KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Дүбүрт жаңырыгы - 4

Биз жашаган айылдын Токтогулу, Ызаканды ырчы деп билер элек. Обон кошуп ырдаган Кимсанды угуп, “Ырчы болсок экен”-деп тилечи элек. (5-б.) Ыр саптарында Ызакан ырчыны көргөндө алдыбызда кудум улуу акын Токтогул колунда комузун чебер ойнотуп ырдап жаткандай туюлчу, Кимсандын мукам обондорун уккан кезде баарыбыз ошондой болууну тилек кылчуубуз дейт. Албетте, акын балалык чагына мүнөздүү болгон кыялданууларын, ошол убакыт ирмемдеринде аны терең таасирленткен делебе-сезимдерин суктануу менен сүрөттөөдө. Төмөндөгү саптарга саресеп салсак, “Ким болбойлу, каерде жүрбөйлү” ар кимдин кичи Мекени канчалык ыйыктыгы, аны ар дайым ой-санаасында аздектөөсү, тутуусу, жүрөгүндө сактап жүрүү парзы жөнүндө сабак өтүп жаткандай сезимдерге жетелейт. Туулган жер тууган элим аман бол, Тузуң ыйык кантип сени танайын. Канат байлап көккө башым жетсе да, Кан катканча сага кызмат кылайын. (5-б.) “Жашыра албайм”-темасындагы ыры: Ыйлайм ырас, кээде көңүл чөккөндө, Көз жашымды бирок, эч ким көрө элек, – деген саптар менен башталат. Адам эмеспизби, кээде, абдан көңүл чөккөн, жүрөк сыздаган учурлар болбой койбойт. Ошондой убактарда айылынан ыраакта жүргөндүктөн, айылы көңүлүнө кылт эте түшүп, бир саамга жашый түшкөндүгүн, мындай аянычтуу абалын бир гана Улуу Жараткан көрбөсө, пендеси көрө электигин, ушундай аракети менен өзүнүн акындык рух эркинин күчтүүлүгүн, майтарылгыстыгын сүрөттөп жатат. Акындын жан дүйнөсүнө керемет сезимдерди тартуулаган “Арчабаш жайлоосуна” (15-б.) арноо ыр саптарында: Кири жок көкүрөктө ою таза, Кымызын бышкан кыздар ашыгышат. Жайлоонун түнү укмуш керемет ээ, Жашоого жаштар түндөп машыгышат. Ай толгон жайдын кечтерин элестүү сүрөттөп, жайлоонун ажайып көркөм табияты адамдын оюн, дилин канчалык тазарткандыгын, кыргыз жайлоосун жан-денеге, ден соолукка жагымдуу кымызсыз элестетүү мүмкүн эместигин, жайлоонун сырдуу кечтеринде жаштар оюн-зоок курушуп, мукамдуу обон созо ырдашып, алдыдагы келечек жөнүндө өз ара сыр бөлүшүп, бири-бирине кыялдарын айтышып, болочок жашоо-турмуштарына даярдык көрүшөт деген үмүттүү ой-тилектерге жем таштоодо. Алгач караган кишиде “Сыр кутуча” өңдөнгөн сезимдерди пайда кылган “Сөздөн курап” деген темадагы саптарда: Акын алпы Алыкул бар, Жолон бар, Андан калса Турары бар, Мукан бар. Салам айтып бүгүн сапка кошулган, Сабыры бар, санай берсең дагы бар… Алп акындар баскан жолдон бут таят, Мен да алардай из салгым бар кыр менен. Сөздөн курап солкулдабас көпүрө, Сонун Аалам ачкым келет ыр менен. (19-б.) Жогорудагы акындар баскан жолдор муздай, күзгүдөй абдан жылмакай, андан бассаң “бутуң тайгылат”, б.а. алар өздөрүнүн өнөрү, курч калеми, толуп-ташыган кайталангыс таланттары менен поэзия дүйнөсүнүн бийик үлгүлөрүн жаратышты, алар багындырган бийиктиктерди багындыруу, албетте, абдан кыйын, татаал (б.а. алардын поэзиясына таазим этээрин жашырбайт), бирок, биздин оюбузча, акын да поэзия дүйнөсүнүн өзгөчөлүү Ааламын ачууну белсенген ак тилеги бардыгын баамдоого жана бул жаатта өзүнүн ага табият ыроологон шык-талантына ишенгендиги байкалат. Ата-Журттун ар түрдүү кырларын түркүн көркөм боектор менен ачып көрсөтүүгө далалаттанып: О, Ата-Журт, шек санаба сен менден, Алыс жерде атайм күндө атыңды. Бир жыл эмес, Бүт өмүрүм кетсе да, Унутпасмын, Көкүрөктө салтыңды. Сен дегенде, Санаам санга бөлүнүп, Кай жердемин, Өтөй берем антымды. (21-б.) О, Ата-Журт, кай жерде жүрбөйүн сага берген антымды бир минутага да унута элекмин, б.а. сени жүрөгүмдүн түпкүрүндө дайыма аздектеп, аяр сактап келем, сени эстейм, ойлойм, санааркайм, бул менин бүт өмүргө берген антым деген маанини туюнтуп жатат. Жогорудагы ойлорду төмөндөгү ыр айкаштары да: Сени эстесем “тыз”-дей түшөт жүрөгүм, Демек сени күндө эстеп жүрөмүн. Ата-Журтум, асыл жерим ыйыгым, Кокус өлсөм сакчысы бол мүрзөмдүн, деп, коштоп толуктоодо жана мен кайсыл жерде көзүм өтөөрүн, кай көрүстөнгө сөөгүм коюларын билбейм, бирок, ыйык Ата-Журтум да мендей уулун унуткарып койбос дегендей үмүттүү изги тилегин айтып жаткансыйт. Кезектеги ыр саптарында акын Ата-Журттун чектерин, мейкиндигин, маани-мазмунун кеңейтүүгө далалаттанып, Ата-Журттун ар бир заты-мөлтүр булагы, ай кашка суусу, көк асман тиреген тоолору, бүркүт шаңшыган зоокалары, ар дайым жашылданган келбетинен тайбаган ыйык арчалары, кулакка өзгөчө ыргактуу угулган көк тиреген шуулдаган теректери, ай күмүштүү канат сымал булуттары да сезимтал жанга Ата-Журттун канчалык ыйыктыгын, эч нерсеге теңегис баалулугун, барктуулугун ар бирибизди аңдап-түшүнүүгө үндөп тургансыйт: Ата-Журтум сени кантип унутам, Сагынганда салам айтам булуттан. (22-б.) Андан ары кеп нугун кичи Мекени тарапка буруп, анын аялуу жүрөгүн “тызылдатып” кыйнаган нерсе, ата-энеден, тууган-урук, достордон алыс жүргөндүгү болгондугун, бул, бир жагы, туруш деген көп кырдуу түшүнүк болгондуктан, айрым учурда жалгызсырай түшкөндөй боштуктан улам санаркоого салса, өксүтсө, экинчи жактан жашоо-турмушта зирек, чыйрак болууга өбөлгөлөгөндүгүн белгилейт: Эсимдесиң, эстейм сени Ата-Журт, Эрте-кечпи барып салам түнөктү. Ата-энеден, тууган-урук, достордон, Алыс өстүм кыйнайт ошол жүрөктү. (23-б.) Ошентип, Сабыралы Абдукаримовдун ыр саптарына үңүлгөн сайын “Ата-Журт” темасы көп кырдуу терең түшүнүк экендигин, “Айыл кадырын алыста жүрсөң билесиң” деген сөз тегин жерден айтылбаганын, ал үчүн тээ балалыктын аруу дүйнөсүнө камырдай жуурулушкан көркөм боектуу элестерди көз алдыңа тартылууга жөндөмдүү сезимтал жан болуу керектигин, Ата-Журтка таазим этүүнүн маанисине жетүү, бул, ар бирибиздин Адамдык жүзүбүздү, нарк-насилибизди аныктаган түшүнүк болорлугун дааңалап айырмалообуз парз. Ата-Журттун кандайлыгын “Мекендештер” теледолбоорун көрүп олтуруп, кара жан багуунун, кысталаң турмуштун айынан алыста жүргөн мекендештердин көз жаш ыйын көргөндө баалаган, жүрөктү солк эттирген жайыбыз бар. Сабыралы Абдукаримов поэзия дүйнөсүнүн алптарынын бири Алыкулдун “Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт” деген саптарынын мазмунун андан ары улап, тереңдетип, чечмелеп, бүгүнкү күндүн жаңырыгындай кайталагансыйт. Албетте, акындын поэзия китебинде камтылган тематикалык жанр ар түрдүү. Перзенттерине багышталган арзуу саптар, сүйүү, махабат, атасына жолдонгон терме ыры, арман, жан дүйнөсү назик, сезимтал киши катары жашоо-турмуштун, айлана-чөйрөнүн ар түркүн өңүттөрүн, көрүнүштөрүн ыр шурулары ыргагында баяндоо ж.б. Акындын поэзия Ааламына салган өзгөчөлүү чыйырынын ак жолтой болуусун тилек кылабыз. Саламым менен: Мисирали КОЛДОШЕВ, Ош мамлекеттик Университетинин окутуучусу. Ош шаары. (Макала “Мезгил жарчысы” газетасынын 2013-жылдын 17-январындагы №2 (0107) санында жарыяланган.) Сабыралы Абдукаримов жетектеген Республикалык «Нур борбор» чыгармачыл жаштар бирикмесинин Баткен облусттук бөлүмүнүн мүчөлөрүнүн бир тобу. Маек АЛДЫДА БАСАР ЖОЛ УЗАК Сабыралы Абдукаримов кыргыз журтчулугуна журналист, акын-жазуучу, педагог, коомдук ишмер катары таанылып келе жаткан инсандардын бири. Анын жакында эле “Жүрөктөгү элестер” аттуу прозалык жыйнагы жарык көрүп, анын артынан эле ал жетектеген Республикалык “Нур борбор” чыгармачылык жаштар бирикмесинин Баткен областык бөлүмү тарабынан, жыл сайын чыгуучу “Нур булак” аттуу альманахтын туңгуч саны, жаш акын Шамшидин кызы Жазгүлдүн “Таңкы шүүдүрүм”, белгилүү илимпоз, акын Курсан Пахыр Чандекинин “Таберик” аттуу китептери аты аталган акындын баш сөзү менен жарык көрүп олтурат. Акындын буга чейин “Кош данек”, “Мамактан тамган махабат”, “Казан асманы” ыр жыйнактары, “Желедеги көз жаш” аттуу прозалык жыйнагы жарык көргөн. Ал эми “Канатсыз карлыгачтар” пьесасы Араван районундагы № 65- КЛнин алдындагы “Үмүт” театрында коюлган. Жакында биз акын менен кездешип, көптөгөн атуулдарыбызды кызыктырган суроолор менен кайрылган элек, ошол маекти сиздерге сунуш кылууну туура көрдүк. -Сабыралы Таштемирович, алгач учурдагы адабияттын абалы жөнүндө өз оюңузду билдирсеңиз? -Жашырганда болбос “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере” дегендей, жалпы эле кыргыз адабиятында учурда көзгө көрүнөрлүк чыгармалар жаралбай жаткандай. Көзгө “жарк” этип түшө калган чыгарма жок эсе. Кезегинде Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов сыяктуу дөө-шаалардын артынан келген өзүнчө бир улуу муун бар эле. Алардын атаандашуусу кийинки муунду алып келди. Алар Кубатбек Жусубалиев, Султан Раев, Алик Акималиев өңдөнгөн акын-жазуучулар болчу. Ошол кийинки келген муун, жаңы муунду тарта албай, чоор аттай ташыркаганы байкалат. Себеби, акыркы жылдарда аты кыргыз журттун аралаган жаш акын-жазуучулардын тобу көзгө түшпөй, түшсө да эл сынына алып чыккан сынчыларыбыз агын-актай, көгүн-көктөй ажыратып бере албай баш айланган туңгуюкка капталып калдык. Туура, азыр басмаканалардан чыккан китептердин саны арбын, жакшы-жаманына карабай басмаканалар акча үчүн чыгарып жатышат. Бирок, анын сапатына маани-маңызына баш-көз болгон уюм же бирикме жок. Ушул баш аламандыкты жөнгө салган “Кыргыз патент” бир аз ишти колго алып, көркөм Кеңешти ( мурдагы Кыргызстан жазуучулар союзу аткарчу) түзүп, чыга турган китептерди редакциялап, талкуулап анан басууга уруксат беришкенде кыйла оң жолго түшөр беле дейм. -Өзүңүз жетектеген Республикалык “Нур борбор” чыгармачылык жаштар бирикмесинин Баткен областык бөлүмү кандай иштерди аткарып жатат? -Бирикме окурман менен жазуучунун ортосундагы көпүрө. Мындай десем балким тар чөйрөнү түшүндүрүп калар. Негизинен эл ичиндеги элге көрүнүп-таанылбай жүргөн жаш калемгерлерди, дастан-манасчылар, кол өнөрчүлөрдү, сүрөтчүлөрдү, обончулардын өнөрүн журтка таанытуу, кеңеш берүү, даяр болгон чыгармаларды талкуулап окурмандарга жеткирүү милдетин аркалайт. Быйылкы жылы төрт китепти жарыкка чыгардык. Анан дагы жыл сайын чыгуучу жаштардын “Нур булак” альманахынын туңгуч санын элге жеткирдик. Бул жөрөлгө саамалык катары ишке ашты. Эми анын жашап кетүүсү, элдин колундагы иш. Биздин катарыбызда бүгүнкү күндө 50дөн ашык жаш акын-жазуучулар менен калеми кадимкидей такшалып калган калемгерлер бар бар. Алардын айрымдарын атай кетсем, Каныбек Эсенов, Сражидин Бурканов Айдаркенден, Тажигүл Аязова, Уулбү Кабылова, Калдаркан Исаева Кызыл-Кыядан, Жаркынай Дадаева Кадамжайдан. Кесиптери түрдүү болгон менен ой-пикирлери бир. Негизинен Айдаркен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Ноокат жергесинен. Жакында Лейлек, Баткен жергесинен да биздин катарга кошулууну эңсеген атуулдардан телефон чалуулар болууда. Ал жерлерге да өзүбүздүн филалдарыбызды ачсакпы деген оюбуз бар. Кудай буйруса, октябрь айында белгилүү акын, тилчи-филолог Курсан Пахыр Чандекинин 60 жылдык юбилейин “Ыр майрам” деген ат менен өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. -Сөз төркүнүн өзүңүздүн чыгармачылыгыңызга бурсак. “Жүрөктөгү элестердин” артынан окурман журтуна кандай жаңы чыгарма берейин деп турасыз? – Ушул жылдын соңуна чейин “Желедеги көз жаш” китебинин оңдолуп, толукталган экинчи басылышын, анын экинчи китеби болгон “Закым” китебин чыгаруу алдындабыз. Кудай буйруса, “Өмүр сереси” аттуу жыйнак да даяр болуп калды. -Чыгармачылыктагы сиздин ийгилигиңиздин башатында кимдер болгон, алардын таасири жөнүндө ой бөлүшсөңүз? -Мектеп жашында мени окуткан агай-эжейлерим. Кийинчерээк Убайдакан Кайдулатова, Абдымомун Калбаев, Азада Бегимкулова, Омор Султанов, Акыл Уйлубаева өңдөнгөн устаттарыма таазим кылам. Алар менин чыгармачылыгымдагы ийгилик-кемчилдиктеримди жан дилдеринен өткөрүп ар качан өз милдеттерин өтөп келет. Эгер мен кандайдыр бир ийгилик жараткан болсом, анда ал устаттарымдын ийгилиги деп түшүнгөнүңөр туура го. -Мен билгенден “Аялды аңдыган караан” деген чыгармаңыз (“Мезгил жарчысы”, “Юг Кабар”, “Белес”) гезиттеринде сандан-санга чыгып, окурман журтун бүйүрүн кызыткан эле, эмнегедир кийин токтоп калды. Анын тагдырына кызыккандар көп, жакын арада китеп болуп чыкпайбы? -Чыгарма толук жазылып бүткөн. Китеп кылып чыгаруу ойдо бар бирок, каржы маселеси бир аз кыйнап турат. Демөөрчүлөр чыгып калса, жакынкы аралыкта окурман журту окуп калышаар. -Демөөрчү демекчи, азыр чыгып жаткан китептериңиздин демөөрчүлөрү кимдер, жашыруун болбосо айтып өтпөйсүзбү? -“Казан асманы” китебимдин демөөрчүсү Караван айылынын жашоочусу, белгилүү спортсмен Турсуналы Осмонов болгон. Ал эми басмаканада басылып жаткан “Өмүр сереси” китебимдин демөөрчүлөрү Кызыл-Кыя шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыков менен депутат Толубай Исаевдер. “Закым” китебине демөөрчү болом деген Айбек Артыкбаев, КРнын Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Эл колуна эми эле тийген “Жүрөктөгү элестерди” уулум Улан Сабыралиевдин демөөрчүлүгү астында жарыкка чыгардым. -Обонду ырларыңызды да угуп калып жүрөбүз, обончулар менен да иштешесизби? -Атайын барып, иштешкен обончуларым деле жок. Бирок, обон жазып эфирден кеткенде гана билип калганым бар. Өзгөндүк обончу Бакирбай Мейманов, Таш-Көмүрлүк Туратбек Өмүрканов, Алайлык Аман Туратбеков, Кызыл-Кыялык Ибадат Төлөшова, Айдаркендик Аслан Кожояров мырза-айымдарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Аты аталган мырза-айымдардын обондору ырларыма көрк берип эл арасында ырдалып жүргөнү кубандырат. -Шакирттериңиз жөнүндө айта кетсеңиз? -Келечектен үмүттөндүргөн шакиртерим көп эле, алардын айрымдарын гана атай кетейин. Туңгуч жыйнагын чыгарган Шамшидин кызы Жазгүл, Садридин кызы Ноорузгүл, Жаркынай Дадаева жана башкалар. Кудай буйруса, алдыда басар жол узак. Дагын далай акын-жазуучулар чыгат деген ойдомун. -Сизге да ийгилик тилейбиз. Кыргыз эли күткөн залкар чыгармаларды жазып, окурман журттун кубандыра бериң. -Рахмат. Маектешкен: Абдуназар ЖОРОБЕКОВ, Кыргызстан журналисттер кошунунун мүчөсү, журналист. “Мезгил жарчысы” гезитинин башкы редактору.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

16:25
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...