KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Дүбүрт жаңырыгы - 6

Ошентип жаштыгымды Кошо коюп денем өлүп, Айрылдым апакемден… Акын тагдыры…Ал улуу сөз. Сабыралы убактылуу сынды. Бирок, анын жан-дүйнөсүнө сыйбаган ырлары кайнап, кагазга ыр болуп жазылып жатты. Ырларым ыйлап жатат жүрөгүмдө, Тумчукккан тагдырына капа болуп. Олтурам упчу берип соорото албай, Мээнеткеч мен кейикчил ата болуп. Акын кейип жүрсө да, ырларын ырахаттануу менен жаза берди. Түн уйкусун бөлүп, түйшөлгөн ойлорун ак кагазга жазуудан баш тартпады. Талант уюткусу билинбей калбайт тура. Билинди. Устаттары Абдымомун Калбаев, Акыл Уйлубаева, Омор Султанов, Азада Бегимкулова өңдөнгөн агай-эжейлердин талыкпай берген таалим-тарбиясы аны топ жарган күлүктөрдүн катарына кошту. Өзү катышып жүргөн «Тоо жылдызы», Алыкул Осмонов атындагы ийримдер аны такшалтты. Ырлары райондук гезиттерден баштап, областтык, республикалык а түгүл «Учкун» альманахтарына чейин басылды. Ошого кездеги «Кыргызстан маданияты» гезитине ырлары чыгып, Каныбек Эдилбаев, Абдыганы Эркебаевдердин сынына коюулуп, алардан жылуу пикир угууга жетишти. Чыгармачылыкта такшалган акын «Кыргызтелефильм» кино студиясында, КТРде, «Таш-Көмүр жарчысы», «Нарын нуру», «Достук», «Көк-Арт нуру», «Үмүт нуру», «Мезгил жарчысы» газеталарында кабарчылыктан башкы редакторлук кызматтарга чейин аркалады. Сабыралынын тагдырына жазылган 2006-жыл, өзгөчө жылдардан болду. Айрымдар айтып жүргөндөй ал гезитти таштап кеткен жок. Тагдыр аны таштатууга мажбур кылды. Турмушта биз көпчүлүк учурду үстүртөн баалап коймой адатыбыз бар. Бул жазмышта ким жаңылып, ким жазбаптыр? Акын аны башкаларга окшоп жаап-жашырууга аракет кылбады. Кайра аны өз чыгармаларында терең чагылдырып берүүгө бел байлады. Эгер сиз анын чыгармаларын аяр окуп чыксаңыз аны дароо эле билесиз. Ал ошол мезгилдеги учурду «Жүрөктөгү элестер» деген китебиндеги «Уулума кат» аттуу публистикасында так, даана чагылдырып берген. Окуп көрүң, «… Белгилүү казак акыны Мухтар Шахановдун минтип жазганы бар. -Ооба, андай илдет биздин казакта да кеңири тамыр жайган болчу. Классик кеменгер Табит Мүсүрепов, даңктуу баатыр жазуучу Батыржан Момуш уулу, айтылуу ырчы Эрмек Серкебаевдер төшөк жаңырткан үчүн, айыпталып, фельетондун каарманына айланып не бир кокуй күндү баштан кечиришкен.» Анын сыңарындай айрым учурларда мени да көп жолу үйлөндүң дешкен менен, анын түп-тамырын сураган адам болгон жок. Тек гана айтылган бир «мыскылдуу» сөз, кытмыр көз карашы гана болбосо, чыныгы дилинен айтчусун айткан адам деле болгон жок…» Байкадыңызбы, анын дилиндеги ойду? Сабыралы гезит үчүн жашап, гезит үчүн жаралган инсан. Акты ак деп айтпасак, анда биздин адамдык абийирибиз, бийиктигибиз кайда калат? 1997-жылы «Мезгил жарчысы» гезити оор мезгилде калган учурда, өзү жаңы эле сатып алган «Жигулисин», редакциянын беделин көтөрөм деп сатып жиберип, ага зор салым кошкон. Муну ошол мезгилде бирге иштешкен Кадыралы Раев, Сабыр Ажибеков жана калемдештери Уулбү (Шырман) Кабылова, Калдаркан Исаева өңдөнгөндөр азырга чейин узун жомок кылып айтып жүрүшкөнү далил. 2003-жылы «Мезгил жарчысы» гезитинин 70 жылдыгын өткөрүп, анын тарыхтагы даңгыр жолун эл ээсине салганы ага күбө болуп өтөр. Гезитте иштөөнүн түйшүгүн билген гана билет. Билбегендер аны окуп гана тим болору айдан ачык. Сабыралы журналист гана эмес, чыныгы полиграфист. Бишкектеги (Фрунзедеги) № 3 кесипчилик орто окуу жайынан «Печатник высокого печата» деген кесипке ээ болуп келген. Ошондуктан да болсо керек, гезит чыгарууда анын жасалгасын, көркөм, кооздугуна да баа берип, колдон келгенче чыгармачылык менен иштөөгө аракет кылат. «Жигитке жетимиш өнөр аз» демекчи, Сабыралы драма жанрына кызыгып драма жазуу менен эле чектелип калбастан, сахналаштыруунун да чебери. Өзүнүн «Канатсыз карлыгачтар» аттуу драмасын Төө-Моюн өрөөнүндөгү № 65- КЛде иштеп жүрүп, «Үмүт» драмкружогун уюштуруп, жетектеп, алардын аткаруусунда сахналаштырган. Драма Жалал-Абад шаарындагы «Нур» телеканалы аркылуу көрарман журтка тартууланганы бүгүнкү күндө да эсте. Анын мыкты жетекчи, уюштургучтугун учурда Республикалык «Нур борбор» чыгармачылык жаштар бирикмесинин Баткен областык бөлүмүн башкаруу менен Айдаркен, Лейлек, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаар-райондорундагы чыгармачыл инсандардын башын бириктирип, алардын чыгармаларынан түзүлгөн «Нур булак» аттуу альманахты өткөн жылы жарыкка чыгарганынан эле билүүгө болот. Бул эмгек ушул тапта «ат көтөргүс» иш. Кана, айтышсынчы? Ким эле азыркы мезгилде адабиятыбыздын жүгүн көтөрүп, жаштарыбызды эл таанысын, журт таанысын деп жатыптыр? Баш көтөрүп «мен» деп чыга турганы жакынкы аралыкта чыга койбос. Кыскача айтканда, жаныбызда жүргөн таланттуу инсан, чыгаан таланты колдон келгенче кадыр-баркына жетип, аны өз учурунда баалап, баа-баркын берсек деген ой. Быйыл ал 50 жаш кутман куракты тосуу алдында турат. Маданиятыбыздын бийиктиги- элибиздин аң-сезиминин бийиктиги эмеспи. Андыктан биздин шаарда жашап, эмгектенип, өмүр кечирген талантка таазим кылуу, бул биздин элдин улуулугу да. Акын анчалык деле көп нерсеге муктаж эмес. Ал өзүнүн акындык тагдырын эчак эле китептерине жазып койгон. Акын тагдыры-эл тагдыры. Балким, мен бул чакан макалада анын жүзүн так, даана ачып бере албагандырмын. Анын чыныгы жүзүн, акындык, адамдык бийиктигин ачуучу мезгил келерине анчалык деле алыс убакыт калбагандыгын, анын чыныгы окурмандары жакшы билерине ишенем. Жаннат ЭРНАЗАРОВА, Республикалык «Нур борбор» чыгармачылык жаштар бирикмесинин Баткен облаттык бөлүмүнүн мүчөсү, акын. Лейлектик акындар арасында. Эргүү менен белестерди аша бер Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин мүчөсү, Республикалык «Нур борбор» чыгармачыл жаштар бирикмесинин Баткен областтык бөлүмүнүн төрагасы, «Баткен таңы» областтык гезитинин Кызыл-Кыя шаары боюнча өкүлү, шаардык «Мезгил жарчысы» гезитинин башкы редакторунун орун басары, журналист, акын-жазуучу Сабыралы Абдукаримов быйыл 50 жаш кутман куракта. Анын чыгармачылыгы өз доору менен калыптанып, демократиянын идеяларына терең берилүү менен изденүүнүн жолунда өнүктү. Ал узак жылдардан бери поэзия ышкысына берилип келаткан акын – жазуучу экендиги калкыбыздын калың катмарына белгилүү. Анын буга чейин «Кош данек», «Мамактан тамган махабат», «Ата Журтка таазим», «Өмүр сереси» аттуу поэзиялык ыр жыйнактары, «Жүрөктөгү элестер», «Желедеги көз жаш», «Канатсыз карлыгачтар» прозалык драмасы окурмандардын купулуна толуп элдин маанайына жылуу пикир туудурган. Ал кайсыл жерде эмгектенбесин өзүнүн активдүү коомдук ишмердиги, көркөмдүк татымы, көөнөрбөс чыгармалары менен кыргыз журтчулугунун маданиятынын жана адабиятынын өнүгүүсүнө баалуу салым кошкон акын-жазуучу, педагог катары бай тажрыйбага ээ экендиги талашсыз. «Жараткан Аллах» тартуулаган жазуучулук өнөрүн күчөтүү менен бирге, ар бир жаңылыкка акындык үнүн кошуп, тээ балалык мезгилден баштап эле чыгармачылыкка болгон ышкыбоздугу күн санап болоттой чыңалып нечендеген белестердин ашуусун ашып келет. Акындын жазган чыгармаларын окуп олтурсаң өзүңчө бир ырахат аласың. Анын жазган повесть, аңгемелеринин багыты жашоо турмушубузда болуп жаткан окуяларды күзгүдөн көргөндөй бет алдыңа тартуулайт. Ал эми ырларында болсо, өзүнчө бир оргиналдуулук, адамдын ички руханий дүйнөсүнө таасир эте турган философиялык ой чабыттары, наристе сымал, назик сезимди кытыгылаган жаштыктын жалындуу мезгилдерин чагылдырган лирика саптары орун алган. Анын ырларынан Ата Мекен алдындагы патриоттук сезимди, туулган жердин көркөм ажарын, жашоонун улуулугун, махабаттын бекемдигин, айылдын жагымдуу таза абасы менен коштолгон таңдын мээлүүн сыдырым шамалын, сыдыргып тамчылаган шүүдүрүм сымал бүчүр байлаган берекелүү жаз айынын кереметтүү касиетин тилек-каалоолорун, жаштардын эмгекке болгон ынтызарлыгын даңазалаган темаларды окууга болот. Поэзия-жаштыктын «даанышмандыкка умтулуусу» деп, -улуу инсан Чынгыз Айтматов айткандай… – кесиптешибиз Сабыралы Абдукаримовдун нукура чындыкты чагылдырган ыр саптары кимди болбосун өзнө тарта алат десем жаңылыштык болбос. Анткени, Сабыралы инимдин бүткүл ааламдагы даңазалуу жазуучу-акындардын катарынан орун алышына ишенем. Мен Сабыралыны бир нече жылдардан бери калемдеш катары жакшы билемин. Анын ырлары мезгилдүү басма сөз беттеринде тынымсыз мезгил – мезгили менен жарык көрүп келет. Акындын дагы бир башкаларда жок жеке мүнөздөгү сапаты… – анын кичи пейилдүүлүгү, башкаларды сыйлай ала тургандыгы. Акындын жүрөгүнүн ар бир түрсүлү, касиеттүү азоо жаштыктын жанарынан кубат алып, кудуреттүү махабаттын жамалынан дем-денип согуп тургандыгына таасын ишенебиз. Калемдешибиз Сабыралы Абдукаримовго ак жол каалоо менен бирге, акындын жүрөгү таңдын шооласындай тунук болушуна тилектешмин! Поэзия булагы – ар дайым акындын чыгармачылык эргүүсүнө кош канат боло берсин! Бар бол акын, сенин мээрим төккөн ыр саптарың калың элдин элегинде болсун! Акактай тунук жүрөгүң менен ыр дүйнөсүн аралай бер. Айталы Джуманазаров, «Белес» гезитинин башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Журналисттер кошунунун мүчөсү. (Аксы) АКЫН ЖӨНҮНДӨ ЖАЗЫЛГАН ЫРЛАР ЖАШАСЫН «МЕЗГИЛ ЖАРЧЫСЫ» (Кызыл-Кыя шаарындагы «Мезгил жарчысы» газетасынын 70 жылдык торколуу тоюнда ырдалган ырдан үзүндү.) Аталып «Мезгил жарчысы», Кайрадан келди жарыкка. А бирок эстен чыкпайт ал, Алгачкы аты катарда. 70 жылдык өмүрүн, Айлантып келет санатка. Таштемир уулу Сабырым, Бир башка экен жалының. Тап-такыр гезит өзгөрүп, Башкача күнгө кабылдың. Кудайдан тилейм мен сага, Өмүрдүн далай азыгын. Атыңа затың жарашып, Гезитиң чыкса талашып. Окуган адам көбөйдү, Өзүңдү өйдө баалашып. Өркүндөй берсин өмүрүң, Өзүңө жарың жарашып. Шаардын мэри Миркамил, Сендейди кайдан тапты экен? Кадрдын жеткен баркына, Чыныгы адис ал экен. Ырахмат иним Миркамил, Сага да жылдыз консо экен. Жакшылыктын ажарын, Ача берет бул гезит. Дарисар кылган неченди, Тарбия кылат бул гезит. Жалпы журтка жакшылык, Кыла берет бул гезит. Тавакал АКМАТОВ, төкмө акын. Молдо Нияз атындагы сыйлыктын ээси. Бул ыр «Мезгил жарчысы» гезитинин 2003-жылдын 15-сентябрындагы № 34 (2450) санында жарыяланган. УНУТКАН ЖОК Агайым Сабыралыга Бул күндүн атып келет ак таңдары, Кызарып батып келет кеч шамдары. Тагдырдын түрмөктөрүн ырга салып, Түн кезип жазат аны акындары. Ата журт, мекенине таазим кылып, Айылынан алыс өсүп жетилсе да. Агайым унуткан жок Богот жерин, Бакытка башка жерден кезиксе да. Абдусалам ЖУСУПОВ. Мургаб району. Кара-Көл айылы. ИНИМ САБЫРАЛЫГА ( Кызыл-Кыя шаардык «Мезгил жарчысы» гезитинин башкы редактору, Республикалык «Нурборбор» чыгармачылык бирикмесинин Баткен областтык бөлүмүнүн төрагасы, акын-жазуучу, журналист иним Сабыралы Абдукаримовго.) Сабырдуусуң, атың Сабыр акыйкат, Ак барактан дайым сөзүң табылат. Далай ирет ыр жазууга шык берип, Өзүң болдуң мага устат, ырахмат. Калем кармап көөдөнүмө ыр толсо, Келем сага канат кагып чоң жолдо. Көлдөй кенен сенин ыйык жүрөгүң, Шык бересиң аябастан бар жокко. Төгүлө бер жамгыр болуп өнөргө, Болбос сенин шакирттиңди издөөгө. Кайратыңдан жазбай иним жүрө бер, Жазмышта жар болорсуң бирөөгө. Уулбүбү КАБЫЛОВА, акын.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

16:27
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...