KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Дүбүрт жаңырыгы - 5

Тегерек стол
КӨМҮСКӨЙДӨГҮ КӨЙГӨЙ
же областагы жазуучулардын абалы
Кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал болгон Баткендик акын-жазуучулар арбын экендигин эч ким тана албас. Тээ 80-90-жылдардын аралыгында адабияттын дөө-шааларынын катарын толуктап, а түгүл жаңы нуктагы өз үнү, өз жолу бар жаш акындардын дүркүрөгөн тобу келген. Жылдар зымырап учуп, алар бүгүнкү күндө орто муундун өкүлдөрүнө айланды. Бирок, алардын үнү баягыдай угулбай дымып калганын жаап-жашырганга болбос. Акыркы кезде ошол орто муундун өкүлдөрүнө не болду, алардын тагдыр-таржымалын сураган жан барбы?- деген бүдөмүк ойлор жан дүйнөмдү кыйнап жүрчү.
Тагдырдын буйругун көр. Жакында кыргыз элине белгилүү акындар Атакул ЖАКЫПОВ менен Абдилаат ДООРОВго Кызыл-Кыя шаарынан жолугуп калдым. Көңүлдөгү көптөгөн суроолорго жооп алып, адабияттын өйдө-ылдыйын, ысык-суугун сүйлөшүп олтурдук. Сиздерге ошол маекти сунуш кылууну туура көрдүм.
-Атакул аке, баш-аягы канча китеп чыгардыңыз?
-Сага белгилүү «Жашыл арал», «Ички кайрык»тардан сырткары «Айдың кеч», «Күүгүмдөгү кусалык», «Дил кайрык» китептерин окурмандарга сунуш кылдым.
-Абдилаат аке сизчи?
-«Миң тамыр» менен «Миң гүлгүлдөн» башка китеп чыгара элекмин.
-Экөөңүздөргө тең бирдей эле суроо. Мен билгенден экөөбүңүздөр тең Улуттук Жазуучулар союзуна мүчөсүздөр да. Ошол союз сиздерге кандайдыр бир чыгармачылык жардам, дем берип жатабы?
АТАКУЛ ЖАКЫПОВ- Мен СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн.1989-жылы өткөм. Кыргызстан жазуучулар союзуна кайра каталып өт деген деле адам болгон жок. Жаңыртып алайын дегем, ага шарт болбой жатат. 28 жылдан бери Курбаналы Сабыров атындагы орто мектепте иштеп келем. Анын ыр майрамын өткөрүп, эскерүү кечелерин уюштуруп, колдон келгенин жасап жатабыз.
Жакшы суроо бердиң, «агын ак, көгүн көк» дей турган учур келди окшойт. Бир төгүлүп айтып албасак болбой калды. Кезегинде жаштыкка салып көп нерсеге баа бербеген экенбиз. Убакыт өткөн сайын билинип жатат. Жазуучулар союзу, анын Баткендеги бөлүмү эч кандай деле иш жасап жаткан жок. Өз көмөчүнө күл тарткан заманга туш болдук. Ал-абалыбызды сурап, жашоо-тагдырыбыздан кабар алып койсо болмок. Бул жерде жеке жашоону айтып жаткан жокмун, адабий чөйрөгөгү абал жөнүндө айтып жатам. Тээ мурдагы жылдардай жолугушуу, китептердин бет ачары, конференция, юбилей өткөрүү, китептерди талкуулоо, сын айтуу өңдүү иштер такыр эле жоголду. Жакшылап баам салган адамга ар ким өз көмөчүнө күл тартып эле жашап келе жатат.
Акын, жазуучулардын көйгөйү көмүскөдө кала бербей, Өкмөттүк деңгээлде чечилсе жакшы болор эле. Алар китеп жазгандан сырткары анын акчасын таап, бастырып, акырында сатырып алашам инсанга айланып калды. Элдин, мамлекеттин жүзү болгон жазуучулардын кадыр-барккы түшүп бараткандай.
АБДИЛААТ ДОРООВ- Атакулдун айтканында калет жок. Мен деле 2004-жылдан бери Жазуучулар уюмуна мүчөмүн. Баткендеги бөлүм бир да жолу кандайдыр бир иш-чарага чакырганы эсимде жок. Бишкектеги «Арашан» жазуучулар эс алуу үйүн сакалдуу беш-алты адам ээлеп алган. Алардын ордуна жок дегенде бизди деле бир жолу жылына чакырып, силер да жакшы чыгармаларыңарды жаратып бергиле десе жарашса керек эле. Областагы уюмда эмне иш болуп жатат, кимдердин китептери чыкты, талкууландыбы, жаш акын-жазуучулардан мүчөлүккө өттүбү, мындан чынында кабарыбыз жок.
АТАКУЛ ЖАКЫПОВ- Чыгармачылыккка баш байлаган адамдын өмүрү анын жазган чыгармалары менен бааланары бышык. Андыктан анын чыгармалары талкууланып, сындалап турушу шарт. Керек кезде ага баа берилип, илимий чөйрөдө сөз болсо жакшы болор эле.
САБЫРАЛЫ АБДУКАРИМОВ- Атакул аке, мен билгенден сиздин чыгармачылыгыңыздын гүлдөп турган доору 80-90-жылдарга туура келди окшойт. Ошол кезде Сооронбай Жусуев, Эсенбай Нурушов, Кадыркул Даутов өңдөнгөн адамдардын оозунан түшпөй, кыргыздын түптүү акыны деп күн-түн сайрап калышпады беле.
АТАКУЛ ЖАКЫПОВ- Аның да чын. Ал кезде жаштарга камкордук көрүлүп, жыл сайын ар кандай иш-чаралар белгиленип, жолугушуулар уюштурулуп, фестиваль, пленум, конкурстар өткөрүлүп, мыктылары сыйланып, чабалдары эленип турчу да. Алгачкы китебиме Кадыркул Даутовдун баш сөз жазышы мен үчүн аябагандай күтүүсүз болгон. Сынчы да баш сөз жазабы деп, ал чакырса бара албай эчен ирет түйшөлбөдүм дейсиң. Акын-жазуучуларга көрүлгөн камкордук башка болчу.
АБДИЛААТ ДОРООВ- Адабияттын өнүп-өсүшүнө сын эң негизги ролдо турат. Акыркы жылдарда ак-караны иргеген, калыс сынчылар чыкпай калды. «Дежурный чалдарга» окшогон юбилейин өткөрөр адамга каалоо-тилек, анан кичине куттуктоо, анысы да макталган макалалар жарык көргөнү болбосо, азыр кимдин чыныгы акын же жазуучу экенин аңдап тааныбай калган учур.
АТАКУЛ ЖАКЫПОВ- Сабыралы сени көзүңчө мактоо эмес, жакшы иш кылып жатыптырсың. Республикалык «Нур борбордун» бизге келгени колдоорлук иш. Жаш акын-жазуучулардын ишин алдыга жылдырып, алгачкы саамалык катары «Нур булактын» 1-чыгарылышы жарык көргөнү жакшы болуптур. Муну областтык Жазуучулар союзу да кылган бирок, көптөгөн акындардын ырлары кирбей калганы өкүндүрөт. Сенин жыйнагыңда прозалык чыгармалардын киргенин көрүп кубандым. Болгону бир аз аймак менен чектелип калыпсың.
САБЫРАЛЫ АБДУКАРИМОВ- Туура баамдаптырсыз. Чектелип калганыбыз чын. Ушул кемчилдикти жоюу максатында, «Нур булактын» 2-чыгарылышын 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында кайрадан чыгарсак деп турабыз. Анда Сүлүктү, Лейлек, Баткен аймактарындагы жаш акын-жазуучулардын поэзиялык жана прозалык чыгармалары камтылмакчы.
Сөздүн нугун бир аз өзгөртөйүн. Областагы акын-жазуучулардын юбилейлери өтпөй калып жаткандай сезилет. Анан дагы областыбыздан жакын арада мамлекеттик сыйлык алгандарды уга элекмин. Акын-жазуучуга наамдын кереги жок дешип жүрүшкөндөр да жок эмес, ошолорго кошуласыздарбы?
АТАКУЛ ЖАКЫПОВ- Азыр бир нерсе десең эле дүйнөлүк деген сөздү кошуп алчу болдук. Дүйнө эли бир тең да, биз бир теңбиз. Себеби, Алп Манасты жараткан эл ошол элдерге улуулугу, касиетүүлүгү, каада-салтты, үрп-адатты анан эч бир жерде жазылбаган көкүрөктөгү туруктуулугу менен тең болуп келе жатпайбы. Биздин каныбызда ырчыларга тон жаап, ат мингизип, «кошокчу», «жамакчы», «төкмөчү» деп наам берип келгенин кантип жаап-жашырабыз.
Заманга ылайык наамдардын аталыштары өзгөрдү, берилүү өлчөмдөрү чектелип туура жолго коюлганын танбашыбыз керек. Башкалардан өзгөчөлөнүн наам берилсе анын эмнеси жаман.
АБДИЛААТ ДОРООВ- Элеттик акын-жазуучуларды жогоруда олтурган чиновниктер азыр адам катары баалагылары келбейт. Саясат менен эле алп урушуп калышты. Мамлекеттик идеологияны оозеки айтышкан менен калың элдин канына жеткирүүдө ошол эске алынбаган акын-жазуучулардын көмөгү тийерин билбей жатышкандай. Айтматов дедик ал өз орду менен, а калган жазуучулардын да өз доорлору бар да. Сөзсүз эле бир адамдын көлөкөсүндө туруп алып башкаларды көрбөй коюу керекпи, бул туура эмес пикир. Ар кимдин өз алдынча үнү, жолу, бар экенин эске алуу керек.
САБЫРАЛЫ АБДУКАРИМОВ- Менин билишимче экөөңүздөр тең чамалаш элесиздер го.
АБДИЛААТ ДОРООВ- Атакул улуу.
САБЫРАЛЫ АБДУКАРИМОВ- Алтымыш таяп калдыңыздар да.
АТАКУЛ ЖАКЫПОВ- Кийинки жылы алтымышка чыгабыз.
САБЫРАЛЫ АБДУКАРИМОВ- 60 жылдыгыңыздарды белгилеп өткөрөрсүздөр. Не болгон күндө да Кыргыз элине төбөңүздөр көрүнгөн инсан эмессиздерби?
АТАКУЛ ЖАКЫПОВ- Кылсак деген тилек бар. Демилгечи топ түзүлүп, республикалык деңгээлде өтсө жакшы болмок бирок, ага ким жүгүрмөк эле. Жана өзүң айткандай, 60ты аркаласак деле эч бир сыйлыкка ээ болбой келебиз. Ушул күнгө чейин кайсы бир адам чыгып, ушуларга наам берели дебеди. Менден жаштар деле «Маданиятка эмгек сиңиргенди» алып жүрүшөт. Аларды көргөн сайын, «кардыма эмес, кадырыма ыйлайм» деп коем.
АБДИЛААТ ДОРООВ- Чынында кыргыз элинде ушундай бир жаман адат бар. Көзү барында көрө албай, көзү өткөндөн кийин «кокуй-күн» деп арман кылмай. Ушул адаттыбызды калтырсак, далай эле нерсеге жетмекпиз.

Аңгемелешүүнү жазып алган: Сабыралы АБДУКАРИМОВ, «Баткен таңы» газетасынын өз кабарчысы.

АЛ ЧЫГЫШТЫН, АЗИЯНЫН КЕҢ ТӨРҮ
Жол баян
Кыргыздардын бир “кайыптан” деген сөзү бар. Кээде анчалык деле көңүлгө алына бербеген сөз. Жумушта олтурсам башкы редакторубуз Адылбек Акматов телефон чалып калды. –Саке Ошко барып келбейсизби?-деп. Жок дей албадым. Ошко жөнөдүм. Бул баягы эле кесиптик жумуш да. Барып эле “Ош-Нуру” мейманканасынан жай алып коюп, анча-мынча иштеримди бүтүрүп алмакка шашылдым. Мейманканага баш багып, бөлмөнү алып жатып тиги кыздан:- Шеригим ким?- дедим. Ачкычты берип жаткан кыз мээримдүү жылмайып,- Дооров деген киши экен- деди. Ойлонбой эле –Абдилаат Дооровбу?-дептирмин. Кыз жылмайып –Ошол го-деп басып кетти.
Алтынчы кабатка энтиге чыгып эшикти түрттүм. Жабык экен. Шалдайа түштүм. Кайра төмөн түшүү керек. Ачкычты алып 620- бөлмөгө кайра келдим. Бөлмөнү ачып кирип алып ары-бери басып убакыт өткөрө баштадым.
Абдилаат Дооров менен бетме-бет бул экинчи ирет жолугушуум болот. Алгачкы ирет Кызыл-Кыя шаарында Курсан Пакыр Чандекинин алтымыш жылдык маарекесинде жолуккам. Ошондогу кыска жолугушуудагы анын ачык ойлору, сөздөрүнүн таамайлыгы, бетке чабарлыгы, терең мазмундагы философиялуу ырлары жаккан. Убакыттын тардыгы болбогондо, айла канча убакыт деген убакыт…
Эшик ачылып Абдилаат аке кирип келди. –Оо, Сабыке сенсиңби? Экөөбүз эски тааныштардай учураштык. Барар жерим, кылар ишим унутулуп экөөбүз тээ тереңде жаткан поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирдик. Абдилаат аке ыр окуп жатты:
Бир секунтда! Бир согуусу жүрөктүн,
ошол согуу бөлүкчөсү мүнөттүн.
Ачып көздү, каш-кирпигиң какканча,
өмүрүңдүн бир чымчымын түгөттүң…
…Ырлар окулуп жатты… Лейлектин-куш ысымдуу, куш сымбаты, Жаңгактынын жошосу, Жашыл-Көлдүн ирими, Козу-Баглан ак дайрасынын шары, жүзүм, өрүк, теректер, нур кереге, күн өргөө көз алдыга тартылып, Азиянын кең төрүнө айланды.
Лейлекти мынчалык деле мактоонун кереги жоктур. Ал мен көрө элек жер. А бирок, ошол жерден мен таанып, мен билген Курбаналы Сабыров, Атакул Жакыпов, Абдилаат Дооров өңдөңгөн нечен деген эл каймактары аны мактатууга, ырдоого, жазууга мажбурлап жатышпайбы. Бул өзүнчө сөз.
Кеп кезегин Кыргыз элине атын кашкасындай таанымал болгон, акын Курбаналы Сабыровдун сыйлыгы жөнүндө, анын түптөлүшү туурасында сөз кылууну туура көрдүк. Баяндын баарын Абдилаат аке кудум бүгүн көрүп, болуп жаткандай баяндап жатты.
КУРБАНАЛЫНЫН КУДИРЕТИ
Бул окуя 1970-жылдардын жайында болгон. Айылдашым деп Курбаналы Сабыров менен жазуучу Абдимитал Камаловду Ошко издеп келгем. Абдимитал Камалов жок экен. Курбаналы бизди тосуп алып, Лейлек топусу, Кулунду даамы жөнүндөгү ырларын окуду. Андан кийин Абибилла Пазылов окуп кирди. Мен ушул “Бир секунт” деген ырымды окуганда, кыйлага чейин сөз кылып, аны чыгарам деп алып калды. Бизди болсо үйүнө алып барып, жеңебиз Гүлчакан Садыкова экөө берерге ашын таппай кыскасы, бизди бир чоң адамдар келгендей сыйлап коноктогон. Ошентип ошол жылдардан баштап, биздин каттообуз башталды. Кийин 1981-жылдын январь айында дагы бир келсем, менин ырларымды Сооронбай Жусуевге окутуп, анын жакшы пикирде калганын билдирген. А түгүл баш сөз жазып берерин айтканын, айтып мени кубандырганы азыр да эсимде.
Тагдыр экен 1981-жылдын 6-июнунда капилеттен а дүйнө карай сапар тартып кете берди. Артында калган “Козу-Баглан”, “Нур булак”, “Өрүк зар”, “Орто жаш”, “Керез”, “Жүрөктөгү күн” аттуу китептери окурман журтунун колунда калды.
Курбаналынын кудирети анын ырын да гана эмес, адамгерчилигинде, дилинде, экендигин кийин түшүнүп жатпайбызбы. Бала сымал өтө ишенчээк, боорукер, айкөл, улуу-кичүүнү бирдей көргөн тегиз пейили бар эле.
АЛГАЧКЫ ОЙЛОР, АГА ДАЯРДЫК
1989-жылы гезитке ишке келдим. 1990-жылдары Искак Разаков жөнүндөгү макалаларды байма-бай жазып, аларым сандан-санга чыгып турган учуру болчу. Кыскасы, сөзүм өтүп, анча-мынча башкармаларга баш болуп калгам. Оюмдагы сырды эч кимге айта албай буулугуп жүргөм. Бир жылдан кийин Курбаналынын Сабыровдун 50 жылдыгы болуш керек деген кыял жан-дүйнөмдү кыйнап жүргөн.
1991-жылы райондун 40тан ашык атка минерлерин чогултуп, райондун деңгээлиндеги алгачкы жолу Курбаналы Сабыровдун наамы менен аталган “Лейлек поэзиясы” күндөрүн өткөрдүм. Аны уккан айрымдар буга ынанышпады. Курбаналыны буга татыксыз дегендер да чыкты. Колдошкондор да болду. Кыскасы алгачкы жол мына ошентип ачылды.
1992-жылы Жолон Мамытовго кирип К. Сабыровдун 50 жылдыгын өткөргөн жатабыз, аттуу-баштуу акын-жазуучулар барсын деп келе бердим. Жетекчилерге да айтпадым. Болбогондо өзүм тосормун дедим. Ал убакта ата-энем бар болчу, ошолорго ишендим. Айткан күн жакындап калганда, жетекчилер билип калып бир даары кагып-силкип да алышты. Өзүң чакырсаң өзүн тос дегендер да болду. Тобокел деп, Тажикстандын чегиндеги Гафуров станциясына жөнөдүк. Жөнөөр алдында СПТУга кирип, андан бир автобус алдык. Элдик контролдун төрагасы Дастан Бердиев кошо барып тосушту. Келген коноктордун арасында Сүйөркул Тургунбаев, Анатай Өмүрканов, Жолон өзү, жеңебиз Гүлчакан бар экен. Конокторду түз эле үйгө алып бардык. Колумдан келишинче коноктоп сый көрсөтүп, “Жоо пая” жайлоосуна чейин алып бардым. Мени менен бирге Колхоздун башкармасы Карим Ташполотов, “Алга” гезитинин редакторунун орун басары Акжол Бекназаровдор чогуу жүрүштү.
Ошентип алгачкы жолу Курбаналы Сабыровдун атын алган “Лейлек поэзиясы” күндөрүнүн түбү түптөлгөн. Жыйындын соңунда райондун элинин атынан кайрылуу жасалып, Кыргызстан жазуучулар Союзунун төрагасы Чыңгыз Айтматовго, катчысы Абдыганы Эркебаевге кат жолдогонбуз.
“Лейлек поэзия күндөрүнүн” ардактуу коноктору катары ошондо “Чалкан” журналында иштеген Гүлсүнай Маамаева, Маркабай Ааматов, Эгемберди Эрматов, Түмөнбай Байзаков, Сооронбай Жусупов мырза-айымдар чакырылган. Рай Кеңештин төрагасы Үрүстөм Анарбаев өзү кош колдоп уюштурууга жардам көрсөткөнүн айта кетүү абзел. Эл артисттери Саламат Садыкова, Роза Амановалар келишкен.
Курбаналынын уулу Абай үйлөнүп, күбөлүктү Үрүстөм Анарбаев тапшырып анда да бир кызык окуя болгон.
СЫЙЛЫК СЫЙМЫК
Ошентип бүгүнкү күндө эл оозуна алынып калган “Курбаналы Сабыров” атындагы адабий сыйлыктын алгачкы башталуусу оңой болгон эмес. Биринчи ирет берилгенде райондук деңгээлде берилип жүрдү. Сыйлыктын баасы да төмөн болчу. 5 миң сом. Кийин кийин гана анын баасы өсүп, кадыр-баркы аша баштады. Бүгүнкү күнгө чейин 14 адамга берилди. Соңку сыйлыкты белгилүү обончу-аткаруучу Бабравшанбек Тургунбаевге тапшырылган.
Кудай буйруса, быйылкы жылдын 17-апрелинде Лейлектин поэзия күндөрү жылдагыга караганда бир топ жогорку деңгээлде өтөт деген ишеним бар.
КАЙЫПТАН КЕЛГЕН ӨКҮМ
Балким, мен бул макаланы жазбай калмакмын. Кайыптан калгендей болгон кабар мени улуу акындын улуулугун даңазалоо үчүн эмес, анын тээ өткөн тарыхын жаздыруу үчүн мында алып келгендей сезим калтырды. Улуулар улуулугун кылып кете берет. Анын баскан изин, жасаган эмгегин муундан-муунга калтыруу биздин милдеттей туюлат.
Абдилаат Дооров ырын окуп жатты.
…Марал келбет көркүң Вена, Париждей,
Майин жумшак, мэлүүн аба деңиздей.
Мас шамалмын жүргөн жүдөп сени издей…
Лейлектин жогоруда аты аталган уулдары жөнүндө дагы сөз кыларбыз. Алар жөнүндө, алар жараткан улуу чыгармалар жөнүндө айтылар сөз алдыда. Бар бол, “Лейлек поэзиясы”.
Сабыралы АБДУКАРИМОВ, акын. Ош шаары.

Республиканын чар тарабынан келген журналисттер Ош, Жалал-Абад аймактарын кыдыруу учурунда. Кара-Суу районундагы “Туратали” базары.

Журналист, акын-жазуучу Сабыралы Абдукаримовдун 50 жылдыгына карата
АКЫН ДҮЙНӨСҮ
Кадимки жай турмушта арабызда жүргөн журналист, педагог, акын-жазуучу Сабыралы Абдукаримов, көпчүлүктүн көңүлүндө жөн гана бир инсан. Анын чыгармачылык жан дүйнөсүнө сарасеп салган, жашоо-тагдырына кызыккан адамдар аз чыгар. Анын сырткы келбетин бир көргөн инсан, жүзүндөгү жылмаюуну көрөт. Басык-туругу шайыр-шатман, сүйлөгөнү батыл экендиги сөзсүз көзгө урунат. Бул жашоонун керемети анын жашоосунда түбөлүк так салгандай сезим калтырат. Тилекке каршы акын өмүрү-чыгармачылыгы, адамдык бийик касиети мына ошонун артында калгандай.
Бир улуу акылмандын айткан сөзү бар: -«Адамдын жан дүйнөсү анын сырткы келбети менен өлчөнбөйт. Акылдуу инсандар канчалык жаркылдап күлсө, анын биз көрбөгөн жашоосунда ошончолук шору, кайгысы, тагдыры бар»-деген. Анын сыңарындай акындын юблейлик жылында, кашкайган чындыкты, өмүрүндөгү опол тоодой жасаган эмгегин, эл билип, биле элек жактарын аздыр-көптүр журтчулукка айтып коюуну адамдык да, анын жакын санаалашы катары да айтып да, жазып да калтырууну да туура көрдүм.
Сабыралы Абдукаримов – Кыргызстан Улуттук жазуучулар бирлигинин мүчөсү, Республикалык «Нур борбор» чыгармачыл жаштар бирикмесинин Баткен областтык бөлүмүнүн төрагасы, «Баткен таңы» областтык гезитинин аймактык кабарчысы, «Мезгил жарчысы» гезитинин башкы редактордун орун басары. Бул учурдагы жасап жаткан иштери. Бир караган адамга жөнөкөй көрүнгөн бул санак-кызматтар канча деген эмгекти талап кыларын ойлоп көрүңүздөр?
Чыгармачыл инсандын өмүр-таржымалы, тагдыры тээ өзү көз жарган жылдардан эле башталгандай сезилет. Бир жашка толо элек наристе, Ош областтык «Ленин жолу» газетасынын 1964-жылдын март айында жарык көргөн санындагы «Наристе сезимге урулган так» деген матиралга баш каарман болгондугунда. «Акындык тагдыр күтүү керек» -деген сөз, чыгармачылыкта айтыла калып жүргөн сөз. Мына ушул тагдыр Сабыралы Абдукаримовго таандыктай сезилет. Акын акын боло электе эле тагдыр күтүп, анын ачуу-таттуусун көрүп, жарыктыктын оомал-төкмөлүн башынан кечирип алгандай. Буга анын жазган чыгармалары күбө. Кайсыл гана чыгармасы болбосун өмүр, жашоо, эне тагдыр, ый, үмүт, жөнүндөгү кандайдыр бир өксүү байкалып турат. Бул акындын өзүнүн тээ алыскы мезгилге жашай ала турган өмүрү, өзүнө сиңире алган улуулуктун пайдубалы десем аша чапкандык болбос.
Буга дагы бир мисал. Акындын чыгармачылыгындагы жарык көргөн китептеринин аталышы да өзнчө бир сырдуулукту туюндуруп тургандай. Алгачкы китеби «Кош данек», андан кийинкилери «Мамактан тамган махабат», «Желедеги көз жаш», «Казан асманы», «Жүрөктөгү элесттер», «Ата Журтка таазим».
Алгачкы китебиндеги бир ырында акын:
Билип деле калдың турмуштун,
Катаалдыгын, кандай экенин.
Жалгызсың сен, өскөн дарактын,
Кыйбай жүргүн көрсөң жекесин-деген, энесинин сөзүн ырга айландырган. Ыр сабындагы кайрылуу чыныгы турмуш. Акын ата-энеден жалгыз. Энесинен эки жашка чыга элегинде ажырап, тайенесинин колунда өсөт, жетилет. Жаш кезиндеги жетимчилик, жалгыздык анын жүрөгүн тилип, жашоого болгон үмүттүн чыйралтат.
Тирүүлүктүн өктөмдүгүн көр, эми гана акын, колу бийиктикке жетерде, боорун көтөрүп улуу дүйнөгө кошуларда тайнесинен ажырап дагы бир жолу тагдырда сынат.
Апамды коюп жатып көрүстөнгө,
Үч ирет ыраазычылык
Алдым элден.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

16:25
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...