.

Көк жиреген бүркүттөрдөй алынып,
Жер чапчыган күлүк аттай чамынып.
Баратасыз маарасына ырлардын,
Дүбүртүңүз бүт ааламга жаңырып.

Адалдыкты ай ааламга жар салып,
Акындыктын ак жолунда такшалып.
Ыр дүбүртүң түбөлүккө жаңырар,
Уккан кулак жүрөктөрдөн жай алып.
Мария ХАЛМАМЕТОВА, акын. Кадамжай району.
СЕНИН ЖЕРИҢДЕ

Бир көрсөм деп эңсөөчү элем жериңди,
Көңүлүм тойду көркөмүнө айылдын.
Арзып барып издеп сени таба албай,
Бир үзүмү калды айылыңда кайгымдын.

«Баланчыдай баатыр чыккан бу жерден…»
Деген сөзгө не теригип токтодум.
Сендей уулдун билип-билбей кадырын…
Туулган жериң тузу кемге окшоду.
* * *
Көңүлдүн көчү көөшүлүп турду жериңде,
Тууган жер сени ыр жандуу кылып өстүргөн.
Буйрубай мага, тартылчу бир көк көшөгө,
Келини болбой, буйрубай тузу өксүгөн.

Буйрубай мага апаңдын каткан жоолугу,
Буюгуп жалгыз өзүңдү күтүп олтурам.
-Уулуңдун тентек сезимин каткам жүрөккө,
Башымды сайгам, баары бир ага кошулам,
Учурган шамал уурдаткам жаштык кезимди,
Кош дебейм айлым, баары бир сага келемин.
Акындын пири, акындын жары дедиртип,
Айылыңа өчпөс сүйүүнүн гүлүн себемин.

Ардагым басып, дал ушул жерден жол алып,
Адашкан болсо, өзүңө кайра апкелем.
Атажурт колдо, жоолугум салам келинге,
Бу менин анттым бекер сөз эмес, дегдеген.

КАЛЫС БАА
Элдер корккон сенин өрттөй сапатың,
Оттой сүйүп калганыма кейишимби?
Майнап чыкпас жашык өмүр кечирип,
Акты деле кара түстө дейминби?

Көкүрөктөр таанып турса бир-бирин,
Ак сезимди неге алыс түртөлүк.
Же сүйүүгө тең болалбай калдыкпы,
Ташты көсөп өскөн назик гүлчөлүк.

Аянычыңды кантип коем аңдабай,
Туткун болуп чыкпай куру намыска.
Кесири урар келген сүйүү-бакытка,
Кези келди береличи калыс баа.

Роза ЖЕКШЕНОВА,
Акын, журналист. Бишкек шаары.

МЕЙЛИ ЭЛЕ
Ооба, сен улуусуң менден бир топ,
Үлпүлдөгөн ойлоруң таңкы бубак.
Көздөрүңө карап-карап чөгүп кетем,
Тереңине жан дүйнөнүн ачкыч сурап.

Түбөлүк калгым келет жүрөгүңдө,
Тирүүлүк тийген күндөй өчпөс болуп.
Сен менин кол жетпеген Күнүм болдуң,
Мейли эми канча болсо азап-шорум.

САГА
Бир саамга көпчүлүктөн ажырачы,
Бакытым, шумкарымсың асырачу.
Бөтөн жан укпай турган, билбей турган,
Бир сөз бар жалгыз гана сага айтчу.

Жанымда эч ким жокто өзүң жүрсөң,
Жаркырап нуруң чачып мага күлсөң.
Жашыруун эч ким укпас сөздөрүмдү,
Жан эркем жалгыз гана өзүң билсең.

Күнүмсүң жылуулугуң чачып турган,
Күлмүңдөп жаралгансың шоола нурдан.
Канчага кыйнайсың сен чыдамым жок,
Кысылды, жанчылды го жүрөк курган.

КАЛАЛЫЧЫ БҮТҮНДӨЙ

Калгым келет сени колдон учурбай,
Эртеңки күн болбойт кайра ушундай.

Ташка айланып калууга да даярмын,
Бакыт жоктур мага ушул учурдай.

Сүйүүбүздүн пайдубалы бүтөлбөй,
Калгычакты көпчүлүктүн бириндей.
Махабаттын өлбөстүгү үчүн деп,
Ташка айланып калалычы бүтүндөй.
Самара МАМАТОВА.

Акро ыр
ЛЕГЕНДА БОЛГУН ЭЛИҢЕ
Сезимин козгоп жүрөктүн,
А жарын ачып чүрөктүн.
Берметтей болгон көркөмүң
Ыр менен тарткан сүрөтүн.
Рубаи менен бир өткүн.
Аруулук менен күн өтсүн
Легенда болуп элиңе,
Ылайым жашооң гүл өтсүн!
Каныбек ЭСЕНОВ, Айдаркен айылы.

Акындын жүрөк толгоосу
АК ЖАРЫКСЫҢ
АЙ-ААЛАМДЫ ЖАҢЫРТКАН

Көкүрөк сыздап, күңкүлдөп кошо ыйлаган,
Күүгүмдүн сыры төгүлдү, жаздын түнүндө.
Үмүттү калды үзүлүп жанда тынбаган,
Үшкүрүк чыгып жели да калбай өпкөдө.

Жаз жатты ойлуу, жазасын алган кишидей,
Жаркырап тийип жоголгон айдын нурундай.
Жылмайып коюп коштоштуу, Ай да акырын,
Көпчүлүк менен бир келип калган адамдай…
* * *
Акактай тунук, жашоонун издеп актыгын,
Адашты гений жаракка салып жүрөккө?
Үн катпай жүрүп үшүттү канча шүүдүрүм,
Тартылып калып тамчы өмүр түшүп сүрөткө.

Келгенде кезек, кеч күүгүм колдон жетелеп,
Тамырлар сыздап, танккадай ойду тебелеп.
Тирүүлүк улук, генийди салды азапка,
Кечиккен бакты, кайтарып эч ким бере элек.
* * *
Албуут толкун эчак эле башталган,
Алдын ала бук дүйнөсүн чыгарбай.
Ким тосуптур окендын добулун,
Айтып берчи билсең эгер жашырбай.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

16:27
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...