KALEMGER.COM - авторлорго өз чыгармаларын эркин жарыялоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз адабий порталы. 

Портал 2012-жылдан бери иштеп келе жатат, бул заманбап авторлордун эң ири чыгармалар жыйнагы.

Жарыяланган чыгармаларга болгон бардык укуктар авторлорго таандык.

Чыгармаларыңызды сайтка жарыялоо же ой-пикир калтыруу үчүн сайтка өз логиниңиз менен кириңиз же катталыңыз!

Дүбүрт жаңырыгы - 3

-деп айтуу менен, акын энесинин өлбөс тоолор арасында экендигин айтат.
Дагы:
Адашып калган ак куу болсом дагы,
Ант кылам узартууга өмүрүңдү -десе,
Андан ары:
Көз кысып көктөн мээрим төгүшөт эх,
Көзү өтпөгөн апамдын жылдыздары-дейт.
Акын сүйүүгө айкөл, аны ар дайым таза, аруу болуусун тилейт. Башкаларга окшоп бир кез келген сүйүүгө ыза, куса болбой, өз бактысын таап алган алгачкы сүйүүсүнө бакыт тилөө менен:
Ардагым деп асырап жүр бейтааныш,
Арман кылбай чүрөгүмдү күтүп ал.
Сени менен бирге турмуш курса да,
Менде калган махабаттын билип кал-деп,
айкөлдүк менен, кең пейилдүүлүк менен өз оюн-пикирин айтат. Акындын сыпаалыгы, кеңдиги айтпаса деле билинип турбайбы! Бул улуу касиет болуу керек.
Китепти сынчы болбогондон кийин, сындоо мен үчүн кыйын бирок, устатымдын айрым мыкты саптарын чын дилимден ыраазы болуу менен окуп чыктым. Кем болбоң, сизге ийгилик тилейм, агай.
Мурзали НАЗАРБАЕВ, талапкер акын. Кара-Козу айылы.
Макала Кызыл-Кыя шаарындагы “Мезгил жарчысы” газетасында 1998-жылы жарык көргөн.
ТАЛАНТКА ЖОЛ КЕРЕК
Чыныгы ыр-жер алдынан сызылып чыккан мөлтүр булак сыңары. Ал акындык турпаттын тамыр-тамырларынан сызылып чыккан асылдык, көз жоосун алган тунуктук. Анын бул касыети тажырыйбага да, чебердикке да моюн сунбаган өзгөчө бир кудирет менен өзүнө жол таап жарыкчылыкка келет. Мындай ырлар жасалма эмес, өңү-түсү, жыт-жышаанасы, бүт турпаты менен жер бетине көрк берип туруш үчүн топурактан өнүп чыккан тамырлуу гүл сыяктуу. Аны кайсы жагынан карабагын көзгө көркөм, көңүлгө төп, табигый жышаанасы менен өзгөчөлөнүп турат.
Биз сөз кылмакчы болгон акын Сабыралы Абдукаримовдун жараткан ырлары мына ушундай касиеттери менен дилге жакын. Алар акындык дилгир сезим, тунук туйгулардын нугунда курчап турган дүйнө менен ыргакташ, сырдаш, адамдык тагдыр менен акындык тагдыр эриш-аркак келип нукуралуулук, табыгыйлуулук боегу ылайык көркөмү менен орун табат.
Сабырым түгөп сабына катып ырымдын,
Сен үчүн ыйык сезимдин чөгөм түбүнө.
Сагынып дагы саргайып дагы күтөмүн,
Саламың айтып эшиктен өзүң киргиче.

Өкүнүп, өксүп өмүрдүн өтөр табында,
Өкчөлүп келип кайрадан бердиң жашоону.
Кеч болсо деле кейибейм тагдыр бир болсо,
Ким эле бакыт тааптыр дейсиң жашында.
Ар бир пенде үчүн эң оболу өз өмүрү, жашоосу маанилүү, анын тирүүлүгү эң незги нерсе. Тирүүлүккө тагдыр, насип буйрулуп, жашоонун оош-кыйыштуу жактары жарала берет. Мунун өзү өмүрдөгү пендечилик көйгөйлөрдүн түмөн түйшүктөрдүн оңдуу-солдуу, ийгилик-кемчиликтүү шар-шарасы менен коштолгон дүйнөсүндө адам нечен ысып, нечен сууп өмүр кечирерин шарттайт. Жогорудагы мисалга алынган ыр саптарында өмүрдүн оош-кыйыштуу татаал мүнөзүнө болгон мамиле ичкерттен ыргактанып, лирикалык каармандын өз тагдырына туш келген татаал кырдалдар аркылуу, таасирдүү чагылдырылып жатат.
Жашоодо туш болгон түркүн тагдырлар, кырдаал-абалдар, жаратылыш менен жашоонун гармониялык мүнөзү акындын айтып бүткүс дастаны, көп кырдуу тематикасы. Бул анын чыгармачылыгындагы теманы издебей, тема аны издеп келе турган мүнөздү шарттап турат.
Туулуп-өскөн жери жөнүндө жазбаган акын жок. Ар бир акын өз даремети менен анын кооздугун, өзгөчөлүгүн кайталангыс касыетин даңазалоого далалат кылат. Бул багытта Сабыралынын туулуп-өскөн жери, ата журт мекени жөнүндөгү ырлары анын чыгармачылыгынын тематикалык негизин түзөт десек жаңылышпайбыз. Муну акындын алгач жарык көргөн «Кош данек» (1991-жыл.), «Мамактан тамган махабат» (2002-жыл.), «Казан асманы» (2011-жыл.), «Ата журтка таазим» ( 2013-жыл), «Өмүр сереси»( 2013-жыл) ыр жыйнактарындагы чыгармаларынан көрөбүз.
Акын кайсы теманы багыттабасын анда ата журт касыетинен бир сүртүм сүйгүлүк элес сүртүлүп өткөнүн байкабай кое албайбыз. Айрыкча «Ата журтка таазим» ырлар жыйнагындагы бул тема өзүнчө камертон сыяктуу. Андагы ырлар ар тараптуу ачылган татаал сюжетүү, көркөм образдуу дастан даражасын элестетет. Анда туулуп-өскөн жердин бүт турпаты-ай ааламы, адамдары, күнү, үнү, турмушу, жан-жаныбар, тоо, токой, суулары бүт-бүт гүлдөрү, чөптөрүнө чейин күүгө салынат. Алардын бардыгы биригип келип, акындык-адамдык сезимге ширелишкен сүйүү, урмат даражасын жаратат.
Акындын ырларындагы ата журт темасынын гегемон болуп турушунун өзгөчө-себебин андагы ырлардын өзү айтып турат. «Акынга чыгармачылык тагдыр керек» деп айтылгандай, Сабыралы Абдукаримовдун тагдыры ата журтун өзгөчө сүйүүгө туштуктурган тагдыр деп айтсак болчудай. Ата-эне мээримин тең көрбөгөн балалык курак, ата-журттан азып тага журтта, бөлөк-бөтөн жерлерде чоңоюу, киндик кан тамган, балалык жыты сиңген журтун сагынуу, окуп билимдүү, кесиптүү болгон чактарда да журттуна там-таш салып, түтүн булатууга мүмкүнчүлүк таба албай, ар жакта жүрүп ата журтун, андагы балалык издерин көрүүгө болгон сагыныч, арзуу абалдарынын дайыма күчөп келиши-акындын көөдөн жарып чыккан ырларынын жаралышына себепкер болуп келген деп айта алабыз.

«Алыс өстүм, айылдаштар, достордон,
Бири эмесмин бирок, качкан бозгондон.
Кайсы күнү бүтөт тагдыр өмүрүм,
Өкүнбөсмүн өлөрүмдө коштошсом.»

«Көптөн бери көрө элекмин айылымдын,
Көктөмдөгү эрте-кечин абайлап.
Селт-дей түшөм анда-санда барганда,
Ити үрүп жолду тоссо карайлап.»
Дагы бир ырында:
«Бүлүк салып бүт дүйнөмдү аңтарып,
Бүгүнкүдөй аппак таңды көрбөгөм.
Бүйүр кызып Ата журтка сагынган,
Жүрөгүмө түшүп кетти дүрбөлөң.

Себеленип сезимдеги ойлорум,
Сага карай жетелешет болуп жар.
Ойго түшүп ойнок курак, бала чак,
Түркү болот жүрөгүмө «бүгүн бар.»
Бул ырлар «Ата журтка таазим» ырлар жыйнагынан алынган айрым саптар. Жогоруда айтып келе жатканыбыздай жыйнактагы негизги тема ата журт, буларда көтөрүңкү пафос, курч маани олуттуу формалык табылгалар болбосо да бүгүнкү заман, турмуш шарындагы адамдык тагдыр лирикалык каармандын ичкерттен толгон жүрөк күүсү менен эриш-аркак табыгый ыргактанган чыныгы поэтикалык маанай бар. Автордун ата журтуна болгон арзуу-авазын, сүйүүсүн ошону менен бирге түбөлүк таазимин бул жыйнактагы ырлары аркылуу ачык-так, билдире алган.
Сабыралы Абдукаримовдун «Кош данек», «Мамактан тамган махабат», «Казан асманы», «Ата журтка таазим», «Өмүр сереси» аттуу ыр китептери эл аралап окурмандарын тапты, аны акын катары таанытып, саргара жорткон мээнетинин акыбетин кайтарды жана да ыр ааламына болгон ышкысын дагын да арттырды десек анын жаратмандын сапарына карай калыс ой айткан болобуз. Сабыралынын ырлары шымалана билек түрүп, күнүнкү ишин күнүн бүтүрүп, өз ишине баш-оту менен астейдил киришкен зергерди элестетет, ошону менен кошо жел менен суунун ырын тыңшап, чөптүн ташка айткан сырын уккан дилгир, зирек акын экендигинен кабар берет.
Акындын чыгармачылык ийгиликтери менен кошо мүчүлүштөрү да бар экендигин айта кетүү кажет. Акын ар бир сөзгө ой уютуп, ар бир лирикалык боегуна маани берсе жакшы болмок. Ойго терей, сөзгө сараң болууга аракеттенсе ырлары мындан да мыкты болор беле деген ой келет. Кээ бир ырларында ыгы жок салыштыруулардын орун алышы өкүнүштү.
Алибетте, бул айткандарыбыз жалпылама, үстүртүрөөк айтылган сын катары. Буларда тексттик, стилдик жана адабий көркөм өңүттө анализге алчу болсок, акындын чыгармачылык өнөрканасында ийине жетпеген, кайрадан карап чыгууга муктаждык жактардын анча экендигине күбө болушубуз турган кеп.
Окурман катары ыр жазып, ыр түйшүгүн тартып жүргөн адам, ошол эле учурда адабиятчы катары мен Сабыралы Абдукаримовду өсүп келе жаткан таланттуу акын катары баалайм. Анын чыгармачылык табиятынан мен байкаган нерсе-артыкча эмоционалдык, шашмалык, чыгармачылыкта али өзүнүн терең нугуна түшө электик. Бул анын талант агымына жол издеп, бирде прозага, бирде драма жаратууга далалат жасаганынан байкалат.
Алибетте, бул акын-жазуучулардын чыгармачыл тарыхында боло келген көрүнүш бирок, башат барып нукка түшөөрүн эсепке алганыбызда тереңдик нугу менен бараандуу болорун эч ким тана албайт.
…Талантка жол керек анын туңгуюкту жарып өтүп бийиктерге канат сермеши үчүн аны курчутуп туруу зарыл. Бул тынбай үйрөнүү, күүлөнүү керек демектир.
Мен Сабыралыга өмүрүн ырга арнаган өжөр, өктөм пейил каалайм.
Курсан ПАХЫР ЧАНДЕКИ, БатМУ, КГПИнин профессору.
Кызыл-Кыя шаары. 2013-жыл.
(Макала «Баткен таңы» областтык газетасынын 2013-жылдагы 20.04. №17 санында, «Белес» эркин гезитинин 2013-жылдагы № 4- (00-55) 30-апрелиндеги санында жарык көргөн.)

Акын учурда эмгектенип жаткан областтык «Баткен таңы» гезитинин эмгек жамаатты менен.

”АТА ЖУРТКА ТААЗИМ” ЖЕ АК ДИЛДЕН ТӨГҮЛГӨН ЫР ЧАЧЫЛА
Акын Сабыралы Абдукаримовдун “Ата-Журтка таазим” деген аталыштагы китебин (Ата-Журтка таазим.-Ош, 2013.) колума алаарым менен кандайдыр табышмактуу күч жетелегенсип, китепти барактоого ашыкканым ырас. Шашканым да жөндүү болуптур, анткени, Ата-Журттун ыйыктыгын, баалуулугун жеткилең сезип-туябызбы, анын кадыр-баркына жетүү жөнүндө ойлойбузбу, түйшөлөбүзбү, Ата-Журттун ак башаттары көңүл көөдөнүбүздө канчалык даражада орун алган, анын жүгүн көтөрүү оңойбу ж.у.с. суроолорго жооп издөөбүз максатка ылайыктуудур. Анда эмесе, акындын ырдан кынап салган чыйыр жолун бойлой урматтуу окурман менен кошо кадамдап көрөлү.
Сабыралы Абдукаримовдун поэзиясы “ Ата-Журт ажары” деген тема менен башталып:
Көптөн бери көрө элекмин айылымдын,
Көктөмдөгү эрте-кечин абайлап.
“Селт”-дей түшөм анда-санда барганда,
Ити үрүп жолду тоссо карайлап. (3-б.)
Узак мезгилден бери айылын көрө электигинен, айылын сагынуу, кусалануу сезимдерин, өзгөчө жаз көктөмдө жайма-жай кыдыруу, арзуу-тилектерин, санаркоолорун саймедирей айтып жаткандай туюлат жана иттин үрүүсү аркылуу акын өзүнүн ички сыр катып жүргөн оюн, биздин оюбузча, абдан таамай туюндура алган, б.а. мен өздүк эмей, бөтөн, бегана сымал өңдөнүп калдымбы дегендей…
Акындын эңсөө, элес, кыял сезимдерин дүрбөлөңгө салган, аны өзгөчө таасирленткен көрүнүштөр, бул, анын балалык чагына мүнөздүү нерселер болуп эсептелет. Анткени ал айылын эстеген сайын балалыктын ыйык сезимдерине кайрылат. Жашара түшкөндөй болот. Айылындагы журтташтарынын эсен-амандыгын ар качан тилеп, төмөндөгү ыр саптарын арнайт:
Сендеги жаштык бала чак,
Сезимде жашайт балалап.
Бел-Өрүк, Сарай, Карис-Көл,
Тешик-Таш журтка аманат. (3-б.)
Ата-Журтка арноо саптарын андан ары улай:
Бүлүк салып бүт дүйнөмдү аңтарып,
Бүгүнкүдөй аппак таңды көрбөгөм.
Бүйүр кызып Ата-Журтту сагынган,
Жүрөгүмө түшүп кетти дүрбөлөң. (4-б.)
Бул саптардын мазмунуна акыл калчай келсек, бүгүн эрте таңда Ата-Журтка, б.а. айылга болгон кусалануудан улам болуу керек, жүрөгүм демейдегиден бөлөкчө алда-кандай согуп, дүрбөлөңгө түшкөндөй сезимдерге кабылып, аппакай таң да сезимдерге жылуулук илебин “себелеп”, таң супарасы көзгө сүйкүм көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп, жан дүйнөм жаңылана түштү деген ойго жетелөөдө.
“Айыл ажары” деген темада орун алган ыр саптарына көңүл бурсак:
Жусупай, Кундузалы, Кызайымдар,
Биз окуган мектептин Дүйшөндөрү. (4-б.)
Окуткан мугалимдеринин атын атап, аларды эстегендеги толкундануу, ошол мезгилде жан дүйнөсүн, жүрөгүн терең таасирленткен агай-эжейлерине болгон көөдөнүнө жык толгон сезимдерин Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалими-Дүйшөндүн” билим майданындагы эрдиги менен салыштырууда, тете кароодо, теңөөдө, баалоодо.
Андан ары айыл ажарын ачуу багытын тереңдетип, айылдын шыктуу, талантуу инсандарын айыл ажарын ачкан каармандар катары сүрөттөп, Жумабай кыякчынын жумшак мүнөзүн, кыягын тартып жаткандагы күүгө, музыкага канчалык маашырлана берилгендигин “Жумган көзүн ачпастан” деп, бир жагынан, абдан элестүү чагылдырса, экинчиден, каймана түрдө кыякчынын мүнөзүнүн кандайлыгын берүүгө жетишкен десе болот.
Жумшак пейил кыякчы Жумабай чал,
Жумган көзүн ачпастан тартчу кыяк. (4-б.)
Ал эми төмөндөгү саптарда акындын балалыгы калган айылдаштарынын ошо кездеги кечиришкен жашоо-турмушу көз алдыңа сыдыргыдай тартыла түшөт. Киносу да, дүкөндөрү да анда-санда эле келчү, б.а. алар келгенде “кубанычыбыз көккө жетип”, түшүбүздө көргөндөй болчуубуз деген өңүттөгү ойду берип жатат.
Айыл алыс жок эле догдур деген,
Кино кайдан, дүкөндөр болгон көчмөн.
Түнт токойдон дүмүр казып, жаңгак кагып,
Кутман элим бейпилдикте күнүн көргөн. (4-б.)

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

16:24
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...